Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 96 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу бутагындагы мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу бутагындагы мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына (мындан ары - административдик кызмат орундары) өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү маселелерин жөнгө салат.
2. Административдик кызмат орунга дайындоонун шарттары жана тартиби
2. Бош административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек.
3. Бош административдик кызмат ордун ээлөөгө төмөнкүдөй адам талапкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун айыптоо өкүмү менен ага кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты талапкер тарабынан берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү, анын ичинде соттуулугунун жоктугуна, жазык жоопкерчилигине тартылгандыгына, терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган адамдардын реестринде болушуна атайын текшерүү уюштурууга укуктуу.
5. Талапкерде бош административдик кызмат ордун ээлөөгө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык билимдердин жана көндүмдөрдүн бар экендигин аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аңгемелешүү өткөрүшү мүмкүн.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө бош административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкердин инсандык жана кесиптик сапаттары жана анын болочок иши, күтүүлөрү, жүйөсү жөнүндө пикирлери аныкталат.
6. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин административдик кызмат орундарына дайындоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
3. Дайындоо үчүн административдик кызмат орундарынын номенклатурасы
7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте төмөнкү административдик кызмат орундарына дайындайт:
1) Кыргыз Республикасынын министринин, мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарын - Кыргыз Республикасынын министринин, мамлекеттик комитетинин төрагасынын сунушу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басарын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу тиешелүү административдик ведомствонун жетекчисинин сунушу боюнча;
3) мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисин - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча;
5) Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басарын - райондун акиминин орун басарын - жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын - райондун акиминин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашуу боюнча.
8. Сунуштарды кароонун мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан аныкталат.
9. Тиешелүү административдик кызмат орундарына дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу түрүндө таризделет.
4. Административдик кызмат орундарына квалификациялык талаптар
10. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарга ылайык ушул Эрежелердин 7-пунктунда көрсөтүлгөн административдик кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы;
- билими:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тийиштүү тармактагы мыйзамдарды;
менеджменттин негиздерин;
адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
чет тилин (билгени абзел);
- билгичтиги:
ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
тескеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
кыйын кырдаалдарда чечимдерди кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызматкерлердин алдына так түзүлгөн милдеттерди коюу жана алардын ишине калыс баа берүү;
жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандардын ортолорунда баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу:
- көндүмдөрү:
башкаруучулук менеджмент;
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
башкаруучулук иш (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, жүйөлөштүрүү жана контролдоо);
эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун, талдоонун жана божомолдоонун сапаты учун жоопкерчилик тартуу;
иштиктүү баарлашуунун, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
11. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мамлекеттик органдардын адистешүүсүнө жараша кошумча квалификациялык талаптар белгилениши мүмкүн.
5. Ротациялоо
12. Ушул эрежелер колдонулган мамлекеттик жарандык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) ротациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин катынын негизинде жүргүзүлөт.
13. Кызматчыларды ротациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
14. Кызматчыларды ротациялоонун планын жана схемасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты даярдайт.