Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 168
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин оптималдаштыруу, дене тарбия жана спорт объекттеринин мамлекеттик финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы "жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр "иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "юридикалык жак болуп саналат" деген сөздөр "юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "спорт мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "спорт боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- коомдун кызыкчылыгында жаштардын экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу";
- 9-пункттун 1-пунктчасынын экинчи жана төртүнчү абзацындагы жана 4-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункттун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- жаштарды колдоого багытталган эл аралык келишимдерге, улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт;
- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелерин чечүүдө кызыгдар болгон министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара карым-катнашта иш жүргүзөт;";
- 10-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Агенттиктин карамагындагы мекемелерди белгиленген тартипте түзүүгө, кайра түзүүгө жана жоюуга;";
- 10-пункттун он экинчи абзацындагы "ведомстволук бөлүмдөр," деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктта:
төртүнчү жана бешинчи абзацтарындагы "жана ведомстволук бөлүмдөрдүн" деген сөздөр алып салынсын;
он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
он үчүнчү абзацындагы "ведомстволук бөлүмдөр," деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик мыйзамда белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын кайра түзүү менен байланышкан тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик мекемени каржылоо маселесин атайын жана бюджеттик каражаттардын эсебинен чечсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январдагы № 20 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 114 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы жана 2-пункту.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 168
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-январындагы № 1, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 108 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин оптималдаштыруу, дене тарбия жана спорт объекттеринин мамлекеттик финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 108 токтомуна ылайык күчүн жоготту)