Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбордун, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Данды экспертизалоо борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү жана илимий-өндүрүштүк ишти жүргүзүүчү, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоочу, айыл чарба жана башка өсүмдүктөрүнүн сорттук, себүү жана чарбалык сапаттарын ырастоочу документтерди берүүчү үрөндүк жана сорттук контролдоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент мамлекеттик мекеме катарындагы уюштуруу-укуктук формасында иш жүргүзгөн юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, өзүнүн аталышы расмий жана мамлекеттик тилдерде жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
6. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти";
- расмий тилде: "Департамент по экспертизе сельскохозяйственных культур Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики".
Департаменттин юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4 "а".
2. Департаменттин максаттары
7. Департаменттин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сорттук жана себүү сапаттарын, көчөт материалын, данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын экспертизалоо жана баалоо;
- өсүмдүктөрдүн сортторун жана генетикалык ресурстарын сыноо.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана көчөт материалынын сорттук жана себүү сапаттарын контролдоо;
- себилген үрөнгө жана көчөттөргө талаа инспекциясын, үрөн топторуна кыртыштык контролдоо жүргүзүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалын себүү салаттарын, данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын экспертизалоо;
- эгин кабыл алуучу ишканаларга жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарба субъекттерине келип түшкөн айыл чарба дан өсүмдүктөрүнүн жана аны иштетүү продуктуларынын (ун, улпак, калдыктар) сапатын экспертизалоо жана мониторингдөө.
4. Департаменттин функциялары
9. Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары;
- сорт ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн, тамак-аш, тоют жана көчөт материалдарынын сапатын контролдоо боюнча ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу жана аларды жарыялоо;
- жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү жана башка ченемдик документтерди иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык ассоциацияда (ИСТА), Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюмда (ОЕСД), Жаңы сортторду коргоо боюнча эл аралык бирликте (УПОВ) Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
- сортторду сыноону, коргоону жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоону мамлекеттик колдоо системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышуу;
- айыл чарбалык өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин, тыт жегич жибек көпөлөк породаларын, линияларын жана гибриддерин мамлекеттик сыноо жаатындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу;
- пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү, коргоо жөндөмдүүлүгү боюнча критерийлерге өсүмдүктөрдүн жаңы сортторунун шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү, өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын банкынын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- мамлекеттик сорт сыноо станцияларында жана республиканын мамлекеттик сорт сыноо участокторунда баштапкы үрөн өстүрүү жана жаңы келечектүү, дефицит сорттордун үрөнүн жана көчөт материалын ылдам көбөйтүү боюнча ишти уюштуруу;
- сортторду сыноонун мамлекеттик методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү, маалыматты жыйноонун, талдоонун, сактоонун жана берүүнүн заманбап методдорун киргизүү;
- мамлекеттик материалдык резервге коюлган данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды толуктоо, жаңылоо, алмаштыруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- республикада колдонулган стандарттардын жана техникалык регламенттердин деңгээлине баалоо жүргүзүү, аларды эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык келтирүү боюнча сунуштарды, данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды кайра иштетүү, башка ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун, ошондой эле аларды кабыл алуу, жайгаштыруу, сактоо, тазалоо жана эсепке алуу нускамаларын иштеп чыгуу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана аларды иштетүүдөн алынган даяр продукцияны сактоо, кайра иштетүү, кабыл алуу, берет, сандык жана сапаттык сактоо, сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, нускамалардын жана методикалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- дандын жана аны иштетүүдөн алынган продуктулардын сапатын аныктоонун жаңы ыкмаларын киргизүү жана ишканалардын адистерин ал ыкмаларга үйрөтүү.
2) жөнгө салуу функциялары:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатынын сакталышына мамлекеттик экспертизалоону камсыз кылуу: үрөндүк жана көчөт материалдарынын, дан, техникалык, май, жашылча жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктулардын сапатын аныктоо;
- үрөндүк себүүлөрдү жана көчөт отургузууну каттоо;
- өндүрүш үчүн чарбалык баалуулугун аныктоо максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин, тыт жегич жибек көпөлөк породаларын, линияларын жана гибриддерин мамлекеттик сыноону уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү, аны жыл сайын басып чыгарууну камсыз кылуу;
- жаңы сортторду пайдаланууга киргизүү үчүн мамлекеттик сыноолорду өткөрүүгө арыздарды кабыл алуу, жогорку репродукциядагы үрөндүк айдоолордо талаа инспекциясын пландоо жана уюштуруу, кыртыштык сорттук контролдоо;
- Чарбалык пайдасы мамлекеттик сыноолордун натыйжалары боюнча баалануучу өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн тизмесин даярдоо жана Министрликке бекитүүгө киргизүү;
- Министрликке бекитүүгө буудайдын мыкты сортторунун; сапаты боюнча баалуу болгон дан, акшак жана дан-буурчак өсүмдүктөрүнүн сортторунун; арпанын сыра жасалуучу сортторунун; күн караманын май көп алынуучу сортторунун тизмесин киргизүү;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу дандын жана аны иштетүүдөн алынган продуктулардын сандык жана сапаттык сакталышына экспертиза жана мониторинг жүргүзүү";
- унду өндүрүүдө, данды иштетүүдө, кургатууда, зыянсыздандырууда технологиялык процесстин сакталышына колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга, техникалык регламенттерге, эрежелерге жана нускамаларга ылайык мониторинг жүргүзүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- райондор аралык жана райондук борборлордун ишин методикалык жактан жетектөө жана контролдоо;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн себүү сапаттары жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте түзүү;
- оригиналдуу, супер элита, элита жана сертификацияланган (1-репродукциядагы) үрөндөргө кыртыштык сорттук контролдоо жүргүзүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү жаңы сортторуна жана гибриддерине мониторинг жүргүзүү жана аларды өндүрүшкө киргизүүнү камсыз кылуу;
- өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын абалына мониторинг жүргүзүү жана сактоо;
- консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;
- эгилме өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнүн үлгүлөрүн жыйноо боюнча экспедициялык иштерди жүргүзүү;
- эгилме өсүмдүктөрдүн жана алардын жапайы түрлөрүнүн жаңы сортторун сыноо, каттоо жана алардын өсүмдүк ресурстарынын улуттук коллекциясын толуктоо жаатындагы кызматташтык үчүн ата мекендик жана чет элдик селекциялык мекемелери, эл аралык илимий-техникалык уюмдар, юридикалык жактар жана алардын өкүлдөрү менен байланышты координациялоо;
- селекционерлердин укугун коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын патенттик ведомствосу менен өз ара аракеттенүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы түшүмүн алууга жана аларды себүүгө, азык-түлүк жана тоют сапатын жыл сайын текшерүү;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу дандын, башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана аларды иштетүүдөн алынган продуктулардын сандык жана сапаттык сакталышына экспертиза жана мониторинг жүргүзүү;
- ун азыктарын, акшак жана өсүмдүктөрдөн алынган башка продуктуларды өндүрүүнүн технологиялык процессин сактоого, айыл чарба өсүмдүктөрүн иштетүүгө, кургатууга, зыянсыздандырууга колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга, техникалык регламенттерге, эрежелерге жана нускамаларга ылайык мониторинг жүргүзүү;
- дандын массасынын жоготууларын эсептен чыгаруу ченемдерин жана даяр продукция (ун) чыгаруу ченемдерин туура колдонууга белгиленген тартипте экспертиза жана мониторинг жүргүзүү;
- данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуну сактоо боюнча технологиялык нускамаларды ишканалар тарабынан сактоого экспертиза жүргүзүү;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуну кабыл алуу, сактоо, иштетүү ченемдерин жана эрежелерин сактоого экспертиза жүргүзүү;
4) Кызмат көрсөтүү функциялары:
- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапатын ырастоочу документтерди, ошондой эле ИСТАнын Эл аралык сары-кызыл сертификатын жана ОЕСДнын сертификатын берүү;
- талаш учурларда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк жана көчөт материалынын сапатын аныктоо;
- үрөн жана көчөт материалдарынын, дан жана дан-буурчак, май, техникалык жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тамак-аш, тоют, техникалык данынын сынамдарын тандоо;
- үрөн жана көчөт материалынын, дан, дан-буурчак, май, техникалык жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн данынын себүү сапатын аныктоо боюнча лабораториялык талдоо жүргүзүү жана импорттоо-экспорттоо операцияларын жүргүзүүдө даяр өсүмдүк продукциясынын сапаттарын аныктоо;
- сыноого алынган сортторду сапаттуу баалоо, анык ичинде нан жасалуучу сапаттарды; жүгөрүнүн жана арпанын данындагы белокту жана крахмалды баалоо; май берүүсүн; арпанын сыра жасалуучу сапаттарын аныктоо; мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүнүн сортторундагы жана гибриддериндеги негизги азык заттарын аныктоо; кант кызылчасынын сортторунан жана гибриддеринен заводдо кант чыгаруунун болжолдуу өлчөмүн аныктоо ж.б.;
- фермердик жана дыйкан чарбаларга консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
- мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын талааларында жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунда "Талаа күнүн", жаңы селекциялык жетишкендиктерди жана сорттук агротехниканы көрсөтүү үчүн тейлөөчү зоналарда дыйкан жана фермердик чарбалар үчүн семинарларды уюштуруу;
- ишканалардын данды сактоо боюнча технологиялык нускамаларды сактоосун экспертизалоо;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынчу данды, башка өсүмдүктөрдү жана аларды иштетүүдөн алынган продуктуларды кабыл алуу, сактоо, иштетүү ченемдерин жана. эрежелерин сактоого экспертиза жүргүзүү;
- ишканалардын өндүрүштүк-технологиялык лабораторияларында ишти уюштурууга жардам берүү;
5) колдоо функциялары:
- райондор аралык жана райондук борборлорду Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору менен бирдикте аккредитациялоо жүргүзүүгө катышат;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн (көчөт) материалынын сорттук жана себүү сапатына карата ченемдер жаатында стандартташтыруу жана сертификатташтыруу, ошондой эле аларды аныктоо методдорун стандартташтыруу боюнча иштерге методикалык жетекчилик жүргүзүү;
- сортторго жана гибриддерге бир түрдүүлүгү, айырмаланышы, туруктуулугу боюнча сыноо жүргүзүү жолу менен жаңы сорттордун коргоо жөндөмүнө шайкеш келүүсүнө экспертизаны мамлекеттик селекциялык мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча жүргүзүү жана алар боюнча корутунду даярдоо;
- Өсүмдүктөрдүн генетикалык банкындагы үлгүлөрдү сактоо жана үзгүлтүксүз жаңылоо, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнүн үрөндөрүнүн үлгүлөрүн жыйноо боюнча экспедицияларды уюштуруу;
- маалымат алмашууну жана бар болгон генетикалык ресурстардын электрондук базасын колдоону камсыз кылуу;
- Департаменттин карамагындагы ишканалардын илимий-методикалык жана уюштуруу-чарбалык ишин жетектөө;
- өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- келип түшкөн жана сактоого алынган дандын сапатын менчигинин түрүнө карабастан ишканалар тарабынан туура аныкталуусуна экспертиза жүргүзүү, ошондой эле данды кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү чарба субъекттеринин ортосунда сапат маселеси боюнча пикир келишпестиктер орун алган учурда экспертиза жүргүзүү;
- Департаменттин сыноо лабораториясынын базасында дандын органолептикалык, технологиялык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча сапатына талдоо жүргүзүү жана тийиштүү корутундуларды берүү.
5. Департаменттин укуктары
10. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- үрөн себүүлөргө жана көчөт отургузууга контролду ишке ашырууга жана инспекциялоо жүргүзүүгө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарына документтерди текшерүүгө;
- Департаменттин бардык түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга, көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- аштык, тоют жана техникалык дандын үрөн жана көчөт материалынан сынам алууга жана алардын себүү, аштык жана башка сапаттарын аныктоо максатында тест өткөрүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрдү жана алардан алынуучу продуктуларды экспертизалоо боюнча расмий жыйынтыгын берүүгө;
- үрөнгө жана көчөт материалына мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берүүчү документ берүүгө;
- сорттуу үрөндөрдүн өндүрүүчүлөрүн, сатуучуларынын, импорттоочуларынын жана экспорттоочуларынын, ошондой эле үрөндү тазалоо жана таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүчү үрөн ишканаларынын реестрин өз алдынча жүргүзүүгө;
- үрөн себүү жана көчөт отургузуу схемасы, аларды өндүрүү технологиясы бузулган жана белгиленген эрежелерге шайкеш келбеген учурда аларды бракка чыгарууга;
- Департаменттин иш милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- патент алуу үчүн мамлекеттик селекциялык мекемелер, жеке жана юридикалык жактар берген арыздарга экспертиза жүргүзүү боюнча расмий корутунду берүүгө;
- сортторду мамлекеттик сыноонун натыйжалары жөнүндө оперативдүү маалыматтарды жана илимий отчетторду алууга;
- илимий документтердин формаларын, методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүүгө жана алар менен аймактык түзүмдөрдү камсыз кылууга, нускамаларды, жоболорду, эрежелерди иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан чарба субъекттеринен үрөн себүүлөр жана көчөттөр, алардын сапаты жана саны тууралуу зарыл болгон маалымат сурап алууга, экспертиза жана мониторинг жүргүзүү үчүн материалдарды жана отчеттук маалыматтарды суратууга;
- мурун алынган натыйжа боюнча инспекциялык контролдоо иретинде алынган сынамды тестирлөө көрсөткүчтөрү шайкеш келбеген учурда шайкештик сертификатын жана көчөт материалын жараксыз деп таанууга;
- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдары боюнча акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүүгө киргизүү үчүн түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген баалар боюнча Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) ылайык акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүгө;
- сортторду сыноого, үрөндү жана материалдык-техникалык ресурстарды жеткирүүгө ата мекендик, чет элдик юридикалык жана жеке жактар менен контракттарды, келишимдерди түзүүгө;
- экспертиза жана сыноо өткөрүү, ошондой эле келишимдик иштерди аткаруу, консультациялык-маалыматтык кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик селекциялык мекемелерден, жеке жана юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы алууга;
- бюджеттен тышкаркы алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга жана кирешелерди өз алдынча пайдаланууга, анын ичинде Департаменттин кызматкерлерин сыйлоого жумшоого;
- сортторду сыноо, коргоо жана генетикалык ресурстарды сактоо жаатындагы функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор-өлкөлөрдүн каражаттарын жана гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн өндүрүштүк пландарын бекитүүгө;
- илимий-изилдөө мекемелери, Кыргыз Республикасынын үрөн жана фермердик чарбалары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар менен макулдашуу боюнча кабыл алынган методика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноону алардын жеринде жүргүзүүгө жана алынган жыйынтыктарды каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларына талдоо жүргүзүү үчүн ишканалардын аккредиттелген лабораторияларын белгиленген тартипте пайдаланууга жана адистерин тартууга;
- ишканалардын жетекчилерине бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынуучу айыл чарба жана башка өсүмдүктөрүн, өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларды кабыл алууда, иштетүүдө, сактоодо жана сатууда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды берүүгө, аныкталган бузуулар жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө жана көчөт материалдарына документтерди төмөнкүдөй учурларда бербей коюуга:
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизилбеген же аларга Министрликтин өзгөчө уруксаты болбогон сортторго жана гибриддерге;
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жана көчөт материалын өндүрүү боюнча белгиленген тартипте үрөнчүлүк чарбасынын статусун же аларды даярдоо жана сатуу укугуна уруксат албаган чарбакер субъекттерге;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн жана алардан алынган продуктуларды мамлекеттик сыноодон өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчеттун формасы, тазалоо актысынын формасы жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо милдеттенмелери боюнча актылардын формасы сыяктуу экспертизалоо боюнча документтердин формаларын бекитүүгө;
- Департаменттин кызматкерлерине консультация берүү жана окутуу үчүн келишимдердин негизинде белгиленген тартипте адистерди тартууга;
- Департаменттин кызматкерлерин командировкаларга, анык ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- ушул чөйрөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди аткарууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Департаментте директордун орун басарынын кызматы каралган, ал "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана Департаменттин ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде уюштурат.
13. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт, Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин тапшырмаларын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын, ошондой эле Департаменттин компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча керектүү документтерди жана материалдарды даярдоодо Департаменттин кызматкерлеринин катышуусун уюштурат;
- Департаменттин башкаруу түзүмүн, кызматкерлеринин белгиленген саны жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде штаттык санын өркүндөтүү, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды Министрликтин бекитүүсүнө киргизет;
- Департаменттин атынан ишеним каты жок иштейт, анын атынан бардык ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктык мекемелерде бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттарды ачат, кредиттик жана башка мекемелерде мыйзамдарда каралган операцияларды жүргүзөт. Өзүнүн компетенциясынын чегинде Департамент жана аймактык бөлүмдөр боюнча буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлоо түрлөрүн колдонот, ошондой эле аларга тартип чараларын көрөт;
- министр менен макулдашуу боюнча Департаменттин райондор аралык жана райондук борборлорунун жетекчилерин, ошондой эле мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун директорлорун кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7. Департаменттин каржылоосу жана мүлкү
14. Департамент жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрү республикалык бюджеттин, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржыланат.
15. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда ага белгиленген тартипте өткөрүш берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдыктарды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
16. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
17. Департаменттин иши токтотулган учурда Департаменттин документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ