Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 178
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |