Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы N 463 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүгү болот.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Агенттиктин приказдарына жана ушул Жобого таянат.
3. Департамент юридикалык жак болот, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби болот. Мамлекеттик мүлк ага операциялык башкаруу укугунда бекитип берилет.
4. Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджетинин, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржыланат.
5. Департаменттин расмий аталышы:
- кыргыз тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти";
- орус тилде: "Департамент лесоохотоустройства при Государственном агентстве охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Толстой көчөсү, 3.
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин максаты токой тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, биологиялык түрлөрдү сактоону информациялык камсыздоо жана токой жана аңчылык фонддордун абалы, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө актуалдуу информациялык базаны түзүү болуп эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери төмөнкүдөй:
- токой жана аңчылык ресурстардын абалын эсепке алуу жана баалоо;
- токой экосистемаларынын, аңчылык чарбалардын ресурстарын инвентаризациялоо, аларды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларды пландоо;
- токой экосистемаларды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды сарамжалдуу жүргүзүү, токой фондун пайдалануу, токойду натыйжалуу калыбына келтирүү, коруу жана коргоо боюнча долбоордук документтерди камсыздоо.
4. Департаменттин функциялары
9. Департамент коюлган маселелерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- биологиялык түрлөрдү сактоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
- токой жана аңчылык чарбаларды жүргүзүү, токой жана аңчылык чарбаларды коруу, сактоо, өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу тармагындагы нормативдик укуктук актылардын, мамлекеттик программалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- токой тармагына жана аңчылык секторго инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- биологиялык түрлөрдү сактоонун, жаратылыштык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде токой жана аңчылык ресурстарды коруунун жана пайдалануунун экономикалык механизмдерин иштеп чыгууга катышуу;
- токойлорго, токой жайгаштырууга улуттук инвентаризация жүргүзүү;
- токой фондунун эсебин, токой кадастрын, токойдун мониторингин жүргүзүү;
- токой фондунун жерлеринде геологиялык чалгындоо жана изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө эксперттик корутунду жасоо, ошондой эле токойду эсепке алуу иштеринин системасынын технологияларын жана нормативдик базасын өркүндөтүү боюнча илимий изилдөөчү, тажрыйбалык-өндүрүштүк, технологиялык, долбоорлоочу-изилдөөчү жумуштарды аткаруу;
- токойлорду өстүрүү, коруу, сактоо жана калыбына келтирүү, аңчылык ресурстардын, флоранын жана фаунанын башка объекттеринин саны сакталышын жана калыбына келип турушун камсыздоо боюнча токой-аңчылык жайгаштыруу пландаштырган иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо;
б) координациялоо чөйрөсүндө:
- токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун ишке ашырууга, токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорлорунда пландалган иш-чаралардын аткарылышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автордук көзөмөлдөө;
- токой экосистемаларын башкаруунун республикалык жана аймактык башкармалары, жаратылышты коргоочу органдар менен токой-аңчылык жайгаштыруу иштеринин сапатына текшерүүнү уюштуруу боюнча өз ара байланышта иштешүү;
в) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунун жерлеринен сырткарыда пландан тышкаркы токой-аңчылык жайгаштыруучу жана илимий-изилдөөчү иштерди жүргүзүү;
г) ишке колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө:
- флора, фауна, токой фонду жана токой ресурстары боюнча информациялык маалыматтар базасын түзүү жана такай жаңылап туруу;
- ведомстволук "Жер эне" гезитин чыгарууга, Агенттиктин расмий веб-сайтын иштетүүгө көмөктөшүү;
- жаратылыш жана токой, туруктуу өнүгүүнү принциптери ж.б. билимдерди үгүттөө жана жайылтуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- жаратылыштык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, биологиялык түрлөрдү сактоо, токой тармагын жана аңчылык секторду өнүктүрүү боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды өткөрүү;
- чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен биологиялык түрлөрдү сактоо, токой экосистемаларын жана аңчылык секторду өнүктүрүү чөйрөсүндө белгиленген тартипте кызматташуу;
д) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- мергенчиликтин убактыларын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алууга квоталарды жана лимиттерди белгилөөгө мыйзамда белгиленген тартипте катышуу;
- токойлорду коруу категорияларына киргизүү, токой фондунун жерлерин алуу, токой жерлерди токой эмес жерге которуу, токой фондунун жерлерин башка категорияларга трансформациялоо үчүн негиздемелерди даярдоого катышуу;
- токой фондунун жерлери жана токой ресурстары боюнча маселелерде мамлекеттик экологиялык экспертизага катышуу.
5. Департаменттин укуктары
10. Департамент өзүнө тапшырылган функцияларга ылайык төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- токойду эсепке алуу иштерин өркүндөтүү боюнча Агенттикке сунуштарды киргизүүгө;
- табигый комплекстерди абаттоо жана жашылдандыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга, ландшафттык пландоону ишке ашырууга;
- басма, полиграфия ишин жүргүзүүгө;
- илимий, окутуучу-консультациялык, информациялык жана башка иштерди жүргүзүүгө;
- Департаменттин функцияларына ылайык жумуштарды жүргүзүүгө өз атынан бүтүмдөрдү (келишимдерди, контракттарды) түзүүгө;
- мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды белгиленген тартипте алууга;
- өз алдынча жана Агенттиктин атынан доочу жана жоопкер катары сот органдарында чыгууга;
- донорлордун жана эл аралык уюмдардын (финансылык, техникалык) колдоосу менен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга;
- Департаменттин маселелерин чечүү үчүн илимий-техникалык, техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, комиссияларды уюштурууга.
11. Департаменттин кызматкерлери белгиленген маселелер жана функциялар аткарылбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
6. Департаменттин ишинин уюштурулушу
12. Департаментти Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана бошотуучу директор башкарат.
13. Директордун орун басары, бөлүм башчылар, сектор башчылар кызматка Агенттиктин директору тарабынан, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык дайындалышат жана бошотулушат.
14. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жетектейт жана координациялайт;
- Департаментке тапшырылган функциялардын жана милдеттердин толук жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- өз компетенциясынын чегинде приказдарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- орун басарынын, Департаменттин бөлүмдөрүнүн, секторлорунун жетекчилеринин жана адистеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Агенттикке Департаменттин кирешелер жана сарптоолор сметасын, штаттык расписаниесин бекитилген структуранын, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитүүгө киргизет;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке алат жана бошотот;
- Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана башка сыйлыктар менен сыйлоо үчүн Агенттикке кандидатуралардын тизмесин киргизет;
- Департаменттин жетекчилерине, адистерине жана башка кызматкерлерине тартиптик жазаларды берет;
- квалификациясын жогорулатуу максатында Департаменттин адистерин даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Департаменттин кызматкерлерин социалдык колдоого, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтөт;
- Департаменттин маселелерин чечүү үчүн жоболорду, иш-пландарды, илимий-техникалык, техникалык, эксперттик жана башка кеңештердин, комиссиялардын курамдарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
15. Департаменттин директору жокто анын функцияларын орун басары аткарат.
7. Департаменттин финансылык иши жана отчеттуулугу
16. Департаменттин бухгалтердик, статистикалык эсептери жана отчеттору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
17. Департамент Агенттикке квартал сайын өзүнүн иши жөнүндө отчет берип турат.
8. Департаменттин ишинин токтотулушу
18. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулат.
19. Департаменттин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы N 463 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) "Кыргыз токой ањчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүгү болот.
2. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Агенттиктин приказдарына жана ушул Жобого таянат.
3. Мекеме юридикалык жак болот, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби болот. Мамлекеттик мүлк ага операциялык башкаруу укугунда бекитип берилет.
4. Мекеменин уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджетинин, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржыланат.
5. Мекеменин расмий аталышы:
- кыргыз тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси";
- орус тилде: "Департамент лесоохотоустройства при Государственном агентстве охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
6. Мекеменин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Толстой көчөсү, 3.
2. Мекеменин максаты
7. Мекеменин максаты токой тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, биологиялык түрлөрдү сактоону информациялык камсыздоо жана токой жана аңчылык фонддордун абалы, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө актуалдуу информациялык базаны түзүү болуп эсептелет.
3. Мекеменин милдеттери
8. Мекеменин милдеттери төмөнкүдөй:
- токой жана аңчылык ресурстардын абалын эсепке алуу жана баалоо;
- токой экосистемаларынын, аңчылык чарбалардын ресурстарын инвентаризациялоо, аларды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларды пландоо;
- токой экосистемаларды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды сарамжалдуу жүргүзүү, токой фондун пайдалануу, токойду натыйжалуу калыбына келтирүү, коруу жана коргоо боюнча долбоордук документтерди камсыздоо.
4. Мекеменин функциялары
9. Мекеме коюлган маселелерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- биологиялык түрлөрдү сактоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
- токой жана аңчылык чарбаларды жүргүзүү, токой жана аңчылык чарбаларды коруу, сактоо, өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу тармагындагы нормативдик укуктук актылардын, мамлекеттик программалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- токой тармагына жана аңчылык секторго инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- биологиялык түрлөрдү сактоонун, жаратылыштык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде токой жана аңчылык ресурстарды коруунун жана пайдалануунун экономикалык механизмдерин иштеп чыгууга катышуу;
- токойлорго, токой жайгаштырууга улуттук инвентаризация жүргүзүү;
- (7-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- токой фондунун жерлеринде геологиялык чалгындоо жана изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө эксперттик корутунду жасоо, ошондой эле токойду эсепке алуу иштеринин системасынын технологияларын жана нормативдик базасын өркүндөтүү боюнча илимий изилдөөчү, тажрыйбалык-өндүрүштүк, технологиялык, долбоорлоочу-изилдөөчү жумуштарды аткаруу;
- токойлорду өстүрүү, коруу, сактоо жана калыбына келтирүү, аңчылык ресурстардын, флоранын жана фаунанын башка объекттеринин саны сакталышын жана калыбына келип турушун камсыздоо боюнча токой-аңчылык жайгаштыруу пландаштырган иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо;
- токой кадастры үчүн токой фондунун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо, маалыматтар базасын түзүү, архивдештирүү;
б) координациялоо чөйрөсүндө:
- токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун ишке ашырууга, токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорлорунда пландалган иш-чаралардын аткарылышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автордук көзөмөлдөө;
- токой экосистемаларын башкаруунун республикалык жана аймактык башкармалары, жаратылышты коргоочу органдар менен токой-аңчылык жайгаштыруу иштеринин сапатына текшерүүнү уюштуруу боюнча өз ара байланышта иштешүү;
в) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунун жерлеринен сырткарыда пландан тышкаркы токой-аңчылык жайгаштыруучу жана илимий-изилдөөчү иштерди жүргүзүү;
г) ишке колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө:
- флора, фауна, токой фонду жана токой ресурстары боюнча информациялык маалыматтар базасын түзүү жана такай жаңылап туруу;
- ведомстволук "Жер эне" гезитин чыгарууга, Агенттиктин расмий веб-сайтын иштетүүгө көмөктөшүү;
- жаратылыш жана токой, туруктуу өнүгүүнү принциптери ж.б. билимдерди үгүттөө жана жайылтуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- жаратылыштык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, биологиялык түрлөрдү сактоо, токой тармагын жана аңчылык секторду өнүктүрүү боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды өткөрүү;
- чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен биологиялык түрлөрдү сактоо, токой экосистемаларын жана аңчылык секторду өнүктүрүү чөйрөсүндө белгиленген тартипте кызматташуу;
д) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- мергенчиликтин убактыларын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алууга квоталарды жана лимиттерди белгилөөгө мыйзамда белгиленген тартипте катышуу;
- токойлорду коруу категорияларына киргизүү, токой фондунун жерлерин алуу, токой жерлерди токой эмес жерге которуу, токой фондунун жерлерин башка категорияларга трансформациялоо үчүн негиздемелерди даярдоого катышуу;
- токой фондунун жерлери жана токой ресурстары боюнча маселелерде мамлекеттик экологиялык экспертизага катышуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Мекеменин укуктары
10. Мекеме өзүнө тапшырылган функцияларга ылайык төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- токойду эсепке алуу иштерин өркүндөтүү боюнча Агенттикке сунуштарды киргизүүгө;
- табигый комплекстерди абаттоо жана жашылдандыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга, ландшафттык пландоону ишке ашырууга;
- басма, полиграфия ишин жүргүзүүгө;
- илимий, окутуучу-консультациялык, информациялык жана башка иштерди жүргүзүүгө;
- Мекеменин функцияларына ылайык жумуштарды жүргүзүүгө өз атынан бүтүмдөрдү (келишимдерди, контракттарды) түзүүгө;
- мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды белгиленген тартипте алууга;
- өз алдынча жана Агенттиктин атынан доочу жана жоопкер катары сот органдарында чыгууга;
- донорлордун жана эл аралык уюмдардын (финансылык, техникалык) колдоосу менен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга;
- Мекеменин маселелерин чечүү үчүн илимий-техникалык, техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, комиссияларды уюштурууга.
11. Мекеменин кызматкерлери белгиленген маселелер жана функциялар аткарылбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
6. Мекеменин ишинин уюштурулушу
12. Мекемени Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана бошотуучу директор башкарат.
13. Директордун орун басары, бөлүм башчылар, сектор башчылар кызматка Агенттиктин директору тарабынан, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык дайындалышат жана бошотулушат.
14. Мекеменин директору:
- Мекеменин ишин жетектейт жана координациялайт;
- Мекемеге тапшырылган функциялардын жана милдеттердин толук жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- өз компетенциясынын чегинде приказдарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- орун басарынын, Мекеменин бөлүмдөрүнүн, секторлорунун жетекчилеринин жана адистеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Агенттикке Мекеменин кирешелер жана сарптоолор сметасын, штаттык расписаниесин бекитилген структуранын, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитүүгө киргизет;
- Мекеменин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке алат жана бошотот;
- Мекеменин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана башка сыйлыктар менен сыйлоо үчүн Агенттикке кандидатуралардын тизмесин киргизет;
- Мекеменин жетекчилерине, адистерине жана башка кызматкерлерине тартиптик жазаларды берет;
- квалификациясын жогорулатуу максатында Мекеменин адистерин даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Мекеменин кызматкерлерин социалдык колдоого, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтөт;
- Мекеменин маселелерин чечүү үчүн жоболорду, иш-пландарды, илимий-техникалык, техникалык, эксперттик жана башка кеңештердин, комиссиялардын курамдарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
15. Мекеменин директору жокто анын функцияларын орун басары аткарат.
7. Мекеменин финансылык иши жана отчеттуулугу
16. Мекеменин бухгалтердик, статистикалык эсептери жана отчеттору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
17. Мекеме Агенттикке квартал сайын өзүнүн иши жөнүндө отчет берип турат.
8. Мекеменин ишинин токтотулушу
18. Мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулат.
19. Мекеменин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.