Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-декабры № 655
2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
«Чакан ишканалар» номинациясы боюнча:
- «Эмилия» жоопкерчилиги чектелген коомуна (Талас облусу);
«Орто ишканалар» номинациясы боюнча:
- «Bear Beer» жабык акционердик коомуна (Чүй облусу);
«Ири ишканалар» номинациясы боюнча:
«Бишкек Сүт» ачык акционердик коомуна (Бишкек шаары).
2. 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сапат боюнча диплому менен төмөнкүлөр сыйлансын:
«Чакан ишканалар» номинациясы боюнча:
Жеке ишкер Омурканов Б.И., «Эко Дан» ун салдыруу комбинаты (Ысык-Көл облусу);
«Алма компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому (Ысык-Көл облусу);
«Орто ишканалар» номинациясы боюнча:
- «Ак-Бата» жоопкерчилиги чектелген коому (Чүй облусу);
«Ири ишканалар» номинациясы боюнча:
«Куликов Кондитер Үйү» жоопкерчилиги чектелген коому (Бишкек шаары).
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |