Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 483 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун атайын эсеби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун (мындан ары - СМБ) атайын эсебинин каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин аныктайт.
2. Атайын эсептин каражаттары болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттардан тышкары СМБ алган каражаттар эсептелет. Атайын эсептин каражаттары максаттуу багыты боюнча гана чыгымдалат.
3. Атайын каражаттарды пайдалануу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча кирешелердин жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык катуу тартипте жүргүзүлөт.
4. Кирешелердин жана чыгымдардын сметасы ар бир жылга түзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.
5. Атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык казыналык бөлүмүндөгү СМБнын атайын эсебине топтолот.
2. Атайын эсепти түзүүнүн булактары
6. Атайын эсептин каражаттары метрологиялык иштерди жана кызматтарды аткаргандыгы үчүн стандарттарды экспертизалоо боюнча чарба субъекттерине акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүдөн, керектөөчүлөрдү маалыматтык тейлөөдөн СМБ алган каражаттардын, ошондой эле эл аралык уюмдардын, донор-өлкөлөрдүн жана жеке инвесторлордун гранттарынын, демөөрчүлүк жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен түзүлөт.
7. Атайын каражаттарды СМБнын директору, ал жок кезде - бюджеттик каражаттарды тейлөө укугуна ээ болгон директордун орун басары тескейт.
8. СМБнын финансы-экономикалык талдоо жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн жетекчиси каражаттарды түзүүнүн, бөлүштүрүүнүн эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына СМБнын атайын каражаттары боюнча отчет берет, белгиленген тартипте бекитилген сметалык багыттар боюнча атайын каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт.
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануунун жана эсепке алуунун тартиби
9. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- СМБнын кызматкерлери үчүн дарылануу жана башка максаттарга берилүүчү бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- кызматкердин түздөн-түз жетекчисинин сунуштамасы боюнча материалдык жактан сыйлоого;
- кызматтык максаттар үчүн автотранспорт, аларга тетиктерди жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
- эмгек акыга, анын ичинде ченемделбеген жана мөөнөттөн ашыкча жасалган жумуш үчүн үстөк жана кошумча акы төлөөгө;
- өкүлчүлүк чыгымдарга, иш тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу максатында чет өлкөгө чыгууда командировкалык чыгымдарды төлөөгө, ошондой эле сметада каралбаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка чыгымдарды төлөөгө;
- СМБнын кызматкерлеринин никелешүүгө, балалуу болгондугуна, кызматкерлердин мааракелик даталарына жана жакын туугандарынын каза тапкандыгына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүүгө;
- эмгектик жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча алдын ала күтүлбөгөн чарба жумуштарын аткарууга;
- кызматкерлерди СМБнын багыттары боюнча өндүрүштөн ажыратпастан окутууга;
- СМБнын ишинин маселелери боюнча конференция жана семинарларды уюштурууга;
- СМБга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча СМБнын ишин өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга.
10. СМБ атайын эсептин каражаттарынын келип түшүшүн жана бөлүштүрүлүшүн пландайт жана эсебин жүргүзөт, аларды пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берет.
11. Чыгымдар сметасы бекитилгенге чейин атайын эсептин каражаттарын чыгымдоого жол берилбейт жана бекитилген сметанын чегинде гана ишке ашырылат.
12. Отчеттук жылдын аягына карата түзүлгөн атайын эсептеги каражаттардын калдыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 26-декабрындагы № 805
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ