Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 173, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 164, 2023-жылдын 23-августундагы № 423 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конкурс өткөрүүнүн тартибин, мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин типтүү формасын жана аны түзүүнүн жана жокко чыгаруунун, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын конкурс өткөрүүдөгү чыгымдарынын ордун толтуруунун тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) конкурстун негизде берилет.
3. Кыргыз Республикасынын мергенчилик жерлери төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) кимдир-бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу белгиленген тартипте берилген мергенчилик жерлери;
2) кимдир-бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилбеген мергенчилик жерлери (бош мергенчилик жерлери).
4. Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы адистешкен аңчылыкты уюштуруу уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистерин тартуу менен (чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу процессинде) юридикалык жактардын аларда мергенчилик чарба ишин жүргүзүү үчүн (мергенчилик чарбаларын уюштуруу) арналган мергенчилик жерлеринин чектерин жана участокторунун аянттарын аныктайт.
2. Белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү комиссиясын түзүү, түзүмү жана укуктуулугу
5. Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы юридикалык жактарга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугуна конкурс өткөрүүнү (мындан ары - конкурс) жүзөгө ашырууну координациялайт.
6. Конкурсту уюштуруучу болуп аталган Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Конкурс уюштуруучу) тийиштүү буйругу менен атайын комиссияны түзөт (мындан ары - Комиссия), анын ишин камсыздайт, конкурсту уюштурат жана өткөрөт.
7. Комиссиянын курамы кеминде 7 адамдан түзүлөт, бирок 11 адамдан ашпайт.
8. Туруктуу негизде иштеген Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен төмөнкүлөрдүн бирден өкүлдөрү кирет:
- Конкурсту уюштуруучунун (Комиссиянын төрагасы);
- жаратылыш ресурстарын коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган);
- экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
"Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын;
- аңчылыкты пайдалануучулар ассоциациясынын;
- экологиялык өкмөттүк эмес уюмдун (мындан ары - ӨЭУ);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын (конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймагы боюнча);
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймагы боюнча).
Комиссиянын курамына Комиссиянын ишине (добуш берүү укугу жок) катышуучу катчы да кирет.
Комиссиянын жыйынына зарылдыгына жараша конкурс өткөрүү маселелери боюнча консультация берүү жана конкурстун катышуучуларынын сунуштарын талкуулоо үчүн Конкурсту уюштуруучунун коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча кызматкери жана конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин участокторунун жайгашуусуна ылайык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү добуш берүү укугу жок чакырылат.
Конкурска катышып жаткан Комиссиянын мүчөлөрү (конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймагы боюнча) алардын аймактарына кирген мергенчилик жерлердин участокторун камтыган лоттор боюнча гана чечим кабыл алышат (балл коюу, добуш берүү).
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 173 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комиссиянын төрагасы жок болгондо анын милдетин Комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын биринчи жыйынында шайланат жана Конкурсту уюштуруучунун буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын катчысы ыйгарым укуктуу органдын өкүлү болуп саналат жана Конкурсту уюштуруучунун буйругу менен дайындалат.
Комиссиянын курамына кирген бардык адамдар, ошондой эле Комиссиянын катчысы жана Комиссиянын ишине чакырылган адамдар Комиссиянын ишинин купуялуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик тартышат.

10. Конкурсту уюштуруучу конкурс жарыяланганга чейин 60 календардык күндөн кечиктирбей өзүнүн расмий сайтына жана массалык маалымат каражаттарына (мындан ары - ММК) аңчылыкты пайдалануучулар ассоциацияларынан жана ӨЭУдан Комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо жөнүндө кулактандырууну жарыялайт, ал эми ушул Жобонун 8-пунктунда аталган башка уюмдардан (органдардан) Комиссиянын курамына киргизүү үчүн талапкерлерди сунуштоо жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө суратат.
Талапкерлерди тандоо жөнүндө кулактандыруу ММКга жарыяланган күндөн тартып талапкерлерди каттоо башталат жана 30 календардык күн өткөндөн кийин аяктайт.
Талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин 15 календардык күндүн ичинде аларды тандоо иштери жүргүзүлөт.
Аңчылыкты пайдалануучулар ассоциацияларынан Комиссиянын курамына талапкерди тандоодо аңчылык, биология жана экология чөйрөсүндө зоологиялык багытындагы билими бар жана/же аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндө беш жылдан ашык иштеген талапкерге жана каралып жаткан ассоциацияда ушул эле ассоциациянын мүчөлөрүнүн биринин түзүмдүк, аймактык же ведомствонун карамагындагы бөлүмдөрү болуп саналбаган аны түзүүчү юридикалык жактардын көбүрөөк санда болушуна артыкчылык берилет.
ӨЭУдан Комиссиянын курамына талапкерди тандоодо талапкер аңчылык, биология жана экология чөйрөсүндө зоологиялык багытындагы билимге жана/же аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндө беш жылдан ашык иш стажына ээ болууга тийиш, мында көп жылдык иш тажрыйбасы бар адиске артыкчылык берилет.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 164 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн башка уюмдардын (органдардын) талапкерлери тиешелүү уюмдардын (органдардын) иш чөйрөсүндө беш жылдан ашык иш стажына ээ болууга тийиш.
Комиссиянын курамы Ассоциациядан жана ӨЭУдан, ошондой эле ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык уюмдардан (органдардан) тандалган талапкерлердин ичинен түзүлөт жана Конкурсту уюштуруучунун буйругу менен бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 173, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 164 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Комиссия мүчөлөрү конкурс башталганга чейин 10 күн мурда жеке арыздары боюнча же болбосо ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын жетекчилеринин Конкурсту уюштуруучуга кат жүзүндө кайрылуусу менен Комиссиянын курамынан чыгарылат.
Комиссия мүчөсүнүн жеке арызына байланыштуу аны Комиссиянын курамынан чыгарганда же болбосо уюмдун жетекчиси өз өкүлүн Комиссиянын курамынан алмаштыруу/чакыртып алуу жөнүндө Конкурсту уюштуруучуга кат жүзүндө кайрылган учурда Комиссиянын чыгып кеткен мүчөлөрүн алмаштыруу жүргүзүлөт, бул боюнча тийиштүү буйрук чыгарылат.
Конкурс өткөрүлгөн учурда Комиссиянын курамы өзгөрүлбөйт.
12. Комиссиянын жыйынында каралып жаткан маселелердин мазмунуна ылайык катчы тарабынан протокол жазылат жана ага Комиссиянын жыйынына катышкан бардык мүчөлөр кол коёт.
13. Эгерде Комиссиянын жыйынына Комиссиянын курамына туруктуу негизде кирген мүчөлөрүнүн кеминде 2/3си катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу деп табылат. Комиссиянын чечими катышып олтурган мүчөлөрдүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн кворуму болбогон учурда конкурсту өткөрүү кийинки айга кулактандырууда көрсөтүлгөндөй эле датага жана убакытка жылдырылат.
Эгерде бул күн майрам же дем алыш күнгө туура келсе, анда конкурс кийинки жумуш күнү кулактандырууда көрсөтүлгөндөй эле убакытта өткөрүлөт.

3. Конкурстук документтерди жана кошумча маалыматтарды берүүнүн курамы жана тартиби
14. Конкурсту уюштуруучу конкурс өткөргөнгө чейин конкурстун документтеринин формаларын даярдайт.
15. Конкурс үчүн коюлган мергенчилик жерлери боюнча лоттор түзүлөт. Бир лотко аңчылык ресурстары көбүрөөк, же азыраак мергенчилик жерлеринин бир, же эки, же болбосо андан көбүрөөк турган участоктору киргизилиши мүмкүн.
16. Конкурсту уюштуруучу бекиткен конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- конкурска коюлган мергенчилик жерлердин участогунун мергенчилик чарбасын өнүктүрүүнүн (бизнес-долбоордун) бизнес планынын долбоорунун мазмундуу тизмеси;
- конкурска Катышуучунун - аңчылык жана мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун алууга талапкер юридикалык жактын аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү үзгүлтүксүз (акыркы) ишинин узактыгы жөнүндө маалыматтар;
- конкурска катышуучунун мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө атайын билимдүү адистердин иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматтар;
- конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин участогунда Катышуучунун менчигиндеги аңчылык кордондун/үйдүн/базанын (аталыштарын көрсөтүү менен) жана аңчылык ресурстарын жыл бою кайтаруу үчүн башка мергенчилик жерлердин участокторунда иштетилбеген башка материалдык-техникалык каражаттардын болушу жөнүндө маалыматтар.

17. Конкурстук документтер оңдоолорго жана булгап оңдоолорго жол берилбестен толтурулат.
18. Конкурстун катышуучусуна (мындан ары - Катышуучу) бир эле учурда башка бир нече лоттор боюнча катышууга жол берилет.
19. Конкурска катышуу үчүн Катышуучу конкурстук документтерди жана ушул Жобонун 16 жана 20-пункттарындагы тизмеге ылайык кошумча маалыматтарды толтурат.
20. Конкурстук документтер менен бирге Катышуучу жөнүндө төмөнкүдөй кошумча маалыматтар берилет:
- Уюштуруу келишиминин, Катышуучунун Уставынын (Жобосунун) көчүрмөлөрү;
- Катышуучунун юстиция органдарындагы мамлекеттик катталышы жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- "Бирдиктүү терезе" принциби киргизилгенге чейин мамлекеттик каттоодон өткөн Катышуучуга салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык коду (номери) берилгенин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- "Бирдиктүү терезе" принциби киргизилгенге чейин мамлекеттик каттоодон өткөн Катышуучунун статистика органдарында катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- Катышуучунун салыктар боюнча карыздарынын бар же жоктугу жөнүндө салык кызматынын (Катышуучунун катталган жери боюнча) маалымкаты;
- Катышуучунун Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (Катышуучунун катталган жери боюнча) карыздары бар же жоктугу жөнүндө маалымкаты.
21. Катышуучу Комиссиянын мүчөлөрүнүн санына жараша нускадагы документтердин комплектин даярдайт, алардын ичинен бири түп нускада, калгандары - Катышуучу күбөлөндүргөн көчүрмөлөр. Конкурстук документтер жана Катышуучу жөнүндөгү кошумча маалыматтар бир комплекттен чакан конверттерге салынып чапталат, андан кийин бир чоң конвертке салынат.
Чоң конверт чапталат жана сынакка катышуу табыштамасына тиркелип Комиссиянын катчысына тапшырылат. Бардык конверттерде кандайдыр-бир таанымал белгилер, Катышуучу жөнүндө белгилер жана маалыматтар болууга тийиш эмес.
22. Конкурсту өткөрүү учурунда Катышуучуда бардык конкурстук документтердин жана кошумча маалыматтардын туп нускасы болушу керек жана аны Комиссиянын талабы боюнча конкурска берилген документтер Комиссиянын шектенүүсүн жараткан учурда көрсөтөт.
4. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү
23. Конкурсту уюштуруучу, конкурс өткөрүлгөн күнгө чейин 7 жумадан кечиктирбестен, конкурс өткөрүү боюнча жарыяны өзүнүн расмий сайтына жана ММКга Конкурсту уюштуруучу бекиткен форма боюнча жайгаштырат.

24. Конкурска, менчигинин түрүнө карабастан, конкурска катышуу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды аткарган юридикалык жактар катышат.
25. Ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн, конкурска катышууга ниеттенген юридикалык жактар конкурстук документтердин комплекттүү формаларын сатып алуу үчүн эркин формада жазуу жүзүндөгү табыштаманы берет, аларды акы төлөшкөндөн кийин алат.
Конкурстук документтердин комплекттүү формасынын наркын конкурсту уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдардын өлчөмүнө ылайык Комиссиянын сунушунун негизинде Конкурсту уюштуруучу белгилейт (кеңсе товарларын жана буюмдарын кошкондо).
Конкурстук документтердин комплекттүү формасына төлөнүүчү наркты түзгөн акча каражаттары юридикалык жактар тарабынан Конкурсту уюштуруучунун эсептешүү эсебине төлөнөт.
26. Катышуучуларды каттоо конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя ММКга жарыяланган күндөн тартып башталып, 30 календарлык күндөн кийин аяктайт жана Катышуучулардын конкурска катышууга табыштама берүүлөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
27. Катышуучу катары катталуу үчүн конкурска катышууга ниеттенген юридикалык жак Комиссиянын катчысына Конкурсту уюштуруучу бекиткен форма боюнча конкурстук документтердин комплекттүү формасы үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктү тиркөө менен конкурстук документтер жана кошумча маалыматы бар (ушул Жобонун 20-пунктуна ылайык) кичине конверттерди камтыган чоң конверт менен (ар бир лот боюнча өзүнчө) конкурска катышууга берилүүчү табыштаманы берет. Конкурска катышууга карата кабыл алынган табыштамаларды Комиссиянын катчысы атайын журналда каттайт.
Конкурстук документтин комплекттүү формасына акы төлөнгөндүгү ырасталмайынча Катышуучудан табыштамалар кабыл алынбайт.
28. Комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген табыштамаларды кабыл алуу учурунда, Конкурсту уюштуруучу бекиткен тизмеге ылайык конкурстук документти жана кошумча маалыматтар тиркелген чоң конверт менен табыштаманы кабыл алынгандыгы жөнүндө Катышуучуларды маалымдайт жана кабыл алынган чоң конвертке эч бир жазуу жазбастан жана белги койбостон аларды мөөр басып бекитет.
Катышуучулар берген конкурстук документтер жана кошумча маалыматтары бар чоң конверттер жана келип түшкөн табыштамалар Комиссиянын катчысында сакталат.
29. Юридикалык жактын конкурска катышууга тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулбаган жана/же өз учурунда берилбеген, ошондой эле карыздары бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган табыштаманы Комиссия четке кагат.
30. Конкурска катышууга белгиленген мөөнөттөн кеч берилген табыштамалар кабыл алынбайт.
5. Конкурстук документтерди баалоо жана жеңүүчүнү аныктоо тартиби
31. Конверттерди ачууну, Катышуучулардын конкурстук документтерин жана кошумча документтерди карап чыгууну Комиссия Катышуучунун катышуусунда жана ошондой эле ал жокто да ишке ашырат.
Конверттерди ачуунун орду жана убактысы Конкурсту уюштуручу бекиткен форма боюнча Катышуучуга берилген табыштаманы кабыл алынгандыгы жөнүндөгү билдирүүдө көрсөтүлөт.
32. Комиссиянын төрагасы бир чоң конвертти алат, аны ачат жана Катышуучунун конкурстук документтери жана кошумча маалыматтары бар кичине конверттерди Комиссиянын мүчөлөрүнө берет.
Эгерде кайсы бир Комиссия мүчөсү Катышуучунун жакын тууганы же уюштуруучусу, ошондой эле Катышуучу Комиссиянын ушул мүчөсү анын өкүлү болуп саналган ассоциациянын мүчөсү болсо, анда Комиссиянын бул мүчөсү Катышуучу талапкер болгон лоттор боюнча конкурстук документтерди жана кошумча маалыматтарды кароого катышпайт.

33. Катышуучунун конкурстук документтерин жана кошумча маалыматтарын Комиссиянын мүчөлөрү карайт, конкурстук документтердин жана кошумча маалыматтардын бар экендигин, туура жол-жоболоштурулганын жана анын аныктыгын текшерет.
34. Конкурстук документтер жана кошумча маалыматтар, эгерде ушул Жободо жазылган жана белгиленген талапка жооп берип, ишенимдүү маалыматтарды камтыса, анда ал тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган деп эсептелинет.
35. Конкурстук документтерди жана кошумча маалыматтарын карап чыгуу учурунда Катышуучулардын берген маалыматтарынын жана документтеринин көчүрмөлөрү Комиссиянын шектенүүсүн жаратса, Комиссия мүчөлөрү документ түрүндө ырастоону талап кылууга укуктуу.
36. Конкурсту уюштуруучу жана Комиссия мүчөлөрү берилген жана колдонулуп жаткан маалыматтын купуялык принциптерин сактоого милдеттүү.
37. Конкурстук документтерди жана кошумча маалыматтарды жана алардын аныктыгын талкуулоону жүргүзүүнү, баллдык баа берүүнү, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоону Комиссия Катышуучулар катышкан учурдагыдай, катышпаган учурда да ишке ашыра алат.
38. Катышуучунун конкурстук документтеринин мазмуну жана комплекттүүлүгү ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык баллдык система боюнча бааланат, мында балл төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
1) конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин участогунда (иштин 15 жылдык мезгилине жараша) мергенчилик чарбаны өнүктүрүүнүн бизнес-планынын долбоорунун (бизнес-долбоор) мазмуну 7 баллга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр (критерийлер) боюнча бааланат:
а) мергенчилик чарбаны өнүктүрүүнүн максаттары, жапайы жаныбарларды жана алар жашаган жерлерди коргоо жана сактоо, ушул мезгилдин ичинде жапайы жаныбарлардын мониторинги жана аларды олжолоо маселелери илимий органдын корутундусу (күбөлөндүрүүсү) менен болсо - 3,5 баллга чейин, эгерде илимий органдын корутундусу (күбөлөндүрүүсү) болбосо - 0,5 балл;
б) конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймактарын абаттоо (аңчылык лагерлеринин, калыбына келтирүүчү участоктордун ж.б. жайгашуу схемалары), аңчылык кордондун/үйдүн/базанын сүрөттөлүшү, анын ичинде:
жеңил конструкциядан куруу менен пландалган - 1,5 баллга чейин;
же капиталдык курулуш менен пландалган 3,5 баллга чейин;
же курулган жеңил конструкцияларын ижарага алуу режиминде пландалган курулмалар - 0,5 баллга чейин;
же капиталдык курулушту ижарага алуу режиминде пландалган курулмалар - 1 баллга чейин.
Катышуучунун конкурстук документтерин карап чыгуунун жана баалоонун протоколун толтурууда Комиссиянын мүчөлөрү курулмаларды эки жылга чейинки мөөнөткө гана ижарага алуу режиминде аларды пайдалануу планын эске алат. Курулмаларды эки жылдан ашык мезгилге ижарага алуу жолу менен пайдаланууну пландаган Катышуучуга балл коюлбайт, себеби коргоо жана кайра калыбына келтирүүчү иш-чараларын жүргүзүү үчүн ижарага алынган курулмаларды узак убакытка же пландалган мергенчилик чарба ишинин бардык мезгилине пайдалануу максатка ылайыксыз.
2) конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймактарында аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү мындан мурунку иштин узактыгы жана сапаты 8 баллга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр (критерийлер) боюнча бааланат:
а) Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин милдеттенмелерин бузбастан, аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү мындан мурунку үзгүлтүксүз жана узакка созулган иш, анын ичинде: 5 жылга чейин (бирок 2 жылдан кем эмес) - 0,5 балл, 5 жылдан 15 жылга чейин - 1,0 балл, 15 жылдан 25 жылга чейин - 1,5 балл, 25 жылдан 35 жылга чейин - 2,0 балл, 35 жылдан ашык - 3,0 балл;
б) аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү мындан мурунку иштин сапаты, анын ичинде: 5 жылга чейин (бирок 2 жылдан кем эмес) - 0,5 балл, 5 жылдан 15 жылга чейин - 1,5 балл, 15 жылдан 25 жылга чейин - 2,5 балл, 25 жылдан ашык - 3,5 балл;
в) чарба ичиндеги мергенчилик чарба ишинин орун алышы - 1,5 балл.
Катышуучунун конкурстук документтерин карап чыгуунун жана баалоонун протоколун толтурууда Комиссиянын мүчөлөрү конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймактарында мындан мурунку мезгилдеги иштин узактыгын, сапатын жана келишимдин бүтүндөй колдонуу мөөнөтүндө мыйзамды бузуу фактыларынын жоктугун эске алышат.
3) Катышуучуда кеминде 1 жыл иштеген, аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндө атайын билими бар адистердин болушу 3 баллга чейин төмөнкүдөй критерийлер боюнча бааланат:
Катышуучуда атайын билими бар (аңчылык боюнча адис, зоология багытындагы биолог жана эколог) жана/же аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндө үзгүлтүксүз иштешин далилдеген документи менен (эмгек китепчесинин, патентти тиркөө менен контрактын же келишимдин көчүрмөсү) иштеген адис жөнүндө маалымат төмөнкүдөй параметрлер боюнча бааланат: үзгүлтүксүз 1 жылдан 3 жылга чейин - 1 балл, үзгүлтүксүз 3 жылдан 8 жылга чейин - 2 балл, үзгүлтүксүз 8 жылдан ашык - 3 балл;
4) Катышуучуда аңчылык ресурстарын жыл бою кайтаруу үчүн аңчылык кордондун/үйдүн/базанын же жана башка материалдык-техникалык каражаттардын болушу 10 баллга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр (критерийлер) боюнча бааланат:
а) ушул Катышуучу талапкер болгон, конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймагында комплекти менен курулган (егерь үчүн үй, 4төн кем эмес аңчыларды тосуу жана жайгаштыруу үчүн үй, ашкана, кампалар, мончо ж.б.) мүлктү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ырастоочу документтери (техникалык паспорту жана тиешелүү документтери, Катышуучунун атына жер участогун колдонуу укугунун актысы) менен Катышуучунун менчигиндеги аңчылык кордондун/үйдүн/базанын болушу, анын ичинде төмөнкүдөй курулгандар:
жеңил конструкцияларды колдонуу менен (вагон-үйлөр, контейнерлер, ж.б.) - 3 балл;
капиталдык курулуш менен курулган - 5 балл;
б) мүлктү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан ырастоочу документтери (паспорту) менен Катышуучуга катталган 5тен ашык жылкы - 1 балл;
в) мүлктү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан ырастоочу документтери (ТКны каттоо жөнүндө күбөлүк) менен Катышуучуга катталган бузуксуз материалдык-техникалык каражаттардын - жол тандабас автомашиналардын (мындан ары - ТК) болушу, анын ичинде:
ТКнын 1 бирдиги - 1 балл, ТКнын 2 жана 3 бирдиги - 2 балл, ТКнын 4 жана 5 бирдиги - 3 балл, жана ТКнын 6 жана андан ашык бирдиги - 4 балл;
документ менен ырасталып, ижарага алынган ТКнын 3 жана андан ашык бирдиги - 1 балл.
Конкурстун катышуучусунун конкурстук документациясын кароонун жана баалоонун протоколун толтурууда Комиссиянын мүчөлөрү көрсөткүчтөрдүн бирин - курулуш конструкцияларын (капиталдык курулуштар же жеңил конструкциялар), ошондой эле транспорт каражаттарын (Катышуучунун атына катталган же ижарага алынган ТК) эске алышат.

39. Катышуучулардын конкурстук документтеринин мазмунун жана комплекттүүлүгүн Комиссиянын ар бир мүчөсү Конкурсту уюштуруучу бекиткен формада Катышуучунун конкурстук документтерин карап чыгуу жана баалоо боюнча комиссиянын протоколун толтуруу менен баалайт.
Катчы Комиссиянын ар бир мүчөсүнөн алган Катышуучулардын баллын Катышуучунун конкурстук документтерин карап чыгуу жана баалоо протоколуна ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча киргизет.

40. Катышуучулардын конкурстук документтерин карап чыгуунун натыйжалары болуп, алардын ар биринен алынган баллдын жыйынтык суммасы саналат, аны төрага жарыялайт.
41. Эгерде эки жана андан ашык Катышуучу баллдын эң жогорку бирдей суммасын алышса, аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү буга чейинки иштин болушу, узактыгы жана натыйжалуулугу үчүн алда канча көп балл алган Катышуучуга артыкчылык берилет.
Кайрадан бирдей эң жогорку балл алышкан учурда Катышуучунун менчигинде (балансында) материалдык-техникалык базанын жана Катышуучуда иштеген, мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө атайын билими бар квалификациялуу адистин болушу үчүн алда канча көп балл алган катышуучуга артыкчылык берилет.
42. Конкурс өткөрүлгөн күндөн тартып 5 күндөн ашпаган мезгилде баллдын эң көп жыйынтык суммасын топтогон Катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп белгиленет, ал жөнүндө ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Комиссиянын протоколу түзүлөт.
Андан кийин конкурсту өткөрүү аяктады деп эсептелет.
43. Эгерде кандайдыр-бир лот боюнча бир гана Катышуучу катталса, ал тарабынан берилген документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык келсе, анда ал Катышуучу бул лот боюнча сынактын жеңүүчүсү деп табылат.
44. Эгерде кандайдыр-бир лот боюнча бир да Катышуучу катталбаса, анда бул лот боюнча конкурс өткөн жок деп эсептелет жана 60 календарлык күндөн кечиктирбестен жарыяланып, лот кайрадан сынакка коюлат.
Кимдир бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилбеген мергенчилик жерлери (Катышуучулар аркылуу талап кылынбай калган лот боюнча) ыйгарым укуктуу органдын карамагында болот.

45. Катышуучулардын ар биринин конкурстук документтеринин бир нускасы (көчүрмөсү) берилген табыштамалар жана протоколдору (түп нускасы) менен бирге - Конкурсту уюштуруучуда, конкурстук документтердин бир нускасы (түп нускасы) Конкурсту уюштуруучу күбөлөндүргөн, конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө жыйындын протоколу - 15 жыл бою ыйгарым укуктуу органда конкурс өткөн күндөн тартып сакталат.
Калган нускалары (көчүрмөлөрү) Катышуучуларга кайра кайтарылат. Конкурс өткөн күндөн тартып бир жылдын ичинде Катышуучулар албаган жана талап кылбаган, кайтарып берүүгө тийиш болгон конкурстук документтердин көчүрмөлөрү Конкурсту уюштуруучунун чечими боюнча комиссия аркылуу жок кылынат (утилдештирилет).
46. Конкурсту уюштуруучу конкреттүү лотко (мергенчилик жер участогу) жеңүүчүнү белгилөө жөнүндө конкурс өткөрүлгөн күндөн тартып 8 календарлык күндөн кечиктирбестен буйрук чыгарат. Конкурсту уюштуруучу күбөлөндүргөн буйруктун көчүрмөсү ыйгарым укуктуу органга (белгилүү бир мергенчилик жеринин) конкурстун жеңүүчүсү менен Кыргыз Республикасында мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимди түзүү үчүн жөнөтөт - (мындан ары - Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишим).
Конкурс өткөрүлгөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирбестен Комиссиянын катчысы ММКга сынактын натыйжасын расмий түрдө жарыялоого берет жана ал тийиштүү лотту жеңип алган конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты конкурстун бардык Катышуучуларына, андан сырткары конкурска коюлган мергенчилик жерлердин жайгашуусу боюнча тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жөнөтөт.
47. Конкурстун натыйжалары расмий түрдө жарыялангандан кийин Катышуучулар Комиссиянын чечимине "Администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттануулары мүмкүн.
48. Сот конкурстун натыйжаларын тигил же бул лот (мергенчилик жерлер участогу) боюнча жараксыз деп тапкан учурда Конкурсту уюштуруучунун жеңүүчү болгон жакты белгилөө жөнүндө буйругу күчүн жоготту деп таанылат жана ыйгарым укуктуу орган ошол жак менен түзүлгөн Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимин бузат.
Өткөрүлгөн конкурстун натыйжаларын жоюу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин 60 календарлык күндөн кечиктирбестен ММКга мындай лот боюнча (мергенчилик жерлеринин участогу) кайталанган конкурс жөнүндөгү жарыя жайгаштырылат.
Натыйжалары соттун чечими боюнча жоюлган мурдагы конкурстун Катышуучулары кийинки конкурска кайрадан (кайталап) катышып жатканда конкурстук документтердин формалары акысыз берилет.
49. Укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын суроолору боюнча Конкурсту уюштуруучу Катышуучулардын сынакка катышууга карата берген табыштамаларынын, документтеринин жана протоколдордун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берет.
6. Катышуучуну конкурска катышуудан четтетүү
50. Конкурстук документтерди жана кошумча документтерди туура эмес толтурулганы, Катышуучу берген маалыматтардын анык эместик фактылары жана ушул Жобонун 51-пунктунда каралган башка бузулуулар табылган учурда Комиссия Катышуучуну конкурска катышуудан четтетет.
51. Комиссия Катышуучуну конкурска катышуудан четтете алат, эгерде:
- Катышуучу конкурстук документтерин жана кошумча маалыматтарды туура эмес толтурганда (белгиленген талаптарга ылайык эместик жана ачык эмес фактылардын болушу);
- Катышуучунун салыктар жана Социалдык фондуна төлөмдөр боюнча карыздары бар болсо;
- эгерде мурда Катышуучу менен Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишим анын шарттарын бузгандыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана белгиленген талаптарды сактабагандыгы үчүн бузулган болсо.
52. Катышуучуну конкурска катышуудан четтетүү жөнүндө Комиссиянын чечимин катчы Конкурсту уюштуруучу бекиткен форма боюнча протоколго киргизет жана Катышуучуга кат жүзүндө кабарлайт.
7. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимди түзүү, аткаруу жана токтотуу (бузуу)
53. Конкурстун натыйжалары жөнүндө ММКга жарыяланган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде сынакка коюлган мергенчилик жерлери жайгашкан орду боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация конкреттүү лот боюнча (белгилүү бир мергенчилик жерлерге тиешелүү чек араларда) конкурстун жыйынтыгына карата ушул Жобонун 3-тиркемесинин формасына ылайык конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө буйрук чыгарат.
54. Конкурсту уюштуруучунун жеңүүчү жакты белгиленгендиги жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган конкурстун жеңүүчүсү менен (тиешелүү утуп алган лоттогу белгилүү бир мергенчилик жерлеринде) Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимди ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча 15 жылдык мөөнөткө түзөт.
Ыйгарым укуктуу орган менен Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимди түзгөн юридикалык жак (конкурстун жеңүүчүсү) мындай Келишим түзүлгөн күндөн тартып Мергенчилик чарба иши бошотулган күнгө ылайык аңчылыкты пайдалануучу деп табылат.
55. Конкурстун жеңүүчүсү Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишим түзүүдөн баш тарткан учурда Келишим сынактын натыйжалары боюнча кийинки орунду ээлеген Катышуучу менен түзүлөт.
56. Аңчылыкты пайдалануучунун аты өзгөргөндө жана анын жетекчиси алмашканда аны менен мурун түзүлгөн Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимге ылайыктуу тиркемеси менен аны ырастаган документтер (уюштуруучулардын чечимдерине ылайыктуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр, юстиция органынан мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүгү) өз күчүн сактайт.
57. Аңчылыкты пайдалануучулардын бирөө укук мураскору болуу менен биригүү жөнүндө чечим кабыл алышса, алар бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга кат жүзүндө билдиришет. Аңчылыкты пайдалануучулардын мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген бардык мергенчилик жерлерин ыйгарым укуктуу орган укук мураскору болуп эсептелген жакка берүү жөнүндө чечим кабыл алып, ал жөнүндө мергенчилик жерлеринин жайгашуусуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрацияга билдирет.
Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун алган аңчылыкты пайдалануучу аңчылыкты пайдалануучулардын ошол мергенчилик жерлериндеги келишимдерде жана алардын стратегиялык пландарында көрсөтүлгөн бардык шарттар менен талаптарды сактоого милдеттүү.
Аңчылыкты пайдалануучулар биригүү тууралуу чечимдерин кабыл алган учурда, ыйгарым укуктуу орган бириккен аңчылыкты пайдалануучулардын укук мураскору болуп саналган жак менен бириккен аңчылыкты пайдалануучулар ээлеген мергенчилик жерлердин аймагында Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө жаңы келишим түзөт.
58. Аңчылыкты пайдалануучулардан белгилүү бир мергенчилик жерлеринде аларга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун берүүдө акы алынбайт.
59. Аңчылыкты пайдалануучу Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин шарттарын сактабаган учурда, келишимдин колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин ыйгарым укуктуу орган бир тараптуу тартипте буза алат.
60. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишим банкроттугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аңчылыкты пайдалануучу жоюлганда "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинде каралган аңчылыкты пайдалануучулар башка аңчылыкты пайдалануучулар менен бириккен жана башка учурларда бузулат.
61. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин иш-аракетинин токтотулгандыгы (бузулгандыгы) жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу орган кат жүзүндө аңчылыкты пайдалануучуга, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга билдирет.
62. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин иш-аракетинин токтотулушунан (бузулушунан) улам бошогон мергенчилик жерлери жалпы негизде конкурска коюлат.
63. Аңчылыкты пайдалануучуну белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугунан ажыратуу жана аны менен Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө түзүлгөн келишимдин иш-аракеттерин токтотуу, андай аңчылыкты пайдалануучуну курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы мыйзамдарды бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчиликтен, ошондой эле бардык болгон финансылык карыздарын жоюудан бошотпойт.
64. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин колдонулушу мөөнөтүнүн аяктаарына байланыштуу бошогон мергенчилик жерлерге конкурс Келишимдин колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 60 календарлык күндөн мурда өткөрүлөт. Бул мергенчилик жерлеринде кийинки Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин мөөнөтүнүн башталышы учурдагы Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаган датадан кийинки күндөн эрте белгиленбейт.
65. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишим аңчылыкты пайдалануучуга белгиленген тартипте аңчылык ресурстарын пайдалануу укугу берилген айрым мергенчилик жерлерге жайылтылат. Аңчылыкты пайдалануучу ушул мергенчилик жерлердин чектеринде башка ресурстарды алардын менчик ээлери же негизги пайдалануучулар менен макулдашуу боюнча пайдаланат.
651. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүү үчүн Комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө экологиялык өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан арыз берилбеген учурда, бул мергенчилик жерлерге мурда түзүлгөн мындай Келишимдердин колдонулушу Конкурсту уюштуруучунун буйругу менен айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбаган жана келишимдик милдеттенмелерди аткарган тиешелүү аңчылыкты пайдалануучу үчүн кийинки мезгилге, бирок 12 айдан ашпаган мезгилге узартылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин сакталышын жана аткарылышын контролдоо
66. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин сакталышын жана аткарылышын контролдоону аңчылыкты пайдалануучулардын келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышын жыл сайын текшерүүнү жүргүзүү жана тиешелүү актыларды (маалымдамаларды) түзүү менен ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
67. Иш процессинде аңчылыкты пайдалануучунун расмий маалыматтарынын өзгөргөндүгү (аталышы, банктык реквизиттер, почта дареги, уюштуруучулардын тизмеси, жаңы жетекчини дайындоо) жөнүндө аңчылыкты пайдалануучу ыйгарым укуктуу органга кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, мында аңчылыкты пайдалануучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү тиркелет, алар Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимге тиркелет.
Ыйгарым укуктуу органдын аталышы жана почта дареги өзгөргөндүгү жөнүндө маалымат аңчылыкты пайдалануучуга кат жүзүндө жеткирилет жана Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимге тиркелет.
|
| Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Конкурстун катышуучусунун конкурстук документтерин карап чыгуунун жана баалоонун ПРОТОКОЛУ
Убактысы: саат ____________, 20___-жылдын "___"_______________.
Орду: ______________________________________________________
Күн тартиби:
1. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүү, Катышуучулардын конкурстук документтерин карап чыгуу, аны баалоо.
Конкурстук комиссиянын төрагасы жыйында Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү үчүн өткөрүлүп жаткан, 20____-жылдын "___"_______________
__________________________________________________________________________________________

(ММКнын аталышы)
______________________ жарыяланган конкурс жөнүндө маалымат жасады.
Катышкандар:
Конкурстук комиссиянын төрагасы:___________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Комиссия мүчөлөрү: _______________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
андан ары _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Комиссиянын катчысы: _____________________________________________________________________
(аты жөнү, колу)
Ошондой эле конкурска катышуучулардын өкүлдөрү катышты:
1. ______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, катышуучунун аталышы)
2. ______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, катышуучунун аталышы)
3. андан ары _____________________________________________________________________________
(аты-жөнү, катышуучунун аталышы)
Комиссия мүчөлөрү белгилүү бир мергенчилик жерлерде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүгө 20____-жылдын "___"______

жарыяланган конкурска катышуучулардын конкурстук документтерин карап чыгышты.
Конкурстук документтердин болушун жана толук жол-жоболоштурулушун, берилген маалыматтардын курамын карап чыгуу, талкуулоо жана баалоо учурунда төмөндө баяндалган натыйжалар алынды:
Лоттордун жана участоктордун номерлери | Катышуучунун номери жана аталышы | Баалоонун көрсөткүчтөрүнүн аталыштары | Баллдын суммасы | ||||
1./1. | 1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
| |
3 |
|
|
|
|
|
| |
ж.б. |
|
|
|
|
|
| |
2./2. | 1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
| |
3 |
|
|
|
|
|
| |
ж.б. |
|
|
|
|
|
| |
Конкурстук комиссиянын төрагасы: | _______________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
Конкурстук комиссиянын катчысы: | _______________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | _______________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
| _______________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
андан ары | _______________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо боюнча жыйынынын ПРОТОКОЛУ
Убактысы: саат _____________, 20 ___-жылдын "___" _______________
Орду: _______________________________________________________
(дареги)
Конкурстук комиссия төмөнкүдөй курамда:
Конкурстук комиссиянын төрагасы: | _______________________________________________________, (аты-жөнү, колу) |
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | _______________________________________________________, (аты-жөнү, колу) |
| _______________________________________________________, (аты-жөнү, колу) |
андан ары | _______________________________________________________, (аты-жөнү, колу) |
белгилүү бир мергенчилик жерлерде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсунун катышуучуларынын конкурстук документтерин карап чыгып, Катышуучулардын конкурстук документтерине баллдык баалоону жүргүздү. Комиссия Катышуучулар топтогон баллдын жыйынтык суммалары боюнча төмөндө баяндалган натыйжаларды белгиледи.
Лоттордун/участоктордун номерлери | Катышуучунун аталышы | Баллдын жыйынтык суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Алынган натыйжаларга байланыштуу, баллдын эң жогорку жыйынтык суммаларынын негизинде Комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
- төмөндө көрсөтүлгөн юридикалык жактар конкурстун жеңүүчүлөрү деп таанылсын, алар менен Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдер түзүлсүн:
№ ________ лот боюнча № ___________________________________ мергенчилик жеринин участогу
____________________________________________________________________________________;
(жеңүүчүнүн аталышы)

№ ________ лот боюнча № ____________________________________ мергенчилик жеринин участогу

Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш бериши:
№ ____ лот боюнча | "Макул": ______________________________________________________ (добуштардын саны) |
| "Каршы": ______________________________________________________ (добуштардын саны) |
| "Калыс калды": _________________________________________________ (добуштардын саны) |

Колтамгалары:
Конкурстук комиссиянын төрагасы: | ___________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
Конкурстук комиссиянын катчысы: | ___________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ___________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
| ___________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
______________________________________________________________
(жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аталышы)
Буйрук
20____-жылдын "___"___________ № _____________________________________________
Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу жөнүндө _________________________________
_____________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" жана "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20__-жылдын "___"_____________ № _______________ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүнүн жана конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун жана конкурстук комиссиянын 20___-жылдын "___" ____________ № ______________ чечимине ылайык, ______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________ буйрук кылат:
1.Конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган _______________________________________________________,

(администрациялык бирдиктин аталышы)
жайгашкан, төмөнкүдөй мергенчилик жерлерди түзгөн аймакта белгилүү бир мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун берүү белгиленсин жана маалымат катары кабыл алынсын,
жалпы аянты _______________________________________________________________________ миң га,
чектери:
- түндүгү: _________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________,
- чыгышы: ________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________,
- түштүгү: ________________________________________________________________________________

- батышы: _______________________________________________________________________________

мөөнөтү 15 жыл, 20___-жылдын "___" _______________ тартып 20___-жылдын "___" ________________ чейин.

өзүнө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик жерлердин чектеринде аңчылык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү кайтаруу боюнча милдеттерди, биотехникалык жана башка мергенчилик чарба иш-чараларын аткаруу милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына _____________________________________________

кайрадан өндүрүү участокторун түзүүдө, биотехникалык жана кайтаруу иш-чараларын жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү сунуш кылынсын.
4. Бул чечимдин (токтомдун, буйруктун) аткарылышын контролдоо милдети _____________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________жүктөлсүн.
(мамлекеттик администрациянын түзүмдүк бирдигинин аталышы)
Мамлекеттик администрациянын башчысы ____________________________________________________

| Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасында Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
20____-жылдын "___"_________________ |
| ________________________________ (калктуу конуштун аталышы) |
Белгилүү бир мергенчилик жерлерде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү жана конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары - Жобо) негизинде аракеттенүүчү, _____________________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
мындан ары - Ыйгарым укуктуу орган деп аталуучу, _____________________________________________
______________________________________________________________________________ аркылуу бир
(жетекчинин кызмат орду, аты-жөнү)
тараптан жана ____________________________________________________________________________
(ченемдик актынын аталышы)
негизинде аракеттенүүчү, мындан ары - Аңчылыкты пайдалануучу деп аталуучу, ______________________________________________________________________________________________
(жетекчинин кызмат орду, аты-жөнү)
Аркылуу _________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
экинчи тараптан, бирге Тараптар деп аталат, Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө ушул келишимди (мындан ары - Келишим) түздү.
1. Келишимдин маңызы
1. Конкурстук комиссиянын 20____-жылдын "____" ______________ чечиминин жана
______________________________________________________________________
(конкурсту уюштуруучунун аталышы)
20____-жылдын "____" _____________ № _________ буйругунун негизинде
________________________________________________________________

аймагында турган төмөнкүдөй мергенчилик жерлерде ___________________

(юридикалык жактын атылышы)
менен ушул Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишим түзүлдү:
жалпы аянты _____________________ миң га,
чектери:
- түндүгү: ________________________________________________________
________________________________________________________________;
- чыгышы: ________________________________________________________

- түштүгү: ________________________________________________________

- батышы: ________________________________________________________

мөөнөтү 15 жыл, 20_____-жылдын "____" ________________ тартып 20______-жылдын "____" ________________ чейин.
2. Келишимдин тараптарынын укуктары жана милдеттери
2. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоодо аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө;
- аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга жана аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузуулардын аныкталгандыгы боюнча белгиленген тартипте протоколдорду жана актыларды түзүүгө жана жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирген зыян үчүн доо коюуга;
- аңчылыкты пайдалануучулар жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө катышууга жана чет өлкөлүк мергенчилик турларды өткөрүүгө катышууга;
- аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан олжолонгон аңчылык жаныбарларынын эсебин алуу, параметрлерин белгилөө менен бирге аларга пломбаларды (биркаларды, шакекчелерди, микрочиптерди) берүүгө жана басууга;
- биотехникалык, коргоо иш-чаралары аңчылык ресурстарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле жапайы жаныбарлардын эсебин алуу боюнча белгиленген отчётторду берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү алар тарабынан сакталбаганда жана аңчылыктын мурдагы мезгилинде аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн акыны төлөбөгөндө аңчылыкты пайдалануучуларга аңчылыктын алдыдагы мезгилине жапайы жаныбарларды олжолоого квота бербөөгө;
- аңчылыкты пайдалануучулардан мергенчилик чарба ишин жүргүзүү боюнча маалымкаттарды, маалыматтарды, отчётторду суроого жана кабыл алууга;
- аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруудагы (анын ичинде чет өлкөлүк) маалымкаттарды, маалыматтарды, отчётторду жана документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мергенчилик чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын жана аңчылыкты пайдалануучулардын мергенчилик чарбасынын иш-чараларын жүргүзүүнүн ар жылдагы пландарын макулдашууга;
- Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүнүн жана конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык аңчылыкты пайдалануучу менен Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимди бир тараптуу тартипте бузууга.
3. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аңчылык ресурстарын коргоо, көбөйтүү, биотехникалык иш-чараларды жана жапайы жаныбарлардын санын эсепке алууну жүргүзүү, мергенчилик чарба иштерин туура жүргүзүү маселелеринде аңчылыкты пайдалануучуларга методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүгө;
- жапайы аңчылык жаныбарларын олжолоо мөөнөттөрүн жана лимиттерди/квоталарды өз убагында белгилөөгө;
- мергенчилик жерлериндеги аңчылык ресурстарынын абалын баалоону уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү юридикалык жана жеке жактардын ишине жана аракеттерине мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;
- мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарын сактоо предметине аңчылыкты пайдалануучулардын иштерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга.
4. Аңчылыкты пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- аңчылык жаныбарларын берилген тартипте, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин белгиленген лимиттер менен олжолоо ченемдердин чектеринде жана атайын пайдалануу уруксаттарынын негизинде пайдаланууга;
- уруксат берүү документтерине олжолоо жөнүндө белги коюлган учурдан тартып мыйзамдуу тартипте олжолонгон жапайы жаныбарлардын жана аңчылыктын башка продукцияларынын менчик ээси болууга;
- олжолонгон продукцияны кайра иштетүүнү жана сатууну жүргүзүүгө;
- негизги жер пайдалануучулар менен макулдашуу боюнча инфратүзүмдөрдүн объекттерин түзүүгө жана мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү үчүн зарыл курулмаларды жайылтууга;
- аракеттери пайданы жоготууга жана аңчылыкты пайдалануучуга мүлктүк зыян келтирүүгө алып келген юридикалык жана жеке жактарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте доо коюуга;
- мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын аңчылыкты пайдалануучунун жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууда анын укугун бузган чечимдерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
- жерди пайдалануучулар, илимий уюмдар жана мекемелер, ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин жашоо чөйрөсүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга.
5. Аңчылыкты пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзүнүн кызматкерлеринин штатында мергенчилик чарбасын жүргүзүү чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистердин болушун камсыз кылууга жана мергенчилик чарба ишин мергенчилик чарба пландарынын негизинде гана жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;
- жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоону жүзөгө ашырууга, жаныбарлар, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурсун алар үчүн берилген, максаттарда гана уруксат берилген ыкмалар менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген эрежелерди сактоо менен пайдаланууга;
- аңчылык ресурстарынын абалы начарлаган, көбөйүү жөндөмдүүлүгү кайрадан калыбына келүү кудурети төмөндөгөн жана жок болуу коркунучу пайда болгон учурда аларды пайдаланууну өз алдынча токтотууга, ошондой эле жапайы аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө тийгизген терс таасирлерди четтетүүгө карата токтоосуз чараларды көрүүгө;
- жаратылышты пайдалануу жаатында аныкталган тартип бузуу фактылары боюнча белгиленген тартипте протоколдорду (актыларды) түзүүгө;
- мергенчилик чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышын сактоого;
- ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылуучу мергенчилик чарба иш-чараларын жүргүзүүнүн ар жылдык планын түзүүгө жана аткарууга;
- мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген аймакта мергенчилик кылуу жерлеринин чек араларын (столбалар, аншлагдар, анын ичинде аңчылык участокторун чек араларынын схемалары жана инфратүзүм объектеринин жайгашуулары менен) белгилөөгө;
- 20___- жылдын _____________ айына чейин белгиленген тартипте ички чарбалык аңчылык түзүлүштү жүргүзүүгө; аңчылык жаныбарларынын жашоосу жана башка жаныбарлардын жашоосу жана көбөйүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында алардын чек араларын сыпаттоо, аймактарын экспликациялоо жана аянттарын көрсөтүү менен берилген мергенчилик жерлеринин бөлүгүн (алардын жалпы аянтынын он пайыздан кем эмесин) көбөйтүү участкалары үчүн (тынч зоналар, жым-жырт зоналар) бөлүп берүүгө;
- мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик жеринин чек араларында жапайы жаныбарлардын санынын эсебин алууну жыл сайын жүргүзүүгө жана алынган маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга жиберүүгө;
- аңчылык жаныбарларынын уруксат берилген түрлөрүн гана Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен уруксат берилген ыкмалар жана белгиленген тартипте пайдаланууга;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды (эрежелер, лимиттер, ченемдер, мөөнөттөр ж.б.) сактоого;
- аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген ченемдерди, эрежелерди жана башка талаптарды аңчыларга түшүндүрүүгө жана алардын сакталышын камсыздоого;
- аларды сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында аңчылык ресурстарын пайдаланууну өз алдынча чектөөгө;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн белгиленген акыны өз убагында төлөөгө;
- аңчылык жаныбарларына пайдаланууда аларга ырайымсыз мамиле жасоого жол бербөөгө;
- аңчылыкты пайдалануучунун күнөөсү боюнча жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун белгиленген тартипте толтурууга;
- аңчылык ресурстарын сактоого жана көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүгө;
- ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик жерлердин чек араларында жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн жыл бою кайтарууну камсыз кылууга;
- укук бузуулар (браконьердик кылуу) учурларын аныктоого жана аларга бөгөт коюуга;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирүү жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана аны 5 календардык күндүн ичинде Ыйгарым укуктуу органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) берүүгө;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин илдеттери аныкталгандыгы, абалдары начарлагандыгы тууралуу Ыйгарым укуктуу органга, ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарга 5 календардык күндүн ичинде токтоосуз маалымдоого;
- ылаңдардын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү жана жаратылыш кырсыктары, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда жаныбарларга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
- мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик жерлердеги аңчылык ресурстарынын абалы үчүн жана өзүнүн укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга;
- мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик жеринин чектеринде "зыяндуу" жаныбарлардын (карышкырлардын, чөөлөрдүн, майна чыйырчыктарынын, күрөң каргалардын жана сагызгандардын) санын жөнгө салуу боюнча ар жылдык планга ылайык иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик жерлердеги аңчылык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүүгө, аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алууга жана аны ыйгарым укуктуу органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) тийиштүү маалыматтарды өз убагында берүүгө;
- мергенчилик чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана мергенчилик чарба иш-чараларды жүргүзүүнүн ар жылдык планына ылайык (зарыл болгондо - негизги жер пайдалануучулар менен макулдашуу боюнча) биотехникалык, көбөйтүүчүлүк жана коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө;
- белгиленген мөөнөттөрдө белгиленген форма боюнча отчетторду тапшырууну камсыз кылууга жана квартал сайын (отчеттук кварталдан кийинки айдын 10уна чейин) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- 2-ТП формасы (аңчылык) боюнча статистикалык отчётту статистикалык органдарга жыл сайын берүүгө;
- мергенчилик чарба ишин жүргүзүү, жапайы жаныбарларды коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча аңчылыкты пайдалануучунун ишин текшерүүлөрдү (колдонуудагы мыйзамдарга ылайык) жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча аракеттенүүчү кызмат адамдарын тоскоолсуз киргизүүгө, аныкталган тартип бузуулар боюнча көрсөтмөлөрдү өз убагында аткарууга;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасы мүчөсү болгон эл аралык Конвенциялардын (CITES, Бонн жана башка) талаптарын сактоого жана аткарууга;
- чек арага жакын аймактарда жана чек ара тилкесинин ичинде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүргүзүүгө.
3. Келишимдин Тараптарынын жоопкерчилиги
6. Ыйгарым укуктуу орган Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө түзүлгөн келишимди негизсиз бузган жана белгиленген тартипте мындай укук алган юридикалык жактын жана ушул Келишимге ылайык анда көрсөтүлгөн мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүүсүнө негизсиз тоскоолдук кылган башка учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Аңчылыкты пайдалануучу айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы жана Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Аңчылыкты пайдалануучунун күнөөсү боюнча жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү ресурстарына келтирилген зыяндын фактысы белгиленгенде аңчылыкты пайдалануучу келтирилген зыяндын ордун белгиленген тартипте толтурууга тийиш.
9. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн аңчылыкты пайдалануучу тарабынан акы төлөөнү өз убагында эмес, белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен төлөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн аңчылыкты пайдалануучуга мөөнөтү өткөн сумманын 0,5 % өлчөмдө туум айып төгүлөт.
10. Эгерде алар ал жеткис жагдайлардан (форс-мажор) улам аткарылбай калса, аңчылыкты пайдалануучу Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
11. Аңчылыкты пайдалануучунун ушул Келишимде каралган туумду төлөшү, аны квотадан ажыратуу аңчылыкты пайдалануучуну бардык карыздарын жоюудан, ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан жана аныкталган тартип бузууларды жоюудан бошотпойт.
4. Келишимге өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана Келишимдин колдонулушун токтотуу
12. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө Келишим түзгөн Тараптардын эки жактуу макулдугу боюнча гана жол берилет.
13. Келишимдин колдонулушу ал түзүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда дароо токтойт.
14. Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда же ал бузулганда аңчылыкты пайдалануучунун көбөйтүүгө, коргоого, ыңгайлаштырууга жана башка иштердин түрлөрүнүн чыгымдарынын орду толтурулбайт.
5. Келишимдин өзгөчө шарттары
15. Келишимден келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана аны менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
16. Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп ага тиркелген документтер, анын ичинде төмөнкүлөр саналат:
- Ыйгарым укуктуу орган менен Келишим түзгөн юридикалык жак - Катышуучу тууралуу маалыматтар боюнча конкурстук документтер жана кошумча маалыматтар;
- конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө Конкурстук комиссиянын чечиминин көчүрмөсү;
- аңчылыкты пайдалануучуга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик жердин курамына кирген, ар бир өз алдынча мергенчилик жана көбөйтүү участогунун паспорту ушул Келишимдин 1-тиркемесинин формасына ылайык;
- аңчылыкты пайдалануучуга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген бүтүндөй мергенчилик жеринин (масштабы 1:200000 же андан чоң), же болбосо ар бир өз алдынча мергенчилик жана көбөйтүү участогунун (бардык участоктордун, кордондордун жана кирүүчү жолдордун чек араларын көрсөтүү менен) топографиялык картасы ушул Келишимдин 2-тиркемесинин формасына ылайык.
17. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө түзүлгөн ушул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада толтурулат, анын бир нускасы Ыйгарым укуктуу органда калтырылат, экинчи нускасы аңчылыкты пайдалануучуга тапшырылат.
18. Ушул Келишим Тараптар тарабынан ага кол коюлгандан кийин күчүнө кирет, ал эми аңчылыкты пайдалануучу ушул Келишимде көрсөтүлгөн мергенчилик жерлердин чектеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугуна ээ болот.
Келишимге кол коюу
Келишимдин Тараптарынын реквизиттери жана кол тамгалары:
Ыйгарым укуктуу орган үчүн: | Аңчылыкты пайдалануучу үчүн: | ||||
______________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) | ______________________________________________ (аңчылыкты пайдалануучунун аталышы) | ||||
______________________________________________ (дареги, банктык маалымдаректери) | ______________________________________________ (дареги, банктык маалымдаректери) | ||||
______________________________________________ ______________________________________________ ______________________________________________
М.О. | ______________________________________________ ______________________________________________ ______________________________________________
М.О. |
|
| Кыргыз Республикасында мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө типтүү келишимдин 1-тиркемеси |

(Юридикалык жактын (аңчылыкты пайдалануучунун) аталышы)
Мергенчилик чарбасынын (аңчылык участогунун/кайрадан өндүрүү участогунун) ПАСПОРТУ
_________________________________________________________________________________________
(Мергенчилик чарбасынын (мергенчилик участогунун/кайрадан өндүрүү участогунун) аталышы)
Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу Комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн белгилөө боюнча жыйынынын 20____- жылдын "____" _______________ № _____________ протоколунун жана ________________

(Конкурсту уюштуруучунун аталышы)
Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугунун конкурстун жеңүүчүсүн белгилөө жөнүндө 20__-жылдын "____" _________ № ___________ буйругуна жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен 20___-жылдын "____"____________ тартып 20____-жылдын "___"_______________ чейинки мезгилге ______________________________________________
____________________________________________________________________________________ аймагында
(администрациялык бирдиктин аталышы)
мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө 20____-жылдын _____- айында түзүлгөн №______ келишимине ылайык мергенчилик жерлеринин чектеринде ___________________________________________ берилди.
___________________________________________________________________________________________
(аңчылык пайдалануучунун аты жана дареги)
1. Мергенчилик чарбасы (мергенчилик участогу) _______________________________________________
_____________________________________________________________________ аймагында жайгашкан.
(администрациялык бирдиктин аталышы)
Мергенчилик чарбасынын (мергенчилик участогунун) аянты _______________ миң гектарды түзөт, анын ичинде:
токойлор - ________________ миң га; айдоолор - ______________ миң га; шалбаалар - _____________ миң га; суу -_________________ миң га; жайыттар - ___________________ миң га.
Мергенчилик чарбасынын (мергенчилик участогунун) чектери:
- түндүгү: _______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________;
- чыгышы: _______________________________________________________________________________

- түштүгү: _______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________;
- батышы: ______________________________________________________________________________

Кайрадан өндүрүү участогунун (тынч зонанын) аянты ______ миң га.,
Кайрадан өндүрүү участогунун чектери:

- чыгышы: ______________________________________________________________________________

| Кыргыз Республикасында мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө типтүү келишимдин 2-тиркемеси |
___________________________________________________ мергенчилик (аңчылык участогунун/кайрадан өндүрүү участогунун) чарбасынын аянты жана__________________________________________ (аңчылыкты пайдалануучунун аталышы) жерлерин пайдалануу жөнүндө МААЛЫМАТТАР
Катар № | Мергенчилик чарбасынын (мергенчилик участогунун) аталышы, жылдар | Мергенчилик чарбасынын (мергенчилик участогунун) жалпы аянты (га) | Анын ичинде жерлердин типтери боюнча | Маалымат булагы | |||||||||||||||||
чөл | жарым чөл | талаа | токой талаа | ийне жалбырактуу токой | жалбырактуу токой | аралаш токойлор | бадалдар | сайлардагы өсүмдүктөр | саз | шалбаалар | бөксө тоо чөлдөрү | бөксө тоо талаалары | бөксө тоо шалбаалары | бийик тоо шалбаалары | өтө бийик тоо шалбаалары | аска-зоолор | мөңгүлөр | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 480 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ