Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 562
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Д.Д.Бекешов жана М.И.Бакиров демилгелеген "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 562 токтому мененжактырылган |
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешов жана М.И.Бакиров демилгелеген "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктунда жеке маалыматтар боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын белгилөөчү ченемди караштыруу сунушталат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашыра тургандыгын белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишин жетектейт.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Жогоруда аталган мамлекеттик органдардын укуктук статусун, уюштуруусун, ишинин тартибин, укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин деталдуу түрдө регламенттөөчү, ошондой эле алардын башка органдар, мекемелер жана жарандар менен болгон өз ара мамилелерин аныктоочу мамлекеттик органдардын жоболорун бекитүү менен функциялары бөлүштүрүлөт.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын функцияларын (ыйгарым укуктарын), укуктарын жана милдеттерин бекитүүчү Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктун кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктунун он тогузунчу абзацында жеке маалыматтардын субъектилеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдеринин сот тартибинде даттанылышы мүмкүндүгүн белгилөө сунушталууда.
Ошону менен бирге, сунушталган ченем "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине каршы келерин белгилемекчибиз, ага ылайык административдик акт, административдик органдын аракети же аракетсиздиги административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийин - сот тартибинде даттанылат.
Мыйзам белгиленген формадагы расмий документ болгон ченемдик укуктук акт экендигин көңүлгө алуу менен Мыйзамдын долбоорун ченем жаратуу техникасынын эрежелерин сактоо менен жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган сын-пикирлерди эске алуу менен колдойт.