Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаментинин (мындан ары - Департамент), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекциялык асыл тукум борборунун жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментинин укуктарын улантуучу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүгү жана мамлекеттик жайыт жерлерди, мал чарбасын жана балык чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
6. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент пастбищ, животноводства и рыбного хозяйства Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики".
7. Департаменттин юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 315.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук агрардык өнүгүү башкармалары, коомдук уюмдар жана башка юридикалык, жеке жактар менен өз компетенциясынын негизинде биргелешип иштешүү менен жүргүзөт.
2. Департаменттин максаты
9. Департаменттин максаты Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүү үчүн жайыт экосистемаларын жана алардын инфраструктурасын, жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана өркүндөтүү, аквакультураны жана балык чарбаны өнүктүрүү болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
10. Департамент төмөнкү маселелерди чечет:
- жайыттарды пайдалануу жана жакшыртуу, мал чарбасын жана балык чарбасын башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жагындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк практикага киргизүү;
- өндүрүлүүчү жана сатылуучу мал чарба продукциясынын жана балык чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу жана ассортиментин кеңейтүү;
- жергиликтүү жамааттарды активдүү тартуунун негизинде жайыт жерлерди туруктуу башкарууну жана пайдаланууну, ошондой эле аквакультураны жана балык уулоону туруктуу өнүктүрүүнү уюштуруу.
4. Департаменттин функциялары
11. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- жайыт жерлерди башкаруу, пайдалануу жагындагы (анын ичинде жайыт жерлерди жана жайыт ресурстарды бөлүштүрүү, башкаруу жана пайдалануу боюнча), мал чарбаны, асыл тукум ишин, аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- жайыт жерлерди башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу, көлмө-сууларды жана балык ресурстарын балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу чаралары жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- тармактык илимий изилдөөчү институттар жана жогорку окуу жайлар менен бирдикте асыл тукум иши, жайыт жерлерди башкаруу жана пайдалануу боюнча келечек пландарды, ошондой эле мал чарбаны жана балык чарбаны өнүктүрүү жагындагы пландарды жана иш-чараларды иштеп чыгуу;
- жайыт жерлерди туруктуу башкарууну жана пайдаланууну өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген инвестициялык программаларды жана долбоорлорду эл аралык практикада кабыл алынган жол-жоболордун жана эрежелердин алкагында ишке ашыруу;
- жайыт жерлерди, мал чарбасын, асыл тукум ишин жана балык чарбасын башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо үчүн сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз мал чарбачылык жана жайыттар илим изилдөө институту менен бирдикте селекция-асыл тукум ишин, бузулган жайыттарды калыбына келтирүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу, жайыт жерлердин бузулуу даражасын аныктоо жана алардын бузулушун болтурбоо боюнча чара көрүү үчүн жайыттардын абалын жана сапатын аныктоонун мамлекеттик стандарттарын, баалоо жана мониторингдөө методдорун аныктоо иштерин жүргүзүү;
- жайыттардын абалын жана сапатын баалоонун жана мониторингдөөнүн мамлекеттик стандарттарынын, методдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын жайыт пайдалануу чөйрөсүндөгү программаларын жана мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- айыл чарба жаныбарларын породалары боюнча райондоштуруу сунуштарын иштеп чыгуу;
- балык уулоо ишин уюштуруу, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун, балык уулоо туризминин уюшкан формаларын өнүктүрүү;
- балык запастарын коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатында иштерди уюштуруу;
- балык чарба көлмөлөрүнүн фондуна киргизүү үчүн көлмө-сууларды эсепке алуу жана инвентаризациялоо;
- суу биоресурстарын жана алардын жашаган чөйрөсүн изилдөө боюнча жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, балык запастарынын канча экенин жана абалын баалоо, балыкты кармоонун жол берилүүчү жалпы чегин аныктоо, ошондой эле балык запастарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүү;
2) жөнгө салуу функциялары:
- жайыт жерлерди суу эрозиясынан, селдерден, жер көчкүлөрдөн, суу басуудан, сазга айлануудан, катып калуудан, шор басуудан сактоо жана бузулган жайыт жерлерди рекультивациялоо боюнча иштерди аткаруу;
- айыл чарба жаныбарларынын жана канаттууларынын жаңы породаларын, породанын ичиндеги типтерин, линияларын, тукумдарын жана кроссторун мамлекеттик пробадан өткөрүү жана сыноо иштерин жүргүзүү;
- асыл-тукум жаныбарлардын, селекциялык жетишкендиктердин, жаныбарлардын жана канаттуулардын жаңы породаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик бирдиктүү балык чарба реестрин жүргүзүү (товардык балыкты жана балыктын урук материалдарын өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмүн, балык продукциясын кармоонун, экспорттоонун жана импорттоонун көлөмүн эсепке алуу);
- балык запастарын колдо көбөйтүүнүн, ошондой эле балык кармоого лимиттердин жана квоталардын ар жылдык божомол-тапшырмаларын белгилөө;
- балык чарбасын уюштуруу жана иштетүү үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоочу участокторду чектөө;
- жер участокторунда балык өстүрүүчү көлмөлөрдү куруу мүмкүндүгү жөнүндө балык чарбалык экспертизанын корутундуларын берүү;
- ихтиофаунанын популяциясын байытуу жана жаңы көлмөлөрдү балык чарбасына өздөштүрүү максатында балыктын өзгөчө баалуу түрлөрүн кармоо жана өзүнчө суу объекттерине көчүрүү;
- балык уулоо режимин белгилөө, балык кармоо боюнча документтерди, балык уулоо белеттерин жана балык уулоого уруксаттарды берүү;
- балык өстүрүү-мелиорация иштерин уюштуруу жана көлмө-сууларда баалуу жана эндемикалык балыктардын чабактарына зыян келтирүүчү жырткыч балыктарды, ит балыктарды жана баалуулугу аз балыктарды кармоо боюнча иштерди, ошондой эле көлмө-суулардын жана балык уулоочу участоктордун түптөрүн чөгүп кеткен балык уулоочу тор жабдыктардан тазалоо боюнча иш-чараларды уюштуруу.
3) координациялоо, контролдоо жана мониторингдөө функциялары:
- өкмөттүк эмес уюмдар, илимий мекемелер, эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен асыл тукум ишин натыйжалуу жүргүзүү, жайыт жерлерди башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу, аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү жагындагы маселелер боюнча кызматташуу;
- жамааттардын жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарын жана жайыттарды пайдалануу пландарын колдонуусуна мониторинг жүргүзүү;
- бардык чарбакер субъектилердин жайыт жерлерди натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруусун жана пайдалануусун контролдоо;
- республиканын Жайыт пайдалануучулар ассоциацияларынын жайыт жерлерди башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерине мониторинг жүргүзүү;
- башка министрликтер жана административдик ведомстволор менен асыл тукум иштери, жайыт жерлерди сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу, суу объектилерин жана алардын балык ресурстарын балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу боюнча контролду жана чара көрүүнү уюштуруу маселелери боюнча өз ара байланышта иштешүү;
- асыл тукум иши боюнча субъекттердин, жайыт комитеттеринин жана башка субъекттердин селекциялык асыл-тукум иштерин жүргүзүү боюнча иштерине мамлекеттик контролду ишке ашыруу;
- асыл тукум жаныбарлардын санына жана алардын азыктуулугуна мониторинг жана болжолдоо;
- балык чарбалык көлмө-сууларда балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү, балыктардын икраларын камдоо, инкубацияга коюу, чабактарын өстүрүү жана көлмөлөргө коё берүү максатында өнөр жайлык балыктын өндүргүчтөрүн кармоо үчүн балык уулоо белеттерин берүү;
- балык өстүрүүчү ишканалардын, балык заводдорунун, көлмөдөгү, садоктогу жана көлдөгү-товардык балык өстүрүүчү чарбалардын балык чарбалык иштерин мониторингдөө;
- мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүндө ведомстволук кайтарууну, ихтиологиялык мониторингдөөнү жана балык запастарын өстүрүүнү ишке ашыруу;
- ихтиологиялык материалдарды чогултуу жана иштетүү, балык запастарын, көлмө-суулардын тоют базасынын абалын аныктоо жана балык уулоону жөнгө салуу максатында атайын балык кармоону уюштуруу, илимий мекемелердин жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлерине илимий максатта балык кармоо жана балыкты контролдук кармоо максатында балык уулоо белеттерин жана эсептик документтерди берүү;
- укук коргоочу жана жаратылышты коргоочу органдар менен бирдикте урук таштоого бара жаткан балыктарды коруу боюнча иш-чараларды, браконьерликке жана балыкты коруу мыйзамдарын башкача бузууларга каршы күрөшүү боюнча рейддерди уюштуруу жана өткөрүү;
- мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүндө балык ресурстарын жана алардын тоют базасын изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү;
- балыктын ылаңдарын алдын алуу максатында көлмө-суулардын санитардык-эпизоотиялык абалына мониторингди уюштуруу жана өткөрүү.
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- чарбакер субъекттерге асыл тукум чарбанын статусун ыйгаруу жөнүндө күбөлүк берүү, бардык түрдөгү жаныбарлардын линияларынын, типтеринин жана породаларынын каталогун жүргүзүү;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жетишкендиктерди фермер, дыйкан чарбалардын практикаларына киргизүү жана аларга зарыл консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- мал чарбасынын чарбакер субъекттерин асыл тукум материалдары менен камсыздоого көмөктөшүү;
- асыл тукум, жайыт жерлерди башкаруу жана пайдалануу, балык чарбасын жүргүзүү тармагындагы иштерде маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана окутууларды өткөрүү;
- асыл тукум продукцияларга эксперттик корутундуларды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча информацияны жана статистикалык маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун жана таратуунун талаптагыдай системасын түзүү;
- жайыт жерлерди башкаруу жана пайдалануу, мал чарба жана балык чарба жагындагы маалыматтык, методикалык, ченемдик жана информациялык материалдарды даярдоо, басып чыгаруу жана таратуу;
- балык өстүрүү, балык уулоо, балык багуу максатында суу объекттерин пайдалануучуларга көлмө-сууларды же алардын айрым участокторун ижарага берүү келишиминин негизинде белгиленген тартипте бекитип берүү;
- балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону, балык уулоо туризмин уюштуруу жана жүргүзүү;
- өнөр жайлык балыктардын кармалган өндүргүчтөрүн алар балык запастарын жасалма көбөйтүү максатында пайдаланылгандан кийин сатуу;
- кызыкдар чарбакер субъекттерге суралган көлмө-суулар боюнча балык чарбалык мүнөздөмө берүү;
- балык чарбалык маанидеги суу объектилеринде балык чарба ишин жүргүзүүгө балык өстүрүүчүлүк-биологиялык негиздемени иштеп чыгуу жана көлмөлөрдү паспорттоштуруу боюнча иштерди жүргүзүү;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- чарбакер субъекттерге мал чарбасы, асыл-тукум иши, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, ошондой эле балык тармагын өнүктүрүү, балыктарды өстүрүү боюнча жаңы технологияларды жана жабдууларды алуу, аны кайра иштетүү жана балыктын тоютун өндүрүү үчүн фермердик, дыйкандык жана жеке балык чарбалардын туруктуу өнүгүшүн камсыздоочу тышкы жана ички инвестицияларды тартууга жардам көрсөтүү;
- асыл тукум ишин жүргүзүүнүн, жайыт жерлерди башкаруунун жана пайдалануунун, балык чарбасын жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштуруу, жайыт жерлерди башкаруу, пайдалануу жана аквакультураны өнүктүрүү маселелери боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, семинарларды, тренингдерди, тегерек үстөлдөрдү өткөрүү;
- жайыт жерлерди башкарууга жана пайдаланууга, асыл тукум ишин жүргүзүүгө, мал чарбасын жана балык чарбасын өнүктүрүүгө байланышкан эки тараптуу, көп тараптуу мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды, келишимдерди аткарууну камсыздоого катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитеттерине жайыт жерлерди башкарууда жана пайдаланууда техникалык жана башка жардамдарды берүү;
- жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- асыл тукум жаныбарлардын жана асыл тукумдук материалдардын көргөзмөлөрүн, аукциондорун уюштуруу;
- суудагы биологиялык ресурстардын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоого багытталган иштерге колдоо көрсөтүү;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) чегинде жеке бизнес-түзүмдөр менен аларды балык заводдорду, балык питомниктерин, балыктын тоюттарын өндүрүүчү чакан цехтерди жана башка балык чарбалык комплекстерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого тартуу, ошондой эле иштеп жаткан же жаңы түзүлүп жаткан балык чарба объектилерин башкарууга, анын ичинде инфраструктуралык объекттерин башкарууга тартуу маселелери боюнча өз ара байланышта иштешүү;
- өсүп жаткан тирүү икраны жана балыктын чабактарын экспорттоону жана импорттоону өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү;
- чарбакер субъекттерге товардык балыкты жана балыктын урук материалдарын өстүрүүгө жардам көрсөтүү үчүн балык өстүрүүчү адистерди окутуу жана кайрадан даярдоо системасын уюштуруу.
5. Департаменттин укуктары
12. Департамент белгиленген иш чөйрөсүндөгү функцияларын натыйжалуу аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликтин башка бөлүмдөрүнүн жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин, ошондой эле республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун, илимий изилдөөчү жана башка мекемелери менен уюмдарынын өкүлдөрүн жайыттарды жана анын ресурстарын башкарууга жана пайдаланууга, мал чарбасына, асыл тукум ишине, балык өстүрүүгө тийиштүү маселелерди иштеп чыгуу жана кароо үчүн зарыл учурларда ишке тартууга;
- асыл тукум ишинин субъектилерине, дистрибьютердик борборлорго тоскоолдуксуз барууга, алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан асыл тукум ишин жүргүзүүсүн мониторингдөөгө;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды жана методикалык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды, эрежелерди, жоболорду жана ведомстволук ченемдик актыларды чыгарууга;
- штаттан тышкаркы (коомдук) балык коруу кызматкерлери менен келишимдерди түзүүгө жана алардын ишин уюштурууга жана багыттоого, координациялоого;
- менчигинин түрүнө карабастан балык чарба субъекттеринен кармалган, өстүрүлгөн жана сатылган товардык балык жана балыктын урук материалдары жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди иштеп чыгууга жана өздөштүрүлүүчү көлмөлөрдүн балык өстүрүү-биологиялык потенциалы жана алардын тоют базасы боюнча корутунду берүүгө;
- Департаменттин жана илимий мекемелердин адистеринин координацияланган изилдөөлөрү аркылуу балык тармагында жана аквакультурада изилдөө потенциалын жакшыртуу максатында инвестициялык жана башка каражаттардын эсебинен илимий-изилдөө лабораторияларды түзүүгө;
- сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- балык чарба көлмөлөрүн жана балык ресурстарын пайдалануу үчүн акы алууга;
- балык чарба маанисиндеги көлмөлөрдө балык коруу ишин уюштурууга, балык запастарын коргоо жана браконьерлер менен күрөшүү үчүн жарандардын кошумча контингентин контракттык негизде тартууга;
- Департаментке балык чарбасын өздөштүрүүгө берилген айрым көлмөлөрдүн базасында инвестициялык, бюджеттен тышкаркы жана башка каражаттардын эсебинен балык чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуу формаларын жана методдорун фермердик жана дыйкан балык чарбаларына окутуу үчүн балык өстүрүү-көбөйтүү жана акклиматизациялык окуу борборлорун түзүүгө;
- балык кармоо эрежелерин жана балык запастарын коргоо жөнүндө жоболорду бузуу фактылары боюнча актыларды жана протоколдорду түзүүгө жана аларды укук коргоо жана сот органдарына берүүгө;
- балык кармоо эрежелерин бузган адамдардан тыюу салынган балык уулоо куралдарын, мыйзамсыз кармалган балыкты, ошондой эле балык уулоо билеттерин жана карточкаларды белгиленген тартипте алып коюуга;
- Департаменттин адистерин окууга, кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкага жиберүүгө;
- Департаменттин милдеттерине тийиштүү айрым маселелерди жана проблемаларды иштеп чыгууга жана кароого эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана административдик ведомстволорунан, бирикмелеринен, ишканаларынан жана уюмдарынан, ассоциацияларынан, илимий мекемелеринен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга;
- Департаменттин милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзүүгө.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
13. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаментте директордун орун басары кызматы каралган, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарууну уюштурат, ошондой эле Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоого Департаменттин кызматкерлеринин катышуусун камсыздайт;
- кызматкерлердин белгиленген санынын жана эмгек акы фондунун чегинде Департаменттин түзүмү жана штаттык ырааттамасы боюнча Министрликке сунуш берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, сот органдарына жана башка уюмдарда Департаменттин атынан чыгат;
- мыйзамдарга ылайык Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- ишеним каттарды берет;
- Департаменттин кызматкерлерине жазуу жана оозеки түрдө көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону иштеп чыгат жана Министрликтин бекитүүсүнө берет;
- Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык штаттык ырааттама боюнча Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга жана протоколдорго белгиленген тартипте кол коёт;
- келишимдерди түзөт, макулдашууларга ишеним каттарга, Кыргыз Республикасынын банктарында жүргүзүлгөн операциялар боюнча эсептик жана финансылык документтерге кол коёт;
- Департаменттин кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза берет.
15. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү, штаттык ырааттамасы, кирешелер жана чыгашалар сметасы Департаменттин директорунун сунушу менен Министрлик тарабынан бекитилет.
16. Департаменттин иштешин камсыздоочу жана техникалык тейлөөчү адамдардан тышкаркы, Департаменттин кызматкерлери жарандык мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
17. Департаменттин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин Департаменттин директору аныктайт жана бекитет.
7. Департаменттин каржылоосу жана мүлкү
18. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан, атайын каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.
19. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик имаратты, курулмаларды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8. Департаменти жоюу жана кайра уюштуруу
20. Департаментти жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ишке ашырылат.
21. Департаменттин иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ