Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-январы N 25
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча ыйгарым укуктар берилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы N 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 7-пунктунун жыйырма тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Өкмөттүн чечимдеринин, Премьер-министрдин буйруктарынын министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана аткаруу бийлигинин башка органдары, ошондой эле берилген ыйгарым укуктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзөт, талдайт жана контролдойт;";
- 8-пунктунун экинчи-төртүнчү абзацтары "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 17-январында N 3 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |