Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 294
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Т. Зулпуев атындагы айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө
Ош шаарындагы Алмалык участогунун өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан тургундарын көчүрүү, алардын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасыиын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасыиын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасыиын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерипе ылайык, Кыргыз Республикасыиын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасыиын Ош облусундагы ыйгарым укукгуу өкүлүпүн 2015-жылдын 28-сентябрындагы № 643-6 буйругун коңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасыиын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыиын От облусунун Ноокат районундагы Т. Зулпуев атындагы айыл аймактын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 9,2 га кайрак айдоо жери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясыиан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасыиын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасыиын Ош облусундагы ыйгарым укукгуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
-жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну, жана бекитүүнү;
-ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
-жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу зарыл болгондо жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоону, ошондой эле электр берүү линиялары болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуштун жол берилген чектөөлөрүн сактоону.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |