Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-октябры № 536
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагынын Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын сел жүрүүдөн жабыркаган тургундарына жер участокторун берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө " Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 58 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын сел жүрүүдөн жабыркаган тургундары үчүн жеке турак үйлөрдү курууга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан 10,0 га кайрак айдоо жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:
-жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
-жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу зарыл болгон учурда жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоону;
-ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнер жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |