Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу № 401
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287, 16 августа 2017 года № 489, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп эсептелери белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, преамбуладагы жана 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Атайын эсеби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Агенттик" жана "директор" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Комитет" жана "төрага" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын функцияларын бөлүштүрүүгө карата айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 18-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 262
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын туруктуу, ишенимдүү иштешин жана акча агымдарын бөлүштүрүүнүн ачыктыгын камсыздоо максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 "Электр жана жылуулук энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана текст боюнча "жана жылуулук" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктундагы "Эсептешүү-сактоо компаниясы" деген сөздөр "РСК Банк" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "Эсептешүү-сактоо компаниясы" деген сөздөр "РСК Банк" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Дүң рыноктун катышуучулары менен электр энергиясы үчүн эсептешүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка келип түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дүң рыноктун катышуучуларынын электр жана жылуулук энергиялары үчүн эсептешүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жободо:
аталышындагы жана текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жана жылуулук" деген сөздөр алып салынсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 токтому менен бекитилген" деген сөздөр жана цифралар "1-тиркеме" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген каражаттарды үлүштүк бөлүштүрүүгө ылайык атайын укуктуу банк акчаны транзиттик эсептен электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын эсебине күнүнө эки жолу которот:";
5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Тиркеме
"2-тиркеме
Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка келип түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип электр энергиясын (мындан ары - электр энергиясы) ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка келип түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын (мындан ары - энергетика компаниялары) ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн механизмин аныктайт.
2. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка акча каражаттарынын келип түшүүсүнө күн сайын мониторинг жүргүзөт.
3. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын:
1) бекитилген техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде төмөнкүлөрдү аныктайт:
- электр энергиясын бөлүштүргөн компаниянын (мындан ары - БЭК) тармагына электр энергиясынын келишинин пландалган көлөмүн;
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ТЭС) товардык өнүмүн - электр энергиясынын келип түшүүчү пландык көлөмүн электр энергиясын сатып алуу тарифине көбөйтүү жолу менен, жеткирилген электр энергиясы үчүн "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна БЭК тарабынан которулууга тийиш болгон акча каражаттарын;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" (мындан ары - ТКУЭТ) ачык акционердик коомунун товардык өнүмүн - электр энергиясынын келип түшүүчү пландык көлөмүн электр энергиясын берүүнүн тарифине көбөйтүү жолу менен, жеткирилген электр энергиясы үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна БЭК тарабынан которулууга тийиш болгон акча каражаттарын;
- БЭКтин товардык өнүмүн (мындан ары - ТБЭК) - электр энергиясынын келип түшүүчү пландык көлөмүн керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тийиштүү тарифине көбөйтүү жолу менен, жеткирилген электр энергиясы үчүн керектөөчүлөр тарабынан БЭКтерге которулууга тийиш болгон акча каражаттарын;
- өткөн айдын 1-күнүнө карата БЭК үчүн дебитордук/кредиттик карыздарынын өлчөмүн аныктайт;
2) өткөн ай үчүн электр энергиясынын көлөмү жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде;
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун үлүшүнө иш жүзүндө келип түшкөн акчалай каражаттарын белгилейт;
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ЧЭС) жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ЧКУЭТ) үлүшүнө товар продукциясы менен акча каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүүсүнүн ортосунда четтөөнүн өлчөмүн аныктайт;
3) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде энергетика компанияларынын ортосунда акча каражаттарынын үлүштүк бөлүнүшүн аныктайт:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун үлүшү (мындан ары - ҮЭС) ҮЭС = ТЭС +/- ЧЭС формуласы боюнча эсептелет;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун үлүшү (мындан ары - ҮКУЭТ) ҮКУЭТ = ТКУЭТ +/- ЧКУЭТ формуласы боюнча эсептелет;
- БЭКтин үлүшү (ҮБЭК) ҮБЭК = ТБЭК - ҮЭС - ҮКУЭТ формуласы боюнча эсептелет.
Энергетика компаниялардын транзиттик эсебине акча каражаттарын күн сайын бөлүштүрүү ар бир компаниянын ТБЭК бир айлык планына карата пайыздык катышта эсептелген үлүшүнүн негизинде аныкталат.
4. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган энергетика компанияларынын ортосунда акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйрукту ай сайын чыгарат жана 10-күнгө чейин акча каражаттарын транзиттик эсептен жогоруда аталган компаниялардын эсебине күн сайын которуу үчүн атайын укуктуу банкка жөнөтөт.
5. Акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйрук төмөндөгү маалымат булактарынын негизинде чыгарылат:
- энергетика компаниялардын бекитилген техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү;
- энергетика компанияларынын ар айлык отчеттук маалыматтары жана "Кыргыз энергетика эсеп борбору" ачык акционердик коомунун (мындан ары - КЭЭБ) маалыматтары;
- атайын укуктуу банктын акча каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүүсү жөнүндө маалыматтары.
6. Акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр чагылдырылат:
- энергетика компанияларынын ортосунда акча каражаттарын бөлүштүрүүнүн пайызы;
- БЭК үчүн акча каражаттарын жыйноонун пландык көрсөткүчтөрү;
- ар бир энергетика компаниясы үчүн акча каражаттарынын үлүшү.
7. Акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйруктун көчүрмөлөрү КЭЭБ жана энергетика компанияларына да жөнөтүлөт.".