Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-октябры № 544
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жободо:
- 12-пункттун онунчу абзацындагы "ал чыгарылган күндөн тартып 5 күндүн ичинде авторго билдирилет" деген сөздөр менен цифра "ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде авторго жиберилет же болбосо берилет." деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |