Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 8-февралы № 79

Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, илимий-инновациялык ишти өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясы бекитилген учурдан тартып алты айлык мөөнөттө аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков