Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-августу № 458
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү тескөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жободо:
6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- аукционго катышууга өтүнмө жок болгондугунун натыйжасында аукциондун жыйынтыгы болгон жок деп таанылган учурда менчиктештирүү объектисинин адегенде бекитилген старттык баасын ошол суммадан 25 пайызынын ашпаган суммага азайтуу жөнүндө чечим кабыл алуу.";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Аукционго төмөнкүлөр коюлат:
- чарбалык коомдордун акциялары (уставдык капиталындагы үлүштөр);
- мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында мүлктүк комплекс катары түзүлгөн мамлекеттик ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрүнүн ишке жарамдуу комплекси;
- тармактык мыйзамдар менен менчиктештирүүгө тыюу салуу белгиленбеген башка мамлекеттик мүлк.";
"- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- аукционго катышууга өтүнмө жок болгондугунун натыйжасында аукциондун жыйынтыгы болгон жок деп сатуучу тарабынан таанылган учурда менчиктештирүү объектисинин адегенде бекитилген старттык баасын ошол суммадан 25 пайыздан ашпаган суммага азайтуу жөнүндө Сатуучуга сунуш киргизүүгө укуктуу.";
- 29-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-1 жана 29-2-пункттар менен толукталсын:
"29-1. Аукцион төмөнкү учурларда болгон жок деп таанылат:
- аукционго катышууга өтүнмөлөр берилбесе;
- талапкерлердин бирөө да аукционго катышууга киргизилбесе;
- аукционго катышууга бир талапкерге гана уруксат берилсе;
- аукционго киргизилген талапкерлердин бири да ага катышпаса;
- аукционго катышуу үчүн бир эле талапкер катталса.
Аукционду болгон жок деп таануу жөнүндө комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана Сатуучу тарабынан бекитилет.
29-2. Аукционго катышууга өтүнмөлөр жок болгондугунун натыйжасында аукцион болбой калды деп таанылган учурда менчиктештирүү объектисинин адегенде бекитилген старттык баасы ошол суммадан 25 пайыздан ашпаган суммага азайтылышы мүмкүн.
Менчиктештирүү объектисинин адегенде бекитилген старттык баасын бир гана жолу азайтууга уруксат берилет.
Азайтылган старттык баа менен жаңы аукцион комиссия тарабынан менчиктештирүү объектисинин алгачкы баалоочу наркы жана баасы жөнүндө корутунду түзүлгөн күндөн тартып 12 айдан кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин менчиктештирүү объектисинин баалоочу наркы актуалдаштырылууга тийиш же менчиктештирүү объекти кайрадан бааланышы керек болот.";
- 6-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |