Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-августу № 459
Бишкек шаары, Абдумомунов көч., 220 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имаратты Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик мекемеси менен бирдикте Бишкек шаары, Абдумомунов көч., 220 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имаратты Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн имаратты кабыл алып, өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 214 "Административдик имаратты мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Борбордук Азиядагы Америка университетин жайгаштыруу үчүн альтернативдүү имаратты издеп тапсын жана белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
4. Бишкек шаарынын мэриясына өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |