Редакцияот 15.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-марты № 167

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу системасын реформалоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы деп өзгөртүп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жер участокторун, имараттарын, курулмаларын, башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул токтомдун 2-пунктунда аталган мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков