Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы N 846 токтому менен бекитилген |
Чакан ишкерликтин субьектилерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы N 396 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул нускама "Чакан ишкердиктин субьектилерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгып, салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын администрациялоонун жана колдонуунун тартибин аныктайт.
2. Бул нускамада төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
- "дүңүнөн түшкөн каралсат" - салык төлөөчү тарабынан кошумча нарк салыгынан, мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешеден башка, товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан акчалай жана натуралай түрдө алынган каражаттардын суммасы;
- "чакан ишкердиктин субьектиси" - уюштуруу-укуктук формасына карабастан, белгиленген тартипте катталган жана пайда табуу максатында мыйзам тарабынан тыюу салынбаган ишти өзү тобокелге салып жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги менен жүзөгө ашырып жаткан, жылына дүңүнөн түшкөн каражатынын көлөмү 3 000 000 сомго чейин жеткен экономикалык ишти жүзөгө ашырын жаткан юридикалык жана жеке жактар.
3. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасында чакан ишкердиктин субьектилери тарабынан төмөндөгү салыктардын:
1) юридакалык жактар үчүн:
- пайдадан салык төлөөнүн;
- Өзгөчө жагдайлардын алдын алуу жана жоюу фондусуна чегерүүлөрдүн;
- автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн салыктын;
- калкка акылуу кызмат көрсөткөндүгү үчүн жана чекене соода жүгүртүүдөн алынуучу салыктын ордуна;
2) жеке жактар үчүн:
- киреше салыгынын (жалданып иштегендерден алынуучу киреше салыгынан башка);
- калкка акылуу кызмат көрсөткөндүгү үчүн жана чекене соода жүгүртүүдөн алынуучу салыктын ордуна бирдиктүү салык төлөө укугу каралат.
4. Чакан ишкердиктин субьектилери Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык:
- төлөө булагынан алынуучу салыктарды (жалданып иштегендерден алынуучу киреше салыгын, жеке жана юридикалык жактардын процентинен алынуучу салыкты, Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон резидент эместердин кирешелеринен алынуучу салыкты);
- жер салыгын;
- калкка акылуу кызмат көрсөткөндүгү үчүн жана чекене соода жүгүртүүдөн алынуучу салыктан башка жергиликтүү салыктарды;
- КНС боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген каттоонун баскычынан (300 миң сом) ашып кеткенде кошумча нарк салыгын эсептөөгө жана бюджетке которуп турууга милдеттүү.
5. Чакан ишкерликтин субьектиси салык салуунун системасын өз алдынча тандап алууга укуктуу. Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү укугу өткөн жыл үчүн дүңүнөн түшкөн каражаттын фактылай көлөмүнө негизденип, ал эми чакан ишкердиктин жаңыдан катталган субьектилери үчүн дүңүнөн түшкөн каражаттардын болжолдуу көлөмүнө негизденип аныкталат.
6. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандап алган чакан ишкерликтин субьектиси экономикалык иш жүргүзгөн жердеги салык органында катоодон өтүүгө, же болбосо кайра катталууга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, белгиленген үлгүдөгү бирдиктүү салык төлөөчү катарында катталгандыгы тууралу күбөлүк алууга тийиш.
7. "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык чакан ишкердиктин субьектилери үчүн контролдук-кассалык машиналарды колдонуу милдеттүү болуп саналат. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мүмкүн болбогон учурда чакан ишкердиктин субьектилери дүмүрчөк, эсептик-фактура жана башкалар катталган жердеги мамлекеттик салык инспекциясында катталган катуу отчеттуулуктагы бланктарды колдонууга милдеттүү.
Мисал: Салык төлөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн субьект калк менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мүмкүн болбогон транспорттук кызматтарды көрсөтөт дейли. Бул учурда аталган субьект номер коюлган билеттерге заказ берүүгө же сатып алууга жана аларды өзү катталган жердеги салык органына катуу отчеттуулуктагы бланктар катары катталуга милдетүү. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда бул субьект жол жүрүү акысы төлөнгөндө аларды кардарга берүүгө милдетүү. Кардарларга билет (салык органында катталган) берилбеген учурда, субьект Администрациялык укук бузуулар жөнүндө Мыйзамга ылайык, чек бербей койгон катары жоопкерчилик тартат.
8. Эгерде дүңүнөн түшкөн каражат жыл ичинде 3 000 000 сомдон ашса, чакан ишкердиктин субьектиси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык салыктарды (кошумча нарк салыгынан башка) кийинки жылдан тартып төлөөгө милдеттүү.
Мисал: Соода чөйрөсүндө иштеген, 2002-жылдын 9 айынын ичинде дүңүнөн түшкөн каражаты 31 50000 сом болгон "А" деген юридикалык жак ушул жылдын ичинде бирдиктүү ставка боюнча салыктарды төлөй берет. 2003-жылдын 1-январынан тартып ал өзү катталган жердеги салык органына кайрылып, өзүнүн бирдиктүү салык төлөөчү катары катталышын жокко чыгарууга Кыргыз Республикасынын жана Салык кодексинин жана салыктар боюнча башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө милдеттүү.
II. Салык салуу обьектиси
9. Чакан ишкерликтин субьектилери үчүн дүңүнөн түшкөн каражат, башкача айтканда салык төлөөчү тарабынан кошумча нарк салыгынан, мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешеден башка, товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан алынган акчалай жана натуралай түрдө алынган каражаттардын суммасы салык салуу обьектиси болуп саналат.
10. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-статьясына ылайык салык төлөөчү салык төлөө максатында дүңүнөн түшкөн каражаттарды төмөндөгү үч ыкманын бири боюнча:
- эсептик-фактуралардын негизинде;
- төлөмдөрдүн негизинде;
- комбинацияланган негизде аныктайт.
11. Дүңүнөн түшкөн каражатты аныктоонун кабыл алынган ыкмасы салыктык жылдын ичинде өэгөртүлбөөгө тийиш, бухгалтердик эсептин ыкмасы өзгөргөн учурда салык төлөөчү бул тууралу жаңы салыктык жыл башталганга бир ай калганда тиешелүү салык органына билдирүүгө тийиш.
III. Бирдиктүү салык төлөөчүлөр
12. Чакан ишкердиктин:
- өзүнүн ишин патенттик негизде жүзөгө ашырууга милдеттүү же ага укугу бар субьектилерден башка;
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөчү субьектилерден башка;
- кредиттик, финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субьектилерден башка;
- инвестициялык фонддордон башка;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынан башка;
- акциз сачынуучу товарларды өндүргөн жана импорттогон субьектилерден башка субьектилер бирдиктүү салык төлөөчүлөр болуп саналат.
IV. Бирдиктүү салыктын ставкалары
13. Чакан ишкерликтин субьектилери бирдиктүү салыкты төмөндөгүдөй өлчөмдөрдөгү ставкалар боюнча төлөшөт:
1) өндүрүштүк чөйрөдө же коомдук тамак-аш чөйрөсүндө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө иштеген субьектилер - 5 процент;
2) соода чөйрөсүндө жана транспорттук кызмат көрсөтүүдө иштеген субьектилер - 6 процент;
3) жогоруда аталбаган башка кызматтарды көрсөткөн жана башка чөйрөлөрдө иштеген субьектилер - 10 процент.
14. Иштин бир нече түрүн аткарган субьектилер иштин ушул түрлөрү үчүн белгиленген тиешелүү ставкалар боюнча алардын ар бирине өзүнчө салык төлөшөт.
Мисал: "А" фирмасы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө иштейт жана транспорттук кызматтарды көрсөтөт дейли. Ал иштин ушул түрлөрү боюнча дүңүнөн алынган кирешенин тиешелүү ставкалары боюнча 5 жана 6 процент салык төлөйт.
V. Бирдиктүү салыкты эсептөөнүн тартиби жана төлөө мөөнөттөрү
15. Бирдиктүү салык төлөөчүлөр ушул Нускаманын 13-пунктунда белгиленген дүңүнөн түшкөн каражатка жана ставкаларга негизденип, салыкты өз алдынча эсептешет.
16. Чакан ишкердиктин субьектилери бюджетке бирдиктүү салыкты отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөшөт.
17. Чакан ишкердиктин субьектилери салык органдарына квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин бирдиктүү салык боюнча отчетту берип турат.
18. Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын суммасы тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө жыл сайын кабыл алынуучу мыйзамында белгиленген өлчөмдө бюджетке чегерилет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы N 396 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Бирдиктүү салыкты администрациялоо
19. Бирдиктүү салыкты администрациялоо "Чакан ишкердиктин субьектилерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөге ашырууда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
20. Бирдиктүү салык төлөөчүлөрдү салык органдарында эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.