Документке
Мурунку24.02.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 8-майы № 241

"Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93, 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине салык, бажы, социалдык жана салыктык эмес төлөмдөр маселелери боюнча колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында "COVID-19" коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кырдаал ал жеткис күчтүн жагдайы деп таанылсын.

2. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар 2020-жылдын 1-июлуна чейин төмөнкүлөрдү жазуу жүзүндөгү арызысыз берүүгө укуктуу экендиги белгиленсин:

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчетторунан тышкары, 2020-жылдын биринчи кварталынын салык мезгили үчүн жана/же 2020-жылдын 1-мартынан тартып 31-майына чейин түзүлүүчү салык отчетторун;

- 2020-жылдын 1-мартынан тартып 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту (FORM STI-157).

3. Салык органдарынын чечимдерин чыгаруу, тапшыруу жана даттануу мөөнөттөрүн токтотуунун төмөнкү тартиби аныкталсын:

1) эгерде өзгөчө абал режими киргизилген күнгө карата салык кызматынын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык андан ары чечим чыгарууга алып келген жол-жоболор жүргүзүлүп, бирок жол-жоболорду жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктай электигине байланыштуу алар боюнча чечим чыгарыла элек болсо, анда мындай жол-жоболорду жүргүзүүнүн мөөнөттөрү өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып мындай абал киргизилген мезгилге карата белгиленген мөөнөттүн калган күндөрдүн санын сактоо менен токтотулат;

2) эгерде өзгөчө абал режими киргизилген күнгө карата салык органдары тарабынан салык төлөөчүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган чечим чыгарылып, бирок тапшыруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктай электигине байланыштуу салык төлөөчүлөргө чечим тапшырыла элек болсо, же болбосо чечим тапшыруу үчүн белгиленген мөөнөттүн акыркы күнү өзгөчө абал режими киргизилген күнү аяктаса, анда мындай чечимдерди тапшыруунун мөөнөттөрү өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып мындай абал киргизилген мезгилге карата белгиленген мөөнөттүн калган күндөрдүн санын сактоо менен токтотулат;

3) эгерде өзгөчө абал режими киргизилген күнгө чейин салык төлөөчүлөргө чечим тапшырылып, аларга даттануунун мөөнөтү өзгөчө абал режими киргизилген күнү аяктай элек болсо, анда салык органдарынын чечимдерине доо арыз берүү мөөнөттөрү өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып мындай абал киргизилген мезгилге карата белгиленген мөөнөттүн калган күндөрдүн санын сактоо менен токтотулат.

Ушул пунктка ылайык токтотулган мөөнөттөрдү кайрадан жандандыруу өзгөчө абалдын режими аяктаган күндөн тартып жети иш күн өткөндөн кийин башталат.

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

122-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда банктык кепилдиктерди берүүсүз, ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында түзүлгөн салык карызынын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды же бөлүп төлөөлөрдү берүү чечимин белгилүү бир мөөнөткө карата кабыл алууга укуктуу.

Салык төлөөчү ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында пайда болгон салык карыздарынын суммасы боюнча мөөнөтүн узартып же бөлүп төлөө жөнүндө арызды банк кепилдиктери жөнүндө документтерди көрсөтпөстөн берүүгө укуктуу.".

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышы жана 1-пункту "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибинде:

Тартиптин аталышы "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;

1-пункту "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;

4-пунктунун биринчи абзацы "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;

2-главасынын аталышы "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-1, 21-2 жана 21-3-пункттар менен толукталсын:

"21-1 Эгерде өндүрүүчү Тизмеге киргизилген товар боюнча салык салынуучу беримдерди ишке ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн төмөн көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенме контролдук баалардын белгиленген минималдык деңгээлин колдонуу жана аны КНС боюнча салык отчетунда чагылдыруу менен эсептелет.

21-2. Эгерде өндүрүүчү Тизмеге киргизилген товар боюнча салык салынуучу беримдерди ишке ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн жогору кылып көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенме контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонбостон, келишимде жана эсеп-фактурада көрсөтүлгөн баага жараша эсептелет.

21-3. Контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарларды тийиштүү товар коштоочу документтери жок салык салынуучу жеткирүү фактылары аныкталган учурда, кыйыр салыктар контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуу менен салык органы тарабынан эсептелүүгө тийиш.";

- 22-пункту "импорттоочу" деген сөздөн кийин "жана өндүрүүчү" деген сөздөр менен толукталсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартибинде:

3-пункту "Декларант" деген сөздөн кийин "салыктын суммасын өзгөртүүгө алып келүүчү каталар табылган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдөн тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.

10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык, ветеринариялык жана башка максаттарга пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:

15-пунктунда:

- "Арыздардын түшүүсүнө жараша," деген сөздөрдөн кийин "ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурдан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Арыздардын түшүүсүнө жараша, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда, ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилинде атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу субъекттердин жалпыланган тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилет.".

12. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

Жаңы16,12,2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 8-майы № 241

"Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93, 2022-жылдын 24-февралындагы № 95, 2022-жылдын 22-мартындагы № 150, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 35 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

белгиленген мөөнөттө өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдөн тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.