Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-августу № 429
"Пирамида" телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун" уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүштү менчиктештирүү маселелери жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизүү суралсын:
- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын:
"
38 | "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын үлүшүнүн 100%ы |
";
- жогоруда аталган токтомдун № 2 тиркемесинин 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программасына оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |