Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 160
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1 жана 112-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
Ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын тизмегинде:
- "Өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктардын номенклатурасы" графасынын 5-пункту:
төмөнкүдөй мазмундагы биринчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды жыйноо.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык салыктык контроль жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын аныкталган бузууларды жоюуну талап кылуу жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоо.
Салык кызматы органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктар боюнча салык салуу объекттерине жана салык милдеттенмелерин эсептөөгө байланышкан маалыматтарды алуу.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде аныкталган тартипте салыктык контроль жүргүзүүнүн жүрүшүндө салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алуу.
Мыйзамдарга ылайык материалдарды укук коргоо органдарына берүү, ошондой эле сотко доолор менен кайрылуу.";
экинчи абзац "акча каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |