Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гемотология борборунун уставы
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору (мындан ары - Борбор) жогорку технологиялуу жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен онкология, радиология жана гематология жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
3. Борбордун уюштуруучусу болуп мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, саламаттык сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга тийиш.
6. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска ээ болгон, финансылык-кредиттик мекемелерде эсептешүү жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар юридикалык жак болуп эсептелет.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
8. Борбор өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырган мүлктү ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.

9. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары жана милдеттери бар.
10. Дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөө, билим берүү ишин жүргүзүүдө Борбор Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик жана жеке менчик түзүмдөр, илимий жана коммерциялык эмес уюмдар менен түздөн-түз иштешет, ошондой эле башка эл аралык жана жеке менчик уюмдары менен өз ара аракеттенет.
11. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гемотология борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр онкологии и гемотологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "КР ССМ УОГБ";
- расмий тилде - "НЦОГ МЗ КР".
12. Борбордун юридикалык дареги: 720064, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 92.
2. Борбордун максаттары жана милдеттери
13. Борбордун ишинин максаты калкка сапаттуу дарылоо-профлактикалык жардамды көрсөтүү, ошондой эле ушул Уставга ылайык Борбордун багыты боюнча илим-изилдөө жана билим берүү ишин жүргүзүү болуп саналат.
14. Борбор төмөнкү милдеттерди аткарат:
- калкка онкология, радиология жана гематология жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу жардамды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын калкынын арасында онкологиялык, гематологиялык жана залалдуу шишикке чейинки оорулардан майып болуу жана өлүмгө учуроолорду, ооруларга чалдыгууларды азайтууга багытталган далилдүү медицинанын принциптерин пайдалануу менен саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана ага мониторинг жүргүзүү;
- онкологиялык, гематологиялык жана залалдуу шишикке чейинки оорулардын биринчи жана экинчи профилактикасынын натыйжалуу системасын түзүүдө илимий-практикалык жардамды жана сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү;
- онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки оорулуулардын алдын алуунун, аныктоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы, жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык, анын ичинде дары-дармексиз методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- онкология, гематология жана ядролук медицина боюнча кадрларды, анын ичинде дипломдон кийинки, чет өлкөдөгүнү кошуп, даярдоо жана кайра даярдоону уюштуруу жана жүргүзүү;
- онкология, гематология жана ядролук медицина боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялоо.
3. Борбордун функциялары
15. Борбор жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын калкынын онкологиялык, гематологиялык жана шишикке чейинки ооруларга кабылышын, майып болуусун жана өлүмгө учуроосун азайтууга багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларын ишке ашырат жана мониторинг жүргүзөт;
- республикадагы онкологиялык, радиологиялык, гематологиялык илимий изилдөөлөрдү, ракка каршы кызматтын ишин координациялайт;
- республикадагы ракка каршы уюмдардын жана гематологиялык кызматтын ишин координациялайт;
- залалдуу шишикке чейинки, шишик жана гематологиялык оорулардын диагностикасын өз убагында жүргүзөт, калкка жогорку квалификациялык жана жогорку натыйжалуу адистештирилген жардамды көрсөтөт;
- онкологиялык жана гематологиялык бейтаптарга паллиативдүү жардам көрсөтүүнүн программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- онкология, радиология жана гематология жаатындагы программаларга жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына баа берүү боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
- Борбордун багыты боюнча жогорку квалификациядагы илимий-практикалык кадрларды даярдайт;
- изилдөөлөрдүн жана практикалык иштердин багыттары боюнча маалыматтардын (киндик каны, репродуктивдик иштер үчүн биологиялык материалдар) банктарын түзөт;
- калктын саламаттыгын сактоонун мамлекеттик программаларына ылайык келишимдик негизде заказдарды аткарат;
- өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдайт жана өнүктүрөт;
- Борбордун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарат.
4. Борбордун укуктары жана милдеттери
16. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Уставга ылайык ишти жүргүзүүгө;
- саламаттык сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына катышууга;
- медициналык-санитардык жардамга кайрылган жарандардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашырган башка адамдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
- жарандын макулдугу менен аны дарылаган жана текшерген башка адамдардан маалыматтарды сурап алууга;
- убактылуу эмгекке жараксыздык баракчаларын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, оору баянынан, медициналык картасынан көчүрмөнү, маалымкатты, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- башка саламаттык сактоо уюмдары менен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- адамга айлана-чөйрөнүн терс таасири тууралуу маалыматты алууга;
- Борбордун тематикасына байланыштуу айрым милдеттерди аткаруу же иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен) уюштурууга;
- консолидацияланган бюджетти түзүүдө жана аткарууга катышууга;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо тармагындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын жана сарпталуучу материалдарды, медициналык жабдууларды сатып алууга;
- республикалык бюджеттин каражаттарына борборлоштуруп сатып алынган, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам түрүндө келген дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды Борбордун багыты боюнча бейтаптарды дарылоо үчүн алууга;
- өзүнүн дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөөчүлүк, билим берүү жана инновациялык багыттарын аныктоого;
- эл аралык илимий байланыштарды, маалымат алмашууну, кесиптик кызматташууну, өлкөлөр жана региондор ортосунда адистерди алмашууну өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте кесиптик, анын ичинде эл аралык медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилген акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфраструктураны кармоого, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлеринин социалдык коргоосуна жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн пайдаланууга;
- иштерди аткаруу, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик, жеке менчик жана башка уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланышты өнүктүрүүгө;
- Борбордун филиалдарын, илим изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды Саламаттык сактоо министрлигине берүүгө;
- Борбордун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- онкология, гематология, ядролук медицина жана башка чектеш адистиктер боюнча окутууну, анын ичинде дипломдон кийинки окутууну да өткөрүүгө;
- Борбордун багытына ылайык адистиктер боюнча медициналык кызматкерлердин (врачтардын, медициналык айымдардын) аттестациялоосуна катышууга;
- тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды маанилүү илимий изилдөө иштерди аткаруу үчүн тартууга;
- эл аралык жана республикалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
17. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Борбордун багыты жана деңгээли боюнча зарыл көлөмдөгү жеткиликтүү, өз убагында берилүүчү, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардамды калкка көрсөтүүгө;
- экстремалдуу шарттагы ишке даяр болууга (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана кооптуу шарттагы иш);
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- саламаттык сактоонун чектеш кызматтары менен аракеттенүүнү жана уланмалуулукту камсыз кылууга;
- сергек жашоо үлгүсүн пропагандалоо жана калкты санитардык-гигиеналык тарбия ишин жүргүзүүгө;
- студенттерди практикалык окутуу, келишимдик негизде кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
- мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчёт берүүгө жана бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун регламентин аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчётту жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу үчүн эсептешүү боюнча Бирдиктүү төлөөчүнүн банк-агентиндеги бирдиктүү учурдагы эсепти колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмаларына ылайык билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- бекитилген отчеттук формалардын бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу багыты боюнча колдонууга;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин уюштурууну, координациялоону жана контролдоону камсыздоого;
- жогору турган органдардын саламаттык сактоо системасын жана илимди башкаруу боюнча чечимдерин аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды ишке ашырууга.
5. Борбордун түзүмү
18. Борбордун түзүмүн Окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча директор бекитет.
6. Борбордун ишин башкаруу
19. Борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүндө турат.
20. Борбордун медициналык ишин жөнгө салууну, координациялоону, ошондой эле контролдоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырат.
21. Борбордун ишин директор жетектейт.
22. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.

23. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Борбордун директору:
- өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башчылык принциптеринде Борборду башкарат жана Борбордун максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылышынын сапаты, финансылык тартиптин сакталышы, эсепке алуунун жана отчеттордун ырастыгы, Борбордун ыкчам башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын, Борбордун кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке алат жана иштен бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин сыйлайт жана тартипке чакыруу чараларын колдонот;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде эсептешүү жана улуттук, чет өлкөлүк валютадагы башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
26. Директордун илимий иштер боюнча орун басарлары Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен, клиникалык иш боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугу менен дайындалат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
27. Борбордун кызматтык адамдары мыйзамдарды жана ушул Уставды бузганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Борбордун окумуштуулар кеңеши
28. Борбордун окумуштуулар кеңеши сунуштоочу коомдук-кесиптик орган болуп эсептелет.
Борбордун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү Борбордун багыты боюнча жогорку билими бар илимий кызматкерлердин, адистердин, ошондой эле административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, Борбордун директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин курамына Борбордо иштебеген алдыңкы илимпоздор жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
29. Эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экиси катышса, окумуштуулар кеңеши чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынган болуп эсептелет.
30. Борбордун директору Окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
8. Борборду каржылоо жана материалдык жактан камсыз кылуу булактары
31. Борборду каржылоо булактары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан;
- кошумча төлөмдөн алынган каражаттардан;
- атайын каражаттардан;
- эл аралык уюмдардын гранттарынан;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнөн жана салымдарынан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
32. Борбордун илим-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкүдөй жолдор аркылуу жүргүзүлөт:
- Борбор тарабынан жүргүзүлүп жаткан фундаменталдуу изилдөөлөрдү колдоо каражаттары катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди максаттуу каржылоо;
- гранттар системасы боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштелмелерди контракттык каржылоо.
33. Гранттар боюнча алынган финансы каражаттарын илимий-изилдөө иштерин аткарууга тескөөнү илимий-изилдөө долбоорунун жетекчиси жүзөгө ашырат.
34. Мамлекеттер жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоону үлүштүк катышуу тартибинде келишимдик негизде кызыкдар тараптардын ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
35. Борбордун ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Борбордун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
36. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюу жолу менен токтотулушу мүмкүн.
Борборду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

37. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ