Загрузка документа…
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти (мындан ары - Департамент) пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоолордон коргоо, кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу жаатында иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин Министрликтин башка ведомстволук бөлүнүштөрү, Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык, коомдук уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.
5. Департамент уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп саналат.
Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Департамент химизации и защиты растений Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики";
6. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 241.
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин максаты пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү камсыз кылуу, карантиндик эмес зыяндуу организмдер тарабынан келтирилген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын кыскартуу, ошондой өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн өндүрүмдүүлүгүн жана өсүмдүк продукцияларынын сапатын жогорулатуу болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- пестициддер, агрохимикаттар менен иштөө, өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди белгиленген тартипте жөнгө салуу;
- өзгөчө коркунучтуу карантиндик эмес зыяндуу организмдердин пайда болушун жана таралышын болтурбоо;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн өсүмдүктөрдү коргоо, кыртыштын күрдүүлүгүн, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын сактоо жана арттыруу жаатында билимин жогорулатуу.
4. Департаменттин функциялары
9. Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- төмөнкүлөргө катышуу:
өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- өзгөчө коркунучтуу карантиндик эмес зыяндуу организмдердин пайда болушун, таралышын алдын алуу жана алар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды ишке ашырууга;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатында илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын илимий мекемелер менен бирдикте белгилөөгө;
- каттоо сыноолорун уюштуруу жана натыйжаларын талдоо;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоону уюштуруу;
- пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүктөрүн берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун жүргүзүү;
- эксперименттерди (сыноолорду) жүргүзүү максатында катталбаган пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып келүүгө белгиленген тартипте уруксат берүү;
- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды даярдоо жана берүү;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо жана аларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн алардын келечектеги ассортиментин аныктоо;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган пестициддердин мамлекеттик запасын түзүү жана аларды өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдерге каршы күрөшүү үчүн республиканын региондоруна таратуу;
- өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдерге каршы күрөшүүгө багытталган айыл чарба ишин жүргүзүүнүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда, пестициддер жана агрохимикаттар менен иштөөгө байланышкан экологиялык кырсыктарда өзгөчө режимдерди киргизүү зарылдыгы тууралуу сунушту белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга киргизүү;
- изилдөөлөрдү уюштуруу жана адамдардын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуунун биологиялык, токсикологиялык жана экологиялык регламенттерин текшерүү;
- карантиндик эмес зыяндуу организмдердин таралуу очокторун табуу максатында айыл чарба жерлерин текшерүү;
- кыртыштын күрдүүлүгүндө азыктандыруучу элементтердин жана гумустун болушуна агрохимиялык баа берүү үчүн мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасында катталбаган жана колдонууга тыюу салынган пестициддерди жана агрохимикаттарды жүгүртүүнү болтурбоого көмөк көрсөтүү;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана көзөмөлдөө органдарына өз убагында маалымдоо максатында фитосанитардык жана агрохимиялык кырдаалды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантиндик эмес зыяндуу организмдеринин таралуусун, айыл чарба жерлериндеги өсүмдүк продукцияларынын, кыртыштын жана сугат сууларынын пестициддер жана агрохимикаттар менен булгануусун мониторингдөө жана болжолдоо;
- өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдерге каршы күрөшүү, өсүмдүк продукцияларынын, кыртыштын жана сугат сууларынын пестициддер жана агрохимикаттар, алардын кошулмалары менен максималдык жол берилген деңгээлден (тамак-аш азыктарында) же чектүү жол берилген концентрациядан (тоютта, кыртышта, балык чарба көлмөлөрүнүн сууларында) жогору булганышына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн өтүнмөлөрү боюнча зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо өсүмдүктөрүнө каршы химиялык дарылоолорду жүргүзүү;
- зыянкечтерге (чегиртке жана америка ак көпөлөгү) каршы химиялык дарылоолорду жүргүзүү;
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча өсүмдүктөрдөгү, сугат сууларындагы пестициддердин жана агрохимикаттардын калдык сандарына, кыртыштын курамында азыктандыруучу заттардын жана гумустун болушуна, ошондой эле пестициддердин жана агрохимикаттардын стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келүүсүнө химиялык анализ жүргүзүү;
- зыянкечтердин, илдеттердин жана отоолордун алдын алуу, аларга каршы күрөшүү жана аларды жоюу, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, сапатын жана кыртыштын күрдүүлүгүн арттыруу боюнча сунуштамаларды берүү;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатында өз компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатында пропаганданы уюштуруу, атайын адабияттарды чыгаруу, тематикалык талкууларга, көргөзмөлөргө, ярмаркаларга, семинарларга, кеңешмелерге, симпозиумдарга, эл аралык жолугушууларга жана башка иш-чараларга катышуу;
- зыянкечтердин, илдеттердин жана отоолордун пайда болушунун мөөнөттөрү жөнүндө кыска мөөнөттүү, узак мөөнөттүү жана сезондук болжолдорду түзүү, аларга каршы күрөшүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмалары, ошондой эле пестициддер жана агрохимикаттар менен агрохимиялык иштерди жүргүзүүнүн оптималдуу мөөнөттөрү жөнүндө өз учурундагы сигналдык билдирүүлөрдү уюштуруу.
5. Департаменттин укуктары
10. Департамент өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- колдонуу технологияларын жана регламенттерин бузуу аркылуу жүргүзүлгөн пестициддер жана агрохимикаттар менен айыл чарба иштерин токтотууда, ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтпөгөн пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүгө тыюу салууда көзөмөлдөөчү органдарга көмөктөшүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан объекттердин фитосанитардык жана агрохимиялык абалын текшерүү үчүн аларга мыйзамда белгиленген тартипте барууга;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кеңешмелерге, симпозиумдарга жана семинарларга катышууга;
- менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерден себилген жана көчөт отургузулган жерлердин, кыртыштардын жана сугат суулардын, үрөндүк материалдын фитосанитардык жана агрохимиялык абалы, ошондой эле пестициддер жана агрохимикаттар менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды суроого;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо маселелери боюнча илимий-техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, топторду, комиссияларды уюштурууга;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
- коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сыноо боюнча ишке эксперттерди жана адистерди келишимдик шартта тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык пестициддерди жана агрохимикаттарды пайдалануу регламенттерин бузуу жөнүндө материалдарды көзөмөлдөөчү органдарга жиберүүгө;
- зыянкечтердин жана илдеттердин массалык таралуусун, өсүмдүктөрдүн, кыртыштын жана сугат сууларынын пестициддер жана агрохимикаттар менен булгануу очокторун алдын алуу жана жоюу боюнча комиссиялардын иштерине катышууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Департаментте директордун орун басары кызмат орду каралат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаменттин уюштуруу-тескөөчү документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун буйругу менен бекитилет.
14. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду жана кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бекитет;
- Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы фондунун чегинде чыгымдар сметасын жана штаттык ырааттаманы Министрликке бекитүүгө берет;
- Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуш киргизет;
- Департаменттин жетекчилерин, адистерин жана башка кызматкерлерин сыйлайт жана аларга тартиптик жаза колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаментке жетекчилик кылуу жана анын иши менен байланышкан башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7. Департаменттин ишин каржылоо
15. Департаменттин ишин каржылоонун негизги булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- Департаменттин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнөн алынган атайын каражаттар.
16. Департамент ыкчам башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, шаймандарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
17. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ