Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 76
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтөт;
- юридикалык жактарды жана юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), жалпыга маалымдоо каражаттарын жана саясий партияларын мамлекеттик каттайт, кайра каттайт жана ишин токтотууну каттайт;
- юридикалык жактардын жана юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн), жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- нотариаттык иштерди жүргүзөт;
- мамлекеттик жана жеке нотариустардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ведомстволук нотариалдык архивди жүргүзөт;
- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;
- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- сот жана укук коргоо органдарынын документтеринен тышкары, Кыргыз Республикасынан чыккан документтерге аппостиль коёт;
- кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынан маалымат берет;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарынын алкагында сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргойт;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызмат адамдарынын жана чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын аты-жөнү, колу жана бекитип берилген мөөрлөрү боюнча маалыматтар банкын түзөт;".
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 76
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35, 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомдорунун токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)