Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 151
Дем алыш күнүн которуу жөнүндө
2017-жылдагы дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 25-мартындагы жумуш эмес күнү 2017-жылдын 20-мартындагы жумуш күнүнө которулсун.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |