Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-августу № 467
«Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун реформалоого контракт» (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылыкмакулдашууну ратификациялоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳмѳнкүлѳр жактырылсын:
- «Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун реформалоого контракт» (DCI-ASIE/2015/03 7-809) программасы боюнча финансылык макулдашууну ратификациялоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун реформалоого контракт» (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасын Жогорку .Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасын Жогорку .Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ѳкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1- берене
Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун реформалоого контракт» (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашуу ратификациялансын.
2- берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Финансылык макулдашуунун күчүнѳ кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жѳнүндѳ Европа Бирлигине кабарласын.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын « 30 » августундагы № 467 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун реформалоого контракт» (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясьнын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана мыйэамдарда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарьна ылайык Финансылык макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитета, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитета, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитета менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 18-апрелиндеги № 167-6 буйругу менен жактырылган.
Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Финансылык макулдашууга 2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган.
Жогоруда аталган программанын максаты болуп билим берүү секторундагы түзүмдүк реформаларды жүзѳгѳ ашырууда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн колдоо кѳрсѳтүүсү саналат.
Бул программанын алкагында Европа Бирлиги тарабынан 2016-2018-жылдарга 36,0 млн евро өлчѳмүндѳ гранттык жардам каралган, анын ичинде ар бир тиешелүү жьлга уч транш менен берилүүчү 30 млн евро ѳлкѳнүн республикалык бюджетин колдоого жана 6,0 млн евро бул программаны ишке ашыруу үчүн техникалык жардамга жумшалат.
Европа Бирлигинин «Билим берүү секторун реформалоого контракт» программасы билим берүү секторундагы ачык-айкындуулукту, мамлекеттик башкаруунун борбордук жана жергиликтүү деңгээлдеринде, анын ичинде учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкармалыгынын алдында турган мектеп-интернаттарда жана ѳзгѳчѳ муктаждыктагы балдарды багуу боюнча мекемелерде отчеттуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган.
Аталган каражаттар ѳлкѳнүн бюджетине колдоо кѳрсѳтүү үчүн гранттык жардам түрүндѳ каралгандыгын эске алганда, Финансылык макулдашууну ишке ашыруу финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.