Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты № 187
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасы болуп өзгөртүп түзүлсүн.
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси" деген позиция "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасы" деген позиция менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |