Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 токтому менен бекитилген |
1. Бул Этикалык стандарттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун (мындан ары - ички аудиторлор) жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
2. Этикалык стандарттардын максаты, ички аудитордун кесибин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон, ал кызматтык милдеттерин чынчылдык, так жана ак ниеттүүлүк менен ишке ашыргыдай жана уюм үчүн зыян алып келүүчү иш-аракеттерден кармангыдай болгон этикалык баалуулуктар негизин түзүү.
3. Этикалык стандарттар ички аудитордун ишинде төмөндөгү милдеттерге жетишүүнү камсыз кылат:
- мыкты натыйжалар - үнөмдүүлүк, натыйжалуулук жана майнаптуулук шарттарында мамлекеттик кызыкчылыктарды сактоо максатында иш жүргүзүү;
- кесипкөйлүк - кесиптик даярдык жана квалификацияны жогорулатуу жолу менен жетишилген интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдүн, билимдердин жана кесиптик тажрыйбанын болуусу, жана ички аудиторлордун этикалык баалуулуктарын сактоо;
- кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык көрсөтүлгөн кызматтардын деңгээлин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудиттин Стандарттарына (мындан ары - Стандарттар) ылайык келүүсүн камсыздоо;
- ишеним - кызматташтык, өз ара жардам жана кесиптик сыпайылык принциптерине негизделген ички аудиторлор ортосундагы мамилелерди калыптандыруу;
- ишенимдүүлүк - ички аудиттин отчетторундагы маалыматтын чындыктуулугу жана объективдүүлүгү.
2. Ички аудитордун этикасынын принциптери
4. Өзүнүн ишин жүргүзүүдө ички аудитор ички аудитордун этикасынын негизги төрт принцибин сактоого тийиш:
- чынчылдык;
- көз карандысыздык, объективдүүлүк жана алакчысыздык;
- компетенттүүлүк;
- конфиденциалдуулук.
5. Чынчылдык принцибин ишке ашыруу үчүн ички аудиторлор:
- өзүнүн ишин аткарууга чынчыл, ак ниет жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында аракеттенүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда гана маалыматты ачууга;
- мыйзамсыз ишке же ички аудитордун кесибинин же уюмдун кадырын кетирүүчү аракеттерге катышпоого тийиш;
- уюмдун максаттарына жетишүүгө салым кошууга.
6. Көз карандысыздык, объективдүүлүк жана алакчысыздык принциптерин ишке ашыруу үчүн ички аудиторлор:
- ишке тиешеси бар бардык жагдайларга тең салмактуу (объективдүү) баа берүүгө жана өзүнүн ой жүгүртүүсүндө жекече кызыкчылыктарына алдырбоого жана (же) башка адамдардын кызыкчылыктарынын таасиринде калбоого;
- аларга белгилүү болгон, ачылбай калган шартта аудит объектиси боюнча отчеттуулукта бурмаланышы мүмкүн болгон фактыларды ачып берүүгө;
- аудит объектиси тууралуу маалыматты жыйноодо, баалоодо жана тапшырууда объективдүүлүктү көрсөтүүгө;
- аудит жүргүзүлө турган уюм жана башка тараптар берген маалыматтарды жана тыянактарды пайдаланууга, бирок ички аудиторлордун отчеттору алынган маалыматтардын жана тыянактардын таасиринде калбоого;
- Стандарттарга ылайык алынган жана чогултулган так жана объективдүү далилдерге гана негизделген так жана объективдүү аудиттордук отчетторду берүүгө;
- алардын алакчысыздыгына терс таасир кылуучу же зыян келтирүүчү катары каралуучу кандайдыр-бир ишке же мамилелерге катышпоого тийиш. Бул уюмдун кызыкчылыктарына каршы келиши мүмкүн болгон аракеттерге жана мамилелерге да тиешелүү;
- алардын кесиптик ой-пикирине зыян келтирүүчү же мындай зыян келтирүүчү катары кабыл алынуучу эч кандай белек албоого жана кандайдыр-бир иш-аракеттерди көрбөөгө тийиш.
- Ички аудиторлор аудит жүргүзүлүп жаткан уюмдарга жана башка кызыкдар топторго көз каранды болбоого тийиш.
7. Компетенттүүлүк принцибин ишке ашыруу үчүн ички аудиторлор:
- зарыл болгон кесиптик билими, көндүмү жана тажрыйбасы аткаруу үчүн жетиштүү гана кызмат көрсөтүүлөргө катышууга;
- Стандарттарга ылайык ички аудит боюнча ишти аткарууга;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин, аткарылуучу иштин натыйжалуулугун жана сапатын үзгүлтүксүз жогорулатууга тийиш.
8. Конфиденциалдуулук принцибин ишке ашыруу үчүн ички аудиторлор:
- өзүлөрүнүн ишин аткаруу процессинде алынган маалыматка карата менчик укугу катары жоопкерчиликтүү мамиле жасоого жана мыйзамдарда же кесиптик милдеттерде мындай маалыматтарды ачуу шарттары каралган учурлардан тышкары, тийиштүү ыйгарым укуктарсыз маалыматты ачыкка чыгарбоого;
- өзүлөрүнүн милдеттерин ишке ашыруу учурунда алынган маалыматты пайдалануунун жана коргоонун натыйжаларын алдын ала көрө билүүгө;
- маалыматты жекече кызыкчылыктарына же кандайдыр-бир башка түрдө мыйзамдарга каршы келүүчү же уюмдун максаттарына зыян алып келтирүүгө жөндөмдүү ыкмада пайдаланбоого тийиш.
3. Ички аудитордун жоопкерчилиги
9. Ички аудитор кызматтык милдеттерин ишке ашырууда Этикалык стандарттардын сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болот жана ички аудит кызматынын жетекчисине (мындан ары - ИАКЖ) жана Ички аудит боюнча кеңешке жазуу түрүндө төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт:
1) Этикалык стандарттарды колдонууда калпыстыктардын болуусу;
2) ички аудитордун кесибинин кадырын кетирүүгө жол берилгендиги;
3) ички аудитор менен уюмдун жетекчиси, ИАКЖ, башка кызмат адамдарынын ортосундагы жекече каршылыктардын пайда болуусу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга алып келген аракеттерди жасоого мажбурлоо окуялары.
10. Этикалык стандарттарды сактоону камсыздоо үчүн ички аудиторлор кызматка киргенде Этикалык стандарттарды сактоо жөнүндө Декларациянын эки нускасына (Этикалык стандарттардын тиркемеси) кол коет. Декларациянын бир нускасы ички аудит кызматынын жетекчисинде, экинчиси ички аудитордо сакталат.
Декларациянын автоматташтырылган системасы колдонгон шартта ички аудиторлордун электрондук сандык колу коюлат жана маалыматтар базасында сакталат.
11. ИАКЖ бардык ички аудиторлор Этикалык стандарттарда камтылган билим баалуулуктарын жана принциптерин билүүсүн камсыздоо үчүн жоопкерчиликтүү болот.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарынын тиркемеси |
Мен, төмөндө кол койгон ___________________ ички аудиттин Этикалык стандарттарын билем жана сактоого милдеттенем.
Этикалык стандарттарды бузуу кызыкдар тараптар жүргүзгөн иликтөөлөрдөн кийин тартиптик чараларды колдонууга алып келээрин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чарасын талап кылаарын түшүнөм.
Фамилия (басма тамгалары менен) |
| Уюмдун аталышы |
_______________________________ |
| _____________________ |
Кызматы _______________________
Колу __________________________
Датасы ________________________