Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 116
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Автотранспорт чарбасы" мамлекеттик ишканасын "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Автотранспорт чарбасы" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 230-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Автотранспорт чарбасы" мамлекеттик ишканасы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Автотранспорт чарбасы" мамлекеттик мекемесине (мындан ары - мамлекеттик мекеме) өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:
- кайра түзүлүүчү юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик мекеменин уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
- мамлекеттик мекемени юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |