Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 111
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында "Мүлк" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 643, 2020-жылдын 17-февралындагы № 82, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык мамлекеттин менчигине конфискацияланган мүлктөрдү, ошондой эле башка мамлекеттик менчикти сактоо жана андан ары пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында "Объектилерди башкаруу дирекциясы" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 жарыяланды
Премьер-министр | С.Жээнбеков |