Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 320 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына (мындан ары - административдик кызмат орундары) өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Административдик кызмат орунга дайындоонун шарттары жана тартиби
2. Бош административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек.
3. Бош административдик кызмат ордун ээлөөгө төмөнкүдөй адам талапкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун айыптоо өкүмү менен ага кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты талапкер тарабынан берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү, анын ичинде соттуулугунун жоктугуна, жазык жоопкерчилигине тартылгандыгына, терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган адамдардын реестринде болушуна атайын текшерүү уюштурууга укуктуу.
5. Талапкерде бош административдик кызмат ордун ээлөөгө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык билимдердин жана көндүмдөрдүн бар экендигин аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр аңгемелешүү өткөрүшү мүмкүн.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө бош административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкердин инсандык жана кесиптик сапаттары жана анын болочок иши, күтүүлөрү, жүйөсү жөнүндө пикирлери аныкталат.
6. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин административдик кызмат орундарына дайындоо жөнүндө чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
3. Дайындоо үчүн административдик кызмат орундарынын номенклатурасы
7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте төмөнкү административдик кызмат орундарына дайындайт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларын (анын ичинде биринчини) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин сунушу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчилерин жана жардамчыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин кеңешчилерин жана жардамчыларын Кыргыз Республикасынын тийиштүү вице-премьер-министрлери менен макулдашуу боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин (бөлүм башчылары, бөлүм башчыларынын орун басарлары, сектор башчылары) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин сунушу менен жана Кыргыз Республикасынын тейлөөчү вице-премьер-министри менен макулдашуу боюнча;
4) тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин сунушу боюнча.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте төмөнкү административдик кызмат орундарына дайындайт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлорун, эксперттерин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн башчысынын сунушу менен;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн референттерин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн башчысынын сунушу менен;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жардамчыларын, кеңешчилерин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын ротациялоо
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын (мындан ары - кызматчылар) ротациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин катынын негизинде жүргүзүлөт.
10. Кызматчыларды ротациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
11. Кызматчыларды ротациялоонун планын жана схемасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү даярдайт.