Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 618
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 2132, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Лизингди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле айыл чарбасында кооперациянын техникалык потенциалын пайдаланууну тереңдетүү максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 74 жана 180-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
- 39-пункттун экинчи абзацы "салык органы тарабынан ишке ашырылат" деген сөздөрдөн кийин ", буга башкаруу бажы органы тарабынан жүргүзүлүүчү, мурда эркин бажы зонасы жана эркин кампа бажы жол-жоболоруна коюлган, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын жана эркин кампаларынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген Евразия экономикалык бирлигинин товарлары кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын;
- 40-пунктта:
биринчи абзац "Кыргыз Республикасына" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын жана эркин кампаларынын аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац "импорттолуучу" деген сөздөн кийин "товарларды" деген сөз менен, "Кыргыз Республикасына" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын жана эркин кампаларынын аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 41-пункт "Кыргыз Республикасына" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын жана эркин кампаларынын аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 42-пункт "товардык-сервистик кооператив тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын аймагына, анын ичинен Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын жана эркин кампаларынын аймактарынан," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |