Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объектилерди башкаруу дирекциясы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 643, 2018-жылдын 22-августундагы № 383, 2020-жылдын 17-февралындагы № 82, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 341 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объектилерди башкаруу дирекциясы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) карамагында иштейт.
4. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объектилерди башкаруу дирекциясы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Объектилерди башкаруу дирекциясы" при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики".

5. Ишкананын жайгашкан жери: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү 41.
6. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
7. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, обочолонгон мүлккө ээ жана өз ишин толук чарбалык эсептин негизинде жүргүзөт.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка көрүнөө жекелештирилген каражаттары бар.
9. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептери бар.
2. Ишкананын максаты, милдети жана функциялары
10. Ишкананын ишинин негизги максаты пайда табуу жана соттун чечимдери менен мамлекеттик менчикке өткөн конфискацияланган объекттердин, ошондой эле башка мамлекеттик мүлктүн базасында мамлекеттик бюджетти толтуруу, түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуу жана кайра иштетүү болуп саналат.
Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр:
- коммерциялык иш жүргүзүү;
- продукцияларды жана товарларды сатуу;
- тооруктарды өткөрүү, тоорукка коюлган товарлар боюнча суроо-талаптарды жана сунуштарды аныктоо;
- мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жана ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катышуу;
- функционалдык милдеттерди чечүү үчүн тикелей инвестицияларды тартуу;
- мыйзам чегинде башка ишкердикти жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ишкананын функциялары:
- соода-коммерциялык ишти уюштуруу;
- соода аянттарын ижарага берүү;
- коомдук тамактануу жана калкты тиричилик жактан тейлөө түйүндөрүн уюштуруу;
- автотоктотмолорду, сактоо камераларын, муздаткыч жабдууларды, кампа жайларын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- консалтингдик, маркетингдик, жарнамалык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
- чарбалык, өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү;
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, сактоо, сорттоо, алгачкы иштетүү жана ички рынокто ата мекендик кайра иштетүүчү металлургия ишканаларына сатуу;
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын өнөр жайлык кайра иштетүү, даяр продукцияны сатуу.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердиктин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
12. Ишкана өз милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максатына жана милдетине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Уставга ылайык иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
- көрсөтүлгөн кызматтарга белгиленген тартипте бааларды бекитүүгө;
- Ишкананын ишин аткаруу үчүн жарандарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга.
13. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана аны пайдалануудан киреше алууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн иштин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбачылык иштин натыйжалары жөнүндө ар бир квартал сайын жана ар жылдык отчетторду Фондго белгиленген мөөнөттө берүүгө.
14. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Ишкана ушул Уставда каралбаган башка укуктар менен милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
4. Ишкананы башкаруу
15. Ишкананы Фонддун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
Директор кызмат ордуна үч жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат, Уставдын жана анын Фонд менен түзгөн эмгектик келишимдин негизинде иштейт.

16. Ишканада - жалпы маселелер боюнча директордун орун басарлары жана коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басарлары эки кызмат орду каралган.
Ишкананын директорунун орун басарлары Фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ишкананын Башкы бухгалтери Фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Ишкананын директору:
- Фондго отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган милдеттердин аткарылышына жана анын ишинин жыйынтыктарына жеке жоопкерчилик тартат;
- Фонддун чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан чыгат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын директорунун орун басарынын, башкы бухгалтеринин, филиалдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет;
- филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболорду, иш режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет;
- директордун орун басарларын жана башкы бухгалтерди кошпогондо Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын аныктайт;
- мыйзамдар, базардын конъюнктурасы, эмгек шарттары ж.б. өзгөргөн учурларда ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушту Фондго киргизет;
- жылдык финансы-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансы-чарбалык иш жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте Фонддун кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
- бекитилген жылдык финансы-чарбалык пландарды жана көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылат;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди ишке ашырат.
19. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансы каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгына жана максаттуу пайдаланылышына жеке жоопкерчилик тартышат.
5. Ишкананын мүлкү, финансы жана пайданы бөлүштүрүү
20. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Ишканага ишкердикти жүргүзүү үчүн бекитип берилген.
21. Ишкананын мүлкү ага соттун чечиминин негизинде өткөн, Уюштуруучу берген, негизги жана жүгүртүүчү каражаттардан, ошондой эле чарбалык иштерден алынган кирешелерден турат.
22. Ишкана мүлктү уставдын максаттарына жана иштин предметине ылайык, экономикалык максатка ылайыктуулугун жана Уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат.
23. Финансы-чарбалык иштен же башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен Ишкана тарабынан түзүлгөн же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчикке түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
24. Жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын 50 пайыздан кем эмес таза пайдасы андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которуу менен Фонддун алыш-бериш эсебине чегерилүүгө тийиш.
6. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
25. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
26. Ишкананын иштөө процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ