Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, 2002-жылдын 20-марты № 43
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ ЖӨНҮНДӨ
I Глава. Жалпы жоболор II Глава. Геодезиялык жана картографиялык ишти жөнгө салуу жана жүргүзүү III Глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам геодезия жана картография жаатындагы иштин укуктук негиздерин аныктайт жана мамлекеттин, жарандар менен юридикалык жактардын картографиялык продукцияга болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн, ошондой эле геодезия жана картография жаатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын кызматташуусу жана өз-ара аракеттенүүлөрү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
I Глава. Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: геодезия - жердин түзүлүшүн, көлөмдөрүн, гравитациялык талаасын, жер бетинин чекиттеринин координаттарын жана алардын мезгилге карата өзгөрүүлөрүн аныктоо боюнча илимий, техникалык жана өндүрүштүк иш процессинде пайда болуучу мамилелердин тармагы; картография - негизги бөлүгү картографиялык сүрөттөр болгон картографиялык чыгармаларды изилдөө, пайдалануу боюнча илимий, техникалык жана өндүрүштүк иш процессинде пайда болуучу мамилелердин жааты; геодезия жана картография жаатындагы иш (топографиялык-геодезиялык, картографиялык, аэрофотосүрөткө түшүрүү иштери жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөр) - геодезия жана картография жаатындагы илимий, техникалык, өндүрүштүк жана башкаруу иши; геодезиялык жана картографиялык иштер - геодезиялык жана картографиялык продукцияны, материалдар менен маалыматтарды түзүү процесси; картографиялык-геодезиялык фонд - геодезиялык жана картографиялык иш жүргүзүүнүн натыйжасында түзүлгөн жана аларды кийин пайдалануу үчүн узак убакытка сакталууга тийиш болгон материалдар менен маалыматтардын топтому; картографиялык продукция - бардык масштабдагы топографиялык карталар менен пландар, тематикалык карталар, атластар, космостук жана аэрофотосүрөттөр, фотопландар, формулярлар, кабаттамамонтаж репродукциялары ж.б.; геодезиялык продукция - геодезиялык пункттардын координатынын каталогдору, нивелирдик пункттардын бийиктигинин каталогдору, ченөө журналдары, ведомосттор жана башка теңдөө материалдары, пункттардын кроктору, пункттардын жайгашуу схемалары ж.б.; геодезиялык пункт - геодезиялык координаттар белгиленген жердеги пункт; астрономиялык-геодезиялык пункт - бул кеңдик, узактык жана азимут белгиленген геодезиялык пункт; нивелирдик пункт - чексиз бийиктик белгиленген жердеги пункт; гравиметрикалык пункт - оордук күчү белгиленген жердеги пункт.
2-статья. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук жөнгө салуу
Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелер ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Геодезиялык жана картографиялык иш процессинде пайда болгон мүлктүк жана алар менен байланыштуу мүлктүк эмес жеке мамилелер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумдарынын курамдык бөлүгү болот. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде аны колдонуу үчүн мамлекет ичиндеги акт кабыл алынуусу керектиги белгиленген учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын келишимдери геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы мамилелерде тикеден-тике колдонулат. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде, ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
3-статья. Геодезиялык жана картографиялык иш
Геодезиялык жана картографиялык иш жасалган жумуштардын максатына жараша төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт: жалпы мамлекеттик, тармактар аралык мааниге ээ мамлекеттик максаттагы геодезиялык жана картографиялык иштер; административдик-аймактык түзүлүштөрдүн, айрым тармактардын, жарандар менен юридикалык жактардын муктаждыгына жараша жүргүзүүнүн зарылдыгы аныкталган атайын (тармактык) багыттагы геодезиялык жана картографиялык иштер. Мамлекеттик максаттагы геодезиялык жана картографиялык иштерге төмөндөгүлөр кирет: жердин турпатынын жана анын сырткы гравитациялык талаасынын параметрлерин аныктоо; мамлекеттик нивелирдик жана геодезиялык, анын ичинде тыгыздыгы менен тактыгы мамлекеттик топографиялык карталар менен пландарды түзүүнү камсыз кылган гравиметрикалык, фундаменталдык жана биринчи класстагы тармактарды түзүү, өнүктүрүү жана жумушчу абалында кармоо, жалпы мамлекеттик, коргонуу, илимий-изилдөө жана башка маселелерди чечүү; тактыгы жана мазмуну жалпы мамлекеттик, коргонуу, илимий-изилдөө жана башка маселелерди чечүүнү камсыз кылган графикалык, сандык, фотосүрөттүк жана башка формалардагы мамлекеттик топографиялык карталар менен пландарды түзүү жана жаңыртуу; бул карталар менен пландарды басып чыгаруу; геодезиялык жана картографиялык ишти камсыз кылуу максатында Жерди аралык зонддоону пайдалануу; геодезиялык жана космостук өлчөөлөрдүн базасында геодинамикалык изилдөөлөр; мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондуну түзүү жана жүргүзүү; мамлекеттик жана аймактык максаттагы географиялык маалымат тутумдарын түзүү жана жүргүзүү; жалпы географиялык, саясий-административдик, илимий-маалыматтык жана башка тематикалык карталар менен тармактар аралык атластарды, картографиялык окуу куралдарын долбоорлоо, түзүү жана басып чыгаруу; Кыргыз Республикасынын коргоосун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында геодезиялык, картографиялык, топографиялык жана гидрографиялык иштерди жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын чегин делимитациялоону, демаркациялоону жана текшерүүнү геодезиялык, картографиялык, топографиялык жана гидрографиялык жактан камсыз кылуу; ички көлмөлөрдүн түбүн картографиялоо, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнүн топографиялык жана атайын карталарын түзүү; геодезиялык, картографиялык, топографиялык иштерди метрологиялык камсыздоо; географиялык аталыштарды колдонууну стандартташтыруу, эсепке алуу жана тартипке келтирүү; ушул бөлүктө көрсөтүлгөндөрдү илимий-изилдөө жана конструктордук иштердин багыттары боюнча аткаруу. Геодезиялык жана картографиялык атайын (тармактык) мүнөздөгү иштерге төмөндөгүлөр кирет: ар кандай объектилерди, жер алдындагы тармактар менен курулуштарды куруу боюнча участкалардын башкы пландарын түзүү, имарат менен курулуштарды курулуш участкаларына байлоо, ошондой эле башка атайын жумуштарды аткаруу үчүн багытталган топографиялык пландарды түзүү жана жаңыртуу; атайын максаттагы географиялык маалымат тутумдарын түзүү жана жүргүзүү; графикалык, сандык жана башка формаларда тематикалык атайын максаттагы карталарды, пландарды жана атластарды түзүү; бул карталарды, пландар менен атластарды басып чыгаруу; инженердик изилдөөлөрдү, имараттар менен курулуштарды куруудагы жана пайдалануудагы, жерлерге чек коюудагы, кадастрларды, долбоорлоо-изилдөө жана башка атайын жумуштарды жүргүзүүдөгү геодезиялык, топографиялык, аэрофотосүрөткө тартуу жана башка атайын иштер; ушул бөлүктө көрсөтүлгөн багыттар боюнча илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди аткаруу.
4-статья. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелердин субъектилери жана объектилери
Кыргыз Республикасы, администрациялык-аймактык түзүлүштөр, жарандар менен юридикалык жактар геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелердин субъектилери (мындан ары - геодезиялык жана картографиялык иштин субъектилери) болот. Кыргыз Республикасынын атынан картографиялык жана геодезиялык иш жаатындагы укуктук мамилелерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары ушул органдардын статусу белгиленген актыларда аныкталган компетенциясынын чектеринде катышышат. Шаардык, айылдык коңуштардын жана башка администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн атынан геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелерде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ушул органдардын статусун белгилеген актыларда аныкталган компетенциясынын чектеринде катышышат. Жарандар менен юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, жарандагы жок адамдар менен чет өлкөлүк юридикалык жактар геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелерде ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башка ченемдик укуктук актылары койгон талаптарга ылайык катышышат. Кыргыз Республикасынын аймагы, жер шарынын материктери, Дүйнөлүк океан, анын ичинде аралдар, жана космостук мейкиндик, анын ичинде табигый асман телолору геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелердин объектилери болот.
II Глава. Геодезиялык жана картографиялык ишти жөнгө салуу жана жүргүзүү
5-статья. Геодезия жана картография иши жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын компетенциясы
Кыргыз Республикасынын карамагына төмөндөгүлөр кирет: геодезиялык жана картографиялык иш тармагында аткаруу, тескөө, уруксат берүү, көзөмөл жана башка функцияларын жүзөгө ашыруу; бирдиктүү техникалык саясат жүргүзүү, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланган геодезиялык жана картографиялык окшош иштерди болтурбоо максатында геодезиялык жана картографиялык иш субъектилеринин ишин координациялоо; мамлекеттик максаттагы геодезиялык-картографиялык иштердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандар менен юридикалык жактардын заказдары менен атайын (тармактык) максаттагы геодезиялык жана картографиялык иштердин аткарылышын камсыз кылуу; координаттардын, бийиктиктердин, гравиметрикалык өлчөмдөрдүн мамлекеттик бирдиктүү тутумун, ошондой эле мамлекеттик топографиялык карталар менен пландардын масштабдык катарын белгилөө; Караңыздар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 235 "Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын белгилөө жүнүндө" токтому Геодезиялык жана картографиялык ишти жөнгө салуу ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет. Геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын карамагына таандык жүзөгө ашырылуучу аткаруучулук, тескөөчүлүк, уруксат берүүчүлүк, көзөмөлдүк жана башка функцияларды аткарат. Геодезиялык жана картографиялык атайын (тармактык) мүнөздөгү иштерди аткарууну өз компетенцияларынын чегинде мамлекеттик башка органдар камсыз кылышат.
6-статья. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы ченемдик-техникалык документтер
Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы ченемдик-техникалык документтер геодезиялык жана картографиялык иштерди уюштуруунун тартибин, аларга коюлган техникалык талаптарды, аларды аткаруунун ченемдери менен эрежелеринин аткарылышын белгилейт жана геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле аны менен макулдашуу боюнча компетенциясынын чегинде башка аткаруу бийлик органдары тарабынан бекитилет. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы ченемдик-техникалык документтер геодезиялык жана картографиялык иштин бардык субъектилери тарабынан аткарылууга милдеттүү, геодезиялык жана картографиялык ишти мамлекеттик жөнгө салууга багытталат, мамлекеттик жана башка экспертизаларды өткөрүүгө, геодезиялык жана картографиялык ишке мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле талаш маселелерди чечүүгө негиз болот.
7-статья. Геодезиялык жана картографиялык ишти метрологиялык камсыз кылуу
Геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо, геодезиялык өлчөө каражаттарын сыноо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү, аталган каражаттарды стандартташтыруу боюнча иштерге катыштыруу, геодезиялык, картографиялык жана топографиялык продукцияларды милдеттүү түрдө сертификациялоо боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү, геодезия жана картография жаатындагы ишке контролдук жана көзөмөлдүк кылуу геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт жана Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
8-статья. Геодезиялык жана картографиялык иштерди каржылоо
Мамлекеттик муктаждыктар үчүн жүргүзүлгөн геодезиялык жана картографиялык иштер республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Мамлекеттик мүнөздөгү геодезиялык жана картографиялык иштердин мамлекеттик заказчиги болуп геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми геодезиялык жана картографиялык атайын (тармактык) багыттагы иштин заказчиги аткаруу бийлигинин тййиштүү органдары болушат. Башка муктаждыктар үчүн жүргүзүлгөн геодезиялык жана картографиялык иш геодезиялык, картографиялык жана топографиялык продукциянын заказчиги болгон жарандар менен юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланган геодезиялык, картографиялык иштердин заказчылары болгон субъекттери жана/же геодезиялык, картографиялык жана топографиялык иштин аткаруучулары мурда түзүлгөн геодезиялык, жана картографиялык материалдар менен маалыматтарды пайдаланууга милдеттүү.
9-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фонду
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын геодезиялык жана картографиялык иш жүргүзүүсүнүн натыйжасында алган жана бул органга караштуу уюмдарда сактоодо болгон геодезиялык, картографиялык, топографиялык, гидрографиялык, аэрокосмостук сүрөткө түшүрүү, графиметриялык, анын ичинде геодезиялык жана картографиялык иштердин натыйжасында алынган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ушул органдарга баш ийген уюмдарда сакталууда турган сандык формадагы, материалдар менен маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондун түзөт (мындан ары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун материалдары жана маалыматтары). Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун материалдары менен маалыматтары менчиктештирилген уюмдардын мүлкүнүн курамына киргизилбейт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун курамына республикалык жана ведомстволук картографиялык-геодезиялык фондулары кирет. Республикалык картографиялык-геодезиялык фонду ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик тармактар аралык маанидеги материалдар менен маалыматтарды өзүнө камтыйт жана геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирет. Коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын картографиялык-геодезиялык фонду анын карамагында болот. Ведомстволук картографиялык-геодезиялык фонддор ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын (тармактык) мүнөздөгү материалдар менен маалыматтарды өзүнө камтыйт жана аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын карамагында болушат. Республикалык жана ведомстволук картографиялык-геодезиялык фонддор жөнүндө Жобо жана ага кирген материалдар менен маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук архивинин фондусунун курамына белгиленген тартипте киргизилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун материалдары менен маалыматтары Кыргыз Республикасынын Улуттук архивинин фонду жана архивдер жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат. Картографиялык-геодезиялык фонддорду түзүү жана алып баруу боюнча иштерди каржылоону мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана бул фонддордон пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн эсебинен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун материалдары менен маалыматтарынын түп нускаларын өткөрүүгө (берүүгө) жана чыгарууга тыюу салынат. Пайдалануучуларга материалдардын же маалыматтардын көчүрмөлөрү гана берилет. Республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржылануучу иштерди албаганда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун материалдары менен маалыматтарын пайдалангандыгы үчүн, пайда алуу максатында иштерди жүргүзгөндүгү үчүн материалдар менен маалыматтарды түзүүгө, сактоого жана жеткирүүгө кеткен каражаттарды, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдар менен маалыматтарды тандоо боюнча, алардын көчүрмөлөрүн даярдоо боюнча кызматтарга кеткен чыгымдарды өзүнө камтыган акы алынат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун материалдары менен маалыматтарын пайдаланууда республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланган геодезиялык жана картографиялык иштерди, ошондой эле республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланган башка максаттардагы иштерди аткаруу үчүн акы көрсөтүлгөн материалдарды тандоо, алардын көчүрмөлөрүн даярдоо, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдар менен маалыматтарды (көчүрмөлөрүн) жеткирүү боюнча гана кызматка алынат. Кыргыз Республикасынын картографиялык-геодезиялык фондунун материалдарын жана маалыматтарын пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн каражаттар анын калыптануусу менен иш алып баруусуна жумшалат. Кыргыз Республикасынын картографиялык-геодезиялык фондунун материалдары менен маалыматтарын, бул материалдар менен маалыматтар карамагында болгон жергиликтүү аткаруу бийлигинин органынын уруксатысыз үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жана алардан көчүрмө алууга жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жашыруун сырын камтыган мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун материалдары менен маалыматтарына жетүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сыры жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Жарандар менен юридикалык жактар, алар түзгөн геодезиялык жана картографиялык материалдар менен маалыматтардын бир нуска көчүрмөсүн автордук укуктарын сактоо менен тийиштүү картографиялык-геодезиялык фондуларга акысыз өткөрүп берүүгө милдеттүү. Жарандар менен юридикалык жактардын геодезиялык жана картографиялык материалдар менен маалыматтарды тийиштүү картография-геодезиялык фондуларына өткөрүп берүүнү, бул материалдар менен маалыматтардын сакталышын жана мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдү, ошондой эле ведомстволук картография-геодезиялык фондулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын картографиялык-геодезиялык фондунун пайдалануучулары болгон жарандар менен юридикалык жактар төмөндөгүлөргө милдеттүү: убактылуу пайдаланууга алынган көрсөтүлгөн материалдар менен маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга жана белгиленген убакытта кайтарып берүүгө; көрсөтүлгөн материалдар менен маалыматтарда камтылган мамлекеттик жашыруун сыр маалыматтарын жарыялообого.
10-статья. Картографиялык материалдарга автордук укук
Картографиялык материалдарга, анын ичинде топографиялык, гидрографиялык жана аэрокосмостук сүрөткө түшүрүлгөн материалдарга, интеллектуалдык менчик маселелери Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
11-статья. Геодезиялык жана картографиялык продукцияга мамлекеттик менчик
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн геодезиялык жана картографиялык иштердин натыйжасында алынган геодезиялык жана картографиялык продукция, анын ичинде геодезиялык, картографиялык, топографиялык, гидрографиялык, аэрокосмостук сүрөт түшүрүлгөн жана гравиметриялык материалдар менен маалыматтар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын картография-геодезиялык фондунун материалдары менен маалыматтары мамлекеттик менчик болуп эсептелет жана аны башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
12-статья. Геодезиялык жана картографиялык ишке мамлекеттик геодезиялык көзөмөл
Геодезиялык жана картографиялык ишке мамлекеттик геодезиялык көзөмөл геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Геодезиялык жана картографиялык ишке мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдүн негизги функциялары төмөндөгүлөр: геодезиялык жана картографиялык иштин бардык субъекттери тарабынан геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы ченемдик-техникалык документтердин талаптарынын сакталышын текшерүү: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагынын туура көрсөтүлүшүн көзөмөлдөө: геодезиялык жана картографиялык иштерди каттоо; геодезиялык пункттарды эсепке алуу; областтык жана райондук түзүлүштөрдүн ортосундагы чек аралардын өзгөрүүлөрүн, ошондой эле жерлердин жана географиялык объектилердин аталыштарынын өзгөрүүлөрүн көрсөтүү менен күзөт маалымат картасын алып баруу. Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жүргүзүүдө төмөндөгүдөй укуктарга ээ: геодезиялык жана картографиялык иштерди уюштуруу жана аткаруу, ошондой эле белгиленген иштердин же болбосо аэрокосмостук сүрөт түшүрүүсүн жүргүзүүнүн натыйжасында алынган геодезиялык жана картографиялык материалдар менен маалыматтарды топтоо, эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана сатуу натыйжасында аныкталган тартип бузууларды жоюуну талап кылуу; геодезиялык жана картографиялык иш маселелери боюнча бардык керектүү документтер менен таанышуу үчүн тийиштүү аткаруу бийлигинин республикалык органдарына, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан уюмдарга белгиленген тартипте кирүүгө; республикалык аткаруу бийлик органдарынан, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан уюмдардан ушул Мыйзам аныктаган функцияларды аткаруу үчүн белгиленген тартипте керектүү маалыматтарды алууга. Геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттерине иштерди жүргүзүү пландалган жер участкаларынын геодезиялык жана картографиялык изилдениши жөнүндө тийиштүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Геодезиялык жана картографиялык ишке мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Караңыздар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геодезиялык көзөмөлү жөнүндө" токтому
13-статья. Кыргыз Республикасынын коргоосун жана кооопсуздугун камсыздоо максатындагы геодезиялык жана картографиялык иш
Кыргыз Республикасынын коргоосун жана коопсуздугун камсыздоо максатында геодезиялык жана картографиялык ишти коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүшөт. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы бул органдардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
14-статья. Жер объектилери жөнүндө маалыматтарды берүү
Географиялык, топографиялык жана башка карталар менен пландарда көрсөтүлүүгө тийиштүү, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер объектилери жөнүндө маалыматтардын ээси болгон жарандар менен юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар географиялык, топографиялык жана башка карталар менен пландарды геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча аларга бул маалыматтарды камтыган документтердин көчүрмөлөрүн берет. Ушул статьяда көрсөтүлгөн органдар менен даярдоочулар көчүрмөнүн жана айтылган документтерди жеткирүүнүн наркын төлөшөт.
15-статья. Мамлекеттик геодезиялык тармактардын пункттарын коргоо
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен салынган астрономиялык-геодезиялык, геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык пункттар, жердеги белгилер жана бул пункттардын борборлору (мындан ары - геодезиялык пункттар), анын ичинде жарык маяктарында, навигациялык белгилерде жана башка инженердик конструкцияларда жайгашкандар Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Тышкы белгилерди бузуу же геодезиялык пункттардын борборлорун кайра салуу геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Геодезиялык пункттар жайгашкан жер участкалардын ээлери, кожоюндары менен пайдалануучулары геодезиялык пункттарга зыян келтирилген же жок кылынган бардык учурлар тууралу геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого милдеттүү, ошондой эле геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүүдө геодезиялык пункттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. Геодезиялык пункттарды жайгаштыруу үчүн жер участкаларды бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Геодезиялык пункттарды коргоо жана коргоо зоналары боюнча Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
16-статья. Геодезиялык жана картографиялык иш жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
17-статья. Геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Инсанга же болбосо жарандын же юридикалык жактын мүлкүнө геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжасында аракеттен (аракетсиздиктен) келип чыккан зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте зыян келтирген жак тарабынан толук өлчөмдө төлөнүп берилүүгө тийиш.
III Глава. Корутунду жоболор
18-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2002-жылдын 29-мартында № 24 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жагы тапшырылсын.
|