КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 152
Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Юридикалык кызматтардын ролун жана иш сапатын, мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор:
- укуктук ишти жүргүзүүдө ушул токтом менен бекитилген Жобону жетекчиликке алышсын;
- борбордук аппараттын, аймактык органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн юридикалык кызматтарын чыңдоону камсыздашсын, натыйжалуу жана сапаттуу иштөөгө жөндөм берүүчү шарттарды түзүшсүн, юридикалык кызматтардын ишинин сапатын жогорулатуу жана мыйзамдуулук режимин чыңдоо боюнча чаралар комплексин иштеп чыгышсын;
- юридикалык кызматтарга ишине таандык болбогон кошумча функцияларды жүктөөгө жол беришпесин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишинде Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 13-ноябрындагы № 736 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана уюмдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |