Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 551 токтому менен бекитилген |
Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө арналган аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартибин белгилейт.
2. Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясы катары аныктоо Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү боюнча ведомстволор аралык эксперттик комиссияга (мындан ары - Ведомстволор аралык эксперттик комиссия) жүктөлөт, анын иш тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
2. Порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориялары
3. Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө төмөнкү категориядагы аудиовизуалдык чыгармаларга жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын башка түрлөрүнө тыюу салынат:
1) ачык көрсөтүлгөн же сүрөттөлгөн порнографиялык сценаларды (эпизоддорду) камтыйт:
- негизги мазмуну болуп сексуалдык мамилелердин одоно натуралисттик анатомиялык жана физиологиялык бөлүктөрүн деталдуу сүрөттөгөн, жыныстык катнашты эч кандай көркөмдүүлүгү жана илимий баалуулугу жок ар кандай сүрөттөө саналат;
- зоофилия;
- некрофилия;
- сексуалдык зомбулуктун сценаларын;
- коомдун адептүүлүк жана моралдык принциптерине каршы келүүчү сценалар жана материалдар;
- жыныстык органдарды вульгардык-натуралисттик, уятсыз сүрөттөө, гениталияларды атайын деталдаштырып көрсөтүү;
- адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү жыныстык катнаш сценалары, сексуалдык бузукулук;
2) чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрү:
а) төмөнкү сценаларды (эпизоддорду) камтыган аудиовизуалдык чыгармалардын катарына кирген экстремисттик жана сепаратисттик чыгармалар:
- мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга же күч менен кармап турууга, ошондой эле мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймагынын бүтүндүгүн бузууга жана коомдук коопсуздукка күч менен кол салган, анын ичинде жогоруда аталган максаттарда мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүгө же аларга катышууга, уюштурууга ачык чакырган жана багыт берилген;
- согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты пропагандалаган;
- терроризмди актоого жана башка террористтик ишти колдоого чакырган;
- коомдук коопсуздукту бузууга, террористтерге пайдалуу чечимдерди чыгаруу үчүн мамлекеттик бийлик органдарына жана эл аралык уюмдарга таасир көрсөтүүгө, калкты коркутууга жана саясий, идеологиялык, диний максаттарга жетүүгө ачык багытталган;
- көркөмдүк ой менен акталгандан тышкары, мыйзамдуу бийликти кулатууга чакырган жана даңазалаган нацисттик атрибутикаларды жана символиканы, же нацисттик атрибутикага жана символикага аралашуу даражасына чейин окшош атрибутиканы жана символиканы, ошондой эле тыюу салынган террористтик уюмдардын башка символикаларын эл алдында пропагандалап көрсөтүү;
- социалдык, расалык, улуттар аралык, этностор аралык же диний кастыкты жандырууга, социалдык, расалык, улуттук диний же тилге тиешелүү жагынан адамдын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого багытталган;
- мамлекеттик символикалардын атрибуттарын (желекти, гербди, гимнди) кемсинткен жарандык жана улуттук этиканы бузуучу ченемдер;
б) баңгилик жана психотроптук заттар жөнүндө, аларды даярдоо жерлери жана ыкмалары тууралуу ар кандай маалыматты, анын ичинде тиешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча сунуштарды, ошондой эле аларды кай жерден жана кандай шартта сатып алууга мүмкүн болгон, баңги заттарды даярдаган, жайылткан же керектеген адамдардын жакшы сүрөтүн чагылдырууга багытталган же анын ачык пропагандасын камтыган маалыматтар;
- өзүн-өзү өлтүрүүгө чакырган сценаларды пропагандалаган же өзүн өлтүрүү сюжеттерин жана/же өзүн өлтүрүүгө аргументтерди камтыган.
3. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын иш тартиби
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө болжолдонуучу аудиовизуалдык чыгармалар милдеттүү түрдө мамлекеттик жүгүртүү күбөлүгүн алуу үчүн "Кыргызфильмофонд" республикалык мамлекеттик киновидеофильмдер фондусуна (мындан ары - Кыргызфильмофонд) кинематография уюмдары жана фильмдерди жүгүртүүчүлөр тарабынан берилет.
5. Кыргызфильмофонд мамлекеттик каттоого берилген бардык аудиовизуалдык чыгармаларды баштапкы экспертизадан өткөрөт.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө арналган аудивизуалдык чыгармаларда порнографиялык мүнөздөгү сценалар (эпизоддор) же бул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн чыгармачылыктын тыюу салынган башка түрлөрү жок болгон учурда гана мамлекеттик жүгүртүү күбөлүгү берилет.
7. Мамлекеттик каттоого берилген аудивизуалдык чыгармаларда порнографиялык мүнөздөгү сценалар (эпизоддор) же чыгармачылыктын тыюу салынган башка түрлөрү аныкталган учурда, Кыргызфильмофонд материалдарды маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Кинематография департаментине (мындан ары - Департамент) Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын кароосуна жөнөтөт.
8. Ведомстволор аралык эксперттик комиссия маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен түзүлөт жана иштин мыйзамдуулугун, ачыктыгын аткаруу, маселелерди талкуулаганда Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу, алардын чечимдерди эркин кабыл алуусу жана талкуусу, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгаруу принциптеринде иш алып барат.
9. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын ишин координациялоону жана уюштуруу-техникалык камсыздоосун Департамент жүзөгө ашырат.
10. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын 9 адамдан турган курамы бекитилет.
11. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын:
маданият жаатынан (төрага);
укук коргоо ишинин чөйрөсүнөн;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатынан;
дин иштери жаатынан;
- Департаменттин жана анын ведомстволук түзүмдүк мекемелеринин, чыгармачыл уюмдардын жана ассоциациялардын мүчөлөрү.
12. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын жыйындары берилген аудиовизуалдык чыгарманын категориясын аныктоо зарылдыгы пайда болгондо өткөрүлөт.
13. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрү жарымынан көбү катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
14. Эксперттик комиссиянын чечими жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат, добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
15. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын жыйынын төрага жетектейт жана ишинин жыйынтыктарын чыгарат.
16. Ведомстволор аралык эксперттик комиссия керек болгон учурда өзүнүн ишине каралуучу маселени эске алуу менен көз карандысыз эксперттерди жана тийиштүү квалификациялуу адистерди (педагогдорду, психологдорду, сексапатологдорду, наркологдорду, теологдорду жана башкаларды) тартууга укугу бар.
Көз карандысыз эксперттерди жана тийиштүү квалификациялуу адистерди ишке тартуу зарылчылыгы пайда болгон учурда Ведомстволор аралык эксперттик комиссия өзүнүн ишмердигине бул тууралуу чечим кабыл алат жана кезектеги жыйынды өткөрүү күнүн аныктайт, бул тууралуу Департаментке билдирет.
17. Ведомстволор аралык эксперттик комиссия:
- Кыргызфильмофонд тарабынан берилген аудиовизуалдык чыгармалардын категорияларын аныктоо үчүн экспертиза өткөрөт;
- укук коргоо жана сот органдарынын суроо-талабы боюнча берилген аудиовизуалдык чыгармаларды кароого алат;
- берилген аудиовизуалдык чыгармаларды кароо жыйынтыгы боюнча тиешелүү корутунду чыгарат.
Корутундуда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аудивизуалдык чыгармаларга экспертиза өткөрүү күнү, убактысы жана жери;
- аудиовизуалдык чыгармаларга экспертиза өткөрүү үчүн берилген материалдар жана изилдөө объектилери;
- аудиовизуалдык чыгарма чыгармачылык иштин тыюу салынган түрлөрүнүн категориясына киреби же кирбейби деген жүйөлүү корутунду жана экспертизанын мазмуну менен жыйынтыктары.
18. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын эксперттик корутундусуна аталган экспертизаны өткөрүүгө катышкан анын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
19. Корутунду эки нускада түзүлөт, анын бири аудиовизуалдык чыгарманы экспертизага берген органга жөнөтүлөт, экинчиси Департаментте сакталат.
Кинематография уюмдары, юридикалык жана жеке жактар Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын корутундусун сураган учурда, аларга эксперттик корутундунун көчүрмөсү гана берилет.
20. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын корутундусу Департамент тарабынан 2 иш күндүн ичинде Кыргызфильмофондго, аудивизуалдык чыгарманын категориясын аныктоо үчүн берген мекемеге жөнөтүлөт.
21. Экспертизаны өткөрүү мөөнөтү Ведомстволор аралык эксперттик комиссияга аудиовизуалдык чыгарманы берген учурдан тартып он иш күндөн ашпоого тийиш.
22. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын чечими маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
23. Чыгармачылык иштин жыйынтыктарын тыюу салынган түрлөрүнө киргизүү жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанууга болот.