Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № 424
Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган Баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана алардын прекурсорлорунун үлгүлөрүн өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган Баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана алардын прекурсорлорунун үлгүлөрүн өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынан макулдашуу боюнча компетенттүү органдар деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө, ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн, кабыл алынган чечим тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |