Редакцияот 10.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 10-февралы № 88

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1- берене

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргкзилсин:

1) 1-статья теменкудвй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:

"34) пляж - мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери же болбосо өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын. же болбосо суу фондунун, же болбосо токой фондунун жерлери категориясына киргизилген, кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого жана курууга тыюу салынган жер участогу.";

2) 78-статьянын 1-пунктундагы "ж.б." деген сездер 'жанапляждар" дегек сездер менен алмаштырылсын.

2- берене

"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй езгертуу киргизилсин:

13-статьяньн б-бөлугүнүн үчүнчү абзацы "жолдор" деген сөздөн кийик ". пляждар'' деген сез менен толукталсын.

3- берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндон кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзүнүн ченемдик укухтук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президента