Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 3-апрели № 196

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун типтерин жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин иштөө системасын аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков