Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 640
Курулуш тармагын башкаруу системасын оптималдаштыруу жөнүндө
Аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын курулуш тармагындагы милдеттерин жана функцияларын бөлүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине кошуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаменти кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаментинин укук улантуучусу экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кайра уюштуруу жол-жоболору аяктагандан кийин белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына калктуу конуштардын демографиялык маалыматтарынын негизинде жаңы курулушка болгон муктаждыктарды аныктоо менен курулуп жаткан жана курулушу токтоп турган объекттерди инвентаризациялоо иштерин уюштуруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай жарандык-курулуш департаментинин 8 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин (мындан ары - Департамент) түзүмүн жана штаттык санын 41 бирдикке, анын ичинде Департаменттин иш чөйрөлөрү боюнча инвестицияларды тартуу башкармалыгын 7 бирдикке кыскартуу аркылуу оптималдаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Курулуп жаткан ишканаларынын бириккен дирекциясын жойсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратына капиталдык курулуш жана саламаттык сактоо объекттерин оңдоо боюнча келечектүү жана жылдык болжолдуу пландарын, каржылоонун бардык булактары боюнча курулуштун жана капиталдык оңдоого болжолдонгон объектилердин титулдук тизмелерин иштеп чыгуу функцияларын өткөрүп берүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган юридикалык жакты кайра уюштуруу менен байланышкан иш-чараларды жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | C. Жээнбеков |