Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-октябры № 541
2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 1992-жылдын 8-февралындагы Гидрометеорология жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 1992-жылдын 8-февралындагы Гидрометеорология жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |