Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-январы N 25
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча ыйгарым укуктар берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы N 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Премьер-министр Өкмөттүн ишин жетектейт, камсыз кылат жана уюштурат, Өкмөттүн жыйындарын башкарат, Өкмөт мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берет, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткаруу боюнча иштерин контролдойт жана жасалган иштери жөнүндө отчетторун сурайт жана угат.";
- 8-пункту "мыйзамдардын," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана Өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын контролдоо максатында өзүнүн жыйындарында министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген бөлүгүндөгү отчетторун жана маалыматтарын угат, аталган органдардын ишине баа берет, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын актыларын жокко чыгаруу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1. Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн өргүүгө чыгуусу өргүү башталганга чейин 10 жумуш күнүнөн кеч эмес жазуу жүзүндө Премьер-министр, ошондой эле тейлөөчү вице-премьер-министр менен макулдашылат.";
- 17-пунктунун төртүнчү абзацы "10" деген цифрадан кийин "жумуш" деген сөз менен толукталсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"26. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга милдеттүү болгон токтомдорду жана буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдоону камсыздайт.
Өкмөттүн жыйындарында Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Өкмөттүн ар бир мүчөсү жооптун бир гана вариантына ("макулмун", "каршымын") добуш берет.
Добуштар тең болуп калган учурда жыйынга төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Жыйында каралып жаткан маселе боюнча Өкмөт мүчөсүнүн өзгөчө пикири жыйындын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары ушул Регламент менен аныкталган талаптарды сактоо шартында сурамжылоо жолу менен кабыл алынат.";
- 41-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Өкмөттүн токтомдору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте расмий жарыяланууга тийиш. Өкмөттүн буйруктары актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.";
- 46-пунктунда "жарлыктарын" деген сөз "актыларын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"47. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик бийликтин башка органдары, Өкмөттүн Аппараты тарабынан гана иштелип чыгат жана тийиштүү чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Өкмөткө киргизүү механизми Мыйзам менен аныкталган административдик ведомстволорду кошпогондо Өкмөткө ушул Регламентте белгиленген тартипте киргизилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-пункт менен толукталсын:
"50-1. Тийиштүү Мыйзам долбоорун иштеп чыккан аткаруу бийлигинин органы түздөн-түз макулдашуу жол-жоболорунун алдында ушул Мыйзам долбоорун экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берүүгө укуктуу.
Экспертизанын адистештирилген түрлөрү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө Юстиция министрлигинин корутундусун алуу үчүн иштеп чыккан орган тарабынан Юстиция министрлигинин дарегине төмөнкү документтердин пакети берилет:
- Мыйзам долбоору жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоору;
- Өкмөттүн токтомунун долбооруна негиздеме-маалымкат;
- Мыйзам долбоору;
- Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат;
- салыштырма таблица (Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү учурунда).";
- 51-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "- эгерде акт долбоорлору мамлекеттик бюджеттин кирешелерине же чыгымдарына таасир тийгизсе" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзацындагы "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- 52-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"52. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчиси жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору ушул мамлекеттик органдын жетекчисинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары (статс-катчысы) менен макулдашылат.
Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (статс-катчысы) менен Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун макулдашуу учурунда бул макулдашуу мамлекеттик органдын позициясы болуп саналат жана Өкмөт мүчөсү катары макулдашуу болуп эсептелиши мүмкүн эмес.";
- 56-пунктунун биринчи абзацындагы "актынын долбоорун макулдашуу" деген сөздөрдөн мурда "министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 57-пунктунда:
экинчи абзацындагы "өзгөчө" деген сөз алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кийинкиге калтырбастан чечүүнү талап кылган учурлар болуп Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жумушчу топторду, комиссияларды, делегациялардын курамдарын түзүү маселелери, ошондой эле Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Аппарат жетекчисинин тапшырмалары менен аныкталган маселелер саналат.";
- 61-пунктунун биринчи абзацындагы "2" цифрасы "3" цифрасына алмаштырылсын;
- 66-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"66. Мындан кийин документтердин бүткүл пакети (көчүрмөлөрү) Юстиция министрлигине укуктук экспертиза, ал эми зарыл болгон учурда - адистештирилген экспертизанын башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн жиберилет.";
- расмий тилдеги 67-пункту "приложением" деген сөздөн кийин "копий" деген сөз менен толукталсын;
- 69-пунктунун он үчүнчү абзацы "күчүн жоготту" деген сөздөрдөн кийин "же тийиштүү оңдоолор киргизилүүчү жана күчүн жоготту деп табылуучу ченемдик укуктук актыларды камтыган электрондук алып жүрүүчү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 74-пункту "42," деген цифрадан кийин "47," деген цифра менен толукталсын;
- 76-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"76. Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө Премьер-министр аныктаган тартипте ишке ашырылат.";
- 91-пунктунун "а" пунктчасында:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- ушул Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу күчүн жоготту деп табылууга, токтото турууга, өзгөртүүгө, толуктоого тийиш болгон Мыйзам актыларынын тизмегин";
жетинчи абзацы "Мыйзам долбоорун" деген сөздөрдөн мурда "эгерде Мыйзам долбоору коомдук талкуулоону талап кылса," деген сөздөр менен толукталсын;
- 97-пунктунун экинчи абзацы биринчи сүйлөмдөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Кызыкчылыктардын талаш-тартышын болтурбоо максатында Аппарат жетекчиси Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө же аткаруу бийлигинин башка органдарына расмий чечмелеп берүү жөнүндө буйруктун долбоорун иштеп чыгууга тапшырма берүүгө укуктуу.";
- 99-пунктунун биринчи абзацы "администрациялык ведомстволорго" деген сөздөрдөн кийин Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 101-пункту "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун," деген сөздөр менен толукталсын;
- 104-пунктунун биринчи абзацындагы "бир айлык" деген сөздөр "эки айлык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 108-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"108. Эгерде тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө тапшырма сегиз жумуш күнүнүн ичинде аткарылууга тийиш, буга ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга тийиштүү тапшырмалар кирбейт, аларды аткаруу эки айлык мөөнөттө ишке ашырылат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу менен байланышпаган тапшырмалардын аткаруу мөөнөтү макулдашуу боюнча бир айга чейин узартылышы мүмкүн.";
- 114-пункту "администрациялык ведомстволордун," деген сөздөрдөн кийин "Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 137-пунктунун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 155-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"155. Өкмөт өзүнүн компетенциясынын чегинде "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жарандарын кайрылууларын кароону камсыз кылат.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана Өкмөттүн Аппаратынын расмий электрондук дарегине (расмий сайтына) келип түшкөн электрондук кайрылуулар арыз берүүчүгө бул жөнүндө андан аркы билдирүү менен катталууга тийиш.
Жарандардын келип түшкөн кайрылуулары аларды каттаган күндөн тартып 14 күндүн ичинде министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан каралат.
Жарандардын Өкмөткө келип түшкөн кайрылуулары менен иштөөнү Өкмөттүн Аппараты уюштурат. Мазмунуна жана маселенин мүнөзүнө жараша кайрылуу Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге (милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык) же Аппарат жетекчисине билдирилет же болбосо Өкмөттүн Аппараты тарабынан кайрылууда коюлган маселелер компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга же аткаруу бийлиги органдарына кароо жана арыз ээлерине жооп берүү үчүн жиберилет.
Эгерде жарандардын кайрылууларын чечүү үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болсо, даттанууларды чечүү мөөнөтү өзгөчө тартипте, бирок 30 күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн. Бул жөнүндө чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилери, кызмат адамдары же ушуга ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан кабыл алынат жана жазуу (электрондук) жүзүндө арыз берүүчүгө билдирилет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы N 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 7-пунктунун жыйырма тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Өкмөттүн чечимдеринин, Премьер-министрдин буйруктарынын министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана аткаруу бийлигинин башка органдары, ошондой эле берилген ыйгарым укуктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзөт, талдайт жана контролдойт;";
- 8-пунктунун экинчи-төртүнчү абзацтары "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 17-январында N 3 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-январы N 25
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча ыйгарым укуктар берилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы N 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 7-пунктунун жыйырма тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Өкмөттүн чечимдеринин, Премьер-министрдин буйруктарынын министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана аткаруу бийлигинин башка органдары, ошондой эле берилген ыйгарым укуктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзөт, талдайт жана контролдойт;";
- 8-пунктунун экинчи-төртүнчү абзацтары "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 17-январында N 3 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |