Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 550
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы "6" деген цифра "5" деген цифра менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жободо:
- 28-пункттагы "(┐)" деген белги "(-)" деген белги менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |