Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420, 2021-жылдын 20-январындагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин киришинен жана/же таралуусунан коргоо боюнча иш жүргүзүүчү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин Министрликтин башка ведомстволук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык, коомдук уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык системасында алыш-бериш эсеби болот.
5. Департамент уюштуруу-укуктук формасы боюнча мекеме болуп саналат.
Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Департамент карантина растений Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики".
6. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Маяковский көчөсү, 60.
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин максаты Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин киришинен жана/же таралуусунан коргоо болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- карантиндик фитосанитардык чаралардын системасын түзүү жана системалуу түрдө жаңылап туруу;
- карантиндик зыяндуу организмдердин Кыргыз Республикасынын аймагына киришин жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына таралышын болтурбоо;
- карантиндик зыяндуу организмдердин таралышынан келип чыгуучу зыянды болтурбоо;
- карантин жаатындагы Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.
4. Департаменттин функциялары
9. Департамент төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- төмөнкүлөргө катышат:
өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга;
карантиндик фитосанитардык жол-жоболорду жана иш-чараларды методикалык камсыз кылууга;
карантиндик зыяндуу организмдерди локализациялоо жана жок кылуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга;
- зыяндуу организмдердин статусун аныктоо жана карантинге алынган продукцияларга, объектилерге карантиндик фитосанитардык талаптарды белгилөө максатында зыяндуу организмдердин фитосанитардык коркунучуна талдоо жүргүзөт;
- өсүмдүктөрдүн, өсүмдүк азыктарынын жана башка карантинге алынуучу материалдардын жүктөрүн Кыргыз Республикасына ташып келүүгө, ошондой эле анын аймагы боюнча транзитке уруксат берет;
- ташып келүүдөн баш тартат, жугушсуздандыруу иштерин жүргүзүүнү, карантиндик фитосанитардык талаптарга жооп бербеген карантинге алынган продукциялардын партияларын артка кайтарууну жана жок кылууну талап кылат;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга ылайык карантинге алынган продукциялардын айрым түрлөрүнө жана түрлөрүнүн тобуна убактылуу карантиндик фитосанитардык чараларды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестринин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү үрөндүк жана көчөт материалдарын өндүрүүчү жерлерге карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- карантиндик фитосанитардык зоналардын чек араларын, алардагы каратиндик режимдерди аныктайт жана тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды бекитүү үчүн сунуш киргизет;
- фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берет (берүүдөн баш тартат);
- карантинге алынган объектилердин менчик ээлеринен (колдонуучулардан) карантиндик фитосанитардык иш-чараларды, анын ичинен өсүмдүктөрдү жана карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган учурларда карантинге алынган продукцияларды жугушсуздандыруу же жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылат;
- импорттолуучу жана экспорттолуучу карантинге алынган продукцияларды жугушсуздандырууну жана жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди жашоого жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну камсыз кылган технологиялык кайра иштетүүнү аткаруучу уюмдарды каттайт жана реестр жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын соода өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук уюмдары менен консультацияларды жана маалымат алмашууну жүргүзөт, карантиндик фитосанитардык чараларды, эркин зоналарды, өндүрүш орундарын жана участокторун өз ара таануу тууралуу протоколдорду иштеп чыгууга катышат;
- карантиндик зыяндуу организмдерди локализациялоо жана/же жок кылуу боюнча программаларды жүргүзүүдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- карантиндик фитосанитардык чараларды актуалдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик зыяндуу организмдердин пайда болуусуна жана/же таралуусуна карантиндик фитосанитардык мониторингдөөнү жана божомолдоону аткарат;
- карантиндик объекттерди өз учурда аныктоо, карантиндик фитосанитардык зоналардын чектерин белгилөө, тактоо максатында фитосанитардык тобокелдикти башкаруу системасына ылайык пландаштырылган карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жыл сайын айыл чарбалык жана башка багыттагы жерлерде, сактоо жана кайра иштетүү, утилизациялоо жерлеринде, карантинге алынган продукцияларды ташып келүү пункттарында жана ага жанаша жаткан аймактарда, чек арага жакын жаткан зоналарда жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардан, илимий-изилдөө мекемелеринен жана башка булактардан, аларда карантиндик зыяндуу организмдердин бар экендиги тууралуу маалымат келген учурда, карантинге алынган объектилерге карантиндик фитосанитардык изилдөө жүргүзөт;
- чет мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча улуттук уюмдары менен түзүлгөн эл аралык келишимдердин жана өз ара макулдашуулардын чегинде, тараптардын аймактарына, анын ичинде чек ара зоналарына карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- белгиленген тартипте товар коштоочу документтерди текшерүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына транспорттук каражаттарды жана карантинге алынган продукцияларды ташып келүүдө кароо жана текшерип кароо жүргүзөт;
- карантинге алынган продукцияны жугушсуздандыруудан кийин алар сакталган жерлерди, экспорттук-импорттук жеткирүүлөрдө транспорт каражаттарын текшерип карайт;
- импорттолуучу жана экспорттолуучу карантинге алынган продукцияларды жугушсуздандырууну жана жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну камсыз кылган технологиялык кайра иштетүүчү ишканалардын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдар менен белгиленген талаптарынын сакталышын контролдойт;
- чарбакер субъектилер жана өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан карантиндик фитосанитардык режимдердин сакталышына жана карантиндик фитосанитардык зоналарда карантиндик зыяндуу организмдерди локализациялоо жана жок кылуу боюнча программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрүн кошкондо, экспорттоо максаттарында карантинге алынган продукциялардын карантиндик фитосанитардык абалын белгилейт карантинге алынган продукциянын карантиндик фитосанитардык абалы тууралуу корутундусун/фитосанитардык документтерин берет;
- иши өсүмдүктөрдөн алынган продукциялар менен байланышкан жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча айыл чарба жерлерине, бак-дарактарга, ишканаларга жана аларга жанаша жаткан аймактарга үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен карантиндик объектилерди аныктоого изилдөө жүргүзөт;
- карантинге алынган продукцияларды, транспорт каражаттарын жугушсуздандырууну, өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуучу ченемдерге жана эрежелерге ылайык кампа жайларына профилактикалык фитосанитардык жугушсуздандырууну жүргүзөт, жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча жугушсуздандырууну ырастоочу документтерди берет;
- өз компетенциясынын чегинде, өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын жактоого катышат;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташат;
- тышкы-экономикалык иштер, үрөндүк жана көчөт материалдарын өндүрүү, карантинге алынган продукцияларды жугушсуздандыруу боюнча кызмат көрсөтүү менен иштеген ишкердик субъектилерге жана башка субъектилерге өсүмдүктөрдүн карантини маселелери боюнча консультацияларды берет;
- өсүмдүктөрдун карантини жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана карантинге алынган продукцияларды импорттоочу өлкөлөрдүн мыйзамдары, карантиндик фитосанитардык зоналардын жана режимдердин чек аралары, карантинге алынган продукцияларды ташып келүүгө жана сыртка чыгарууга колдонулуучу чектөөлөр, өсүмдүктөрдүн карантини жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, зыяндуу организмдерди локализациялоо жана жок кылуу боюнча мамлекеттик программалар тууралуу маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачык пайдаланууну камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин укуктары
10. Департамент төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- контролдук карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн карантинге алынган объектилерге барууга;
- организмди кароодо карантиндик зыяндуу организм менен морфологиялык белгилери, өсүмдүктөрдүн илдеттеринин симптомдору, карантиндик зыяндуу организмдин жабырлантуу белгилери боюнча окшоштугу аныкталган учурда карантинге алынган жүктү, лабораториялык экспертизанын жыйынтыктарын алганга чейин токтотууга жана жугушсуздандырууга;
- карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган учурларда өсүмдүктөрдү жана карантинге алынган продукцияны жугушсуздандырууну, кайтарып берүүнү жана жок кылууну талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика, бажы жана башка мамлекеттик органдарынан статистикалык маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана аймагынан сыртка ташып чыгаруу жана карантинге алынган жүктөрдү транзиттөө тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипте алууга;
- ченемдик укуктук актыларды, карантиндик зыяндуу организмдерди локализациялоо жана жок кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы башка милдеттерди ишке ашыруу боюнча эксперттердин жана адистердин ичинен белгиленген тартипте ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө;
- өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу маселелерин кароо тууралуу жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;
- коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө;
- көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илим-изилдөө институттары менен макулдашуу боюнча адистерди тартууга;
- кызматтык милдеттерин аткарууда формалык кийим кийип жүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген үлгүдөгү формалык кийим кийип жүрүүгө;
- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө маалымат системасын ишке киргизүүгө жана анын иштешин камсыздоого.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Департаментте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри тарабынан кызматка дайындала жана кызматтан бошотула турган директордун орун басарларынын кызмат орду каралган.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Директор жок учурда Департаменттин директорунун милдеттерин аткаруу директордун орун басарларынын бирине бирине жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Департаменттин уюштуруу-тескөө документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун буйругу менен бекитилет.
141. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль жүргүзүүчү кызмат адамдары Департаменттин директору тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү номерлүү мөөрлөргө ээ болгон кызмат адамдары болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын жана башка чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Департаменттин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, белгиленген тартипте Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык тууралуу документтерге кол коёт;
- Департаменттин кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнүн жоболорун, кызматкерлеринин иш милдеттерин бекитет;
- Департаменттин кызматкерлерине тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы фондунун чектеринде чыгымдар сметасын жана штаттык ырааттамасын Министрликке бекитүүгө берет;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Департаменттин кызматкерлерин штаттык ырааттамага ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликке Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуш киргизет;
- Департаменттин кызматкерлерин сыйлайт жана аларга тартиптик жаза колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаментти жетектөө жана анын иши менен байланышкан башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Департаменттин кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
16. Департаменттин кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасагандыгы үчүн тартиптик жана жазык жоопкерчилигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Департаменттин кызматкерлеринин аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
8. Мүлк жана финансы
18. Департаменттин негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
19. Департамент республикалык бюджеттен, атайын каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынан каржыланат.
Департаменттин ишин каржылоонун негизги булактары болуп:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- Департаменттин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнөн алынган атайын каражаттар саналат.
20. Департамент белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, шаймандарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды жарандык мыйзамдарга ылайык операциялык башкаруу укугунда пайдаланат.
9. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
21. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу, жоюлган же өзгөртүп түзүлгөн учурларда мүлктү бөлүштүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башкаруу схемасы
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)