Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адамдардын реестрине юридикалык жактарды киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 196-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
- 17-пунктунун экинчи абзацында:
"бажы аймагына" деген сөздөр "аймагына" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
61-пунктунун үчүнчү абзацы:
"банк кепилдигине ылайык башка кредиттик компания тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "же банк кепилдигине же камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруу уюму тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 85-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмени аткаруунун камсыздандыруу келишими (мындан ары - камсыздандыруу келишими);";
- төмөнкүдөй мазмундагы 85-1-пункт менен толукталсын:
"85-1. Ушул Нускаманын 85-пунктунун бешинчи абзацында каралган бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмасы бажы өкүлдөрү, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери жана бажы ташуучулары катары иш жүргүзгөн жактарды реестрге киргизүүдө гана колдонулат";
- 86-пунктунун бешинчи абзацында:
"төлөө" деген сөз "төлөөнү" деген сөз менен алмаштырылсын;
"же кепилдик менен" деген сөздөр ", кепилдик же камсыздандыруу келишими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 105, 107, 108 жана 109-пункттар "күрөө" деген сөздөн кийин ", камсыздандыруу" деген сөз менен толукталсын;
- VII бөлүмдүн 2-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы органдарынын банк кепилдиги жана камсыздандыруу келишимдери менен иштөө тартиби";
111-пунктунда "(мындан ары - кепилдик)" деген сөздөр "жана камсыздандыруу келишими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
112, 114-122-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Кепилдик" жана "кепилдик" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "Банк кепилдиги" жана "банк кепилдиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 123-1-пункт менен толукталсын:
"123-1. Бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары камсыздандыруу уюму тарабынан берилген камсыздандыруу келишимин бажы өкүлдөрү, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери жана бажы ташуучулары катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды реестрге киргизүүдө гана кабыл алат.
Камсыздандыруу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) бажы өкүлдөрүнүн, убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин, бажы кампаларынын ээлеринин, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин жана бажы ташуучуларынын реестрине киргизилген юридикалык жактардын милдеттенмелери;
2) милдеттенмелери боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасын камсыздандыруу уюмунун төлөө мөөнөттөрү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө пайыздарды, туумдарды жана айыптарды камсыздандыруучунун бажы органына төлөө милдеттенмеси;
4) камсыздандыруу келишиминин жарактуулук мөөнөтү.
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары камсыздандыруу келишимин кабыл алуу жөнүндө чечим бажы органы тарабынан кабыл алынат, ал ушул Нускаманын 16-тиркемесинде белгиленген форма боюнча бажылык тил кат менен таризделет.
Камсыздандыруу келишимин кабыл алууда кабыл алуу же болбосо баш тартуу жөнүндө чечим аны бажы органына берген күндөн тартып эки жумуш күнүнүн ичинде кабыл алынат.
Милдеттенменин бүткүл жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде камсыздандыруу үзгүлтүксүз камсыз кылынууга тийиш. Бажы органы камсыздандырылуучунун милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылышына контролдоо жүргүзөт. Бажы органы камсыздандырылуучуга жана камсыздандыруучуга камсыздандыруу келишиминин жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин беш жумуш күн мурда бажы төлөмдөрүн төлөө керектиги жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдайт";
жогоруда аталган Нускаманын 15-тиркемесинде:
- бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "банктык жана камсыздандыруу кепилдиги'' деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "банк кепилдиги жана камсыздандыруу келишими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "камсыздандыруу кепилдиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "камсыздандыруу келишими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунун үчүнчү абзацы "банк кепилдиктеринде" деген сөздөрдөн кийин "жана камсыздандыруу келишиминде" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган Нускаманын 16-тиркемесинде:
- 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Банк кепилдигин жана камсыздандыруу келишимин эсепке алуу тартиби";
- 29-пунктундагы "банктык жана (же) камсыздандыруу кепилдиги" деген сөздөр "банк кепилдиги жана (же) камсыздандыруу келишими" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- камсыздандыруу уюмдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө бажы өкүлдөрүнүн, убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин, бажы кампаларынын ээлеринин, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин жана бажы ташуучуларынын реестрине киргизилген юридикалык жактардын милдеттенмелери боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасын камсыздандыруу уюмунун төлөп берүү мөөнөтүн аныктасын жана камсыздандыруу шарттарын жана камсыздандыруучулардын камсыздандыруу тарифтерин макулдашсын;
- өздөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом 2017-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |