Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 80
2016-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө мамлекеттик тилде тиркелген макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө венгер тарапка кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |