Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты № 141
Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө
Аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн пенсияларын эсептөөдө эске алынуучу паектук акчаларды эсептөө тартибин жана төлөөнү жөнгө салуу максатында, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсияларды эсептөөдө бир айлык паектук акчалар эсепке алынаары белгиленсин:
- 2013-жылдын 17-сентябры - 2017-жылдын 31-марты мезгили үчүн - тиркемеге ылайык өлчөмдө;
- 2017-жылдын 1-апрелинен тартып - 1800 сом.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |