Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-январы № 1
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүн белгилөө жөнүндө
Өлкөнүн өнүгүү процессине мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын салымын белгилеп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрындагы № 57/277 "Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүү" жөнүңдө резолюциясын көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 23-июнь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |